№125 2017-жылдын 25-майында өткөрүлгөн Баткен облусунун Лейлек районунун Бешкент айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө

2017-жылдын 25-майында өткөрүлгөн Баткен облусунун Лейлек районунун Бешкент айыл өкмөтүнүнбашчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 6-майындагы № 109 токтому менен 2017-жылдын 25-майына дайындалган Баткен облусунун Лейлек районунун Бешкент айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо болуп өттү.

Лейлек аймактык шайлоо комиссиясынан түшкөн добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорунун негизинде, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесине, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 1. Баткен облусунун Лейлек районунун Бешкент айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп табылсын.

1.1. Лейлек аймактык шайлоо комиссиясынын Бешкент айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдору бекитилсин.

1.2. Баткен облусунун Лейлек районунун Бешкент айыл өкмөтүнүн шайланган башчысы болуп  Мусаев Кубатбек Ибрагимович табылсын.

2. Лейлек аймактык шайлоо комиссиясы Бешкент айыл өкмөтүнүн шайланган  башчысына  белгиленген үлгүдөгү күбөлүк тапшырсын.

3. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4.  Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары  А.Г. Бекматовго жүктөлсүн.

ТӨРАГА                                                 Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

Бишкек ш., 2017-жылдын 2-июну

№ 125