№ 202 Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттыгына талапкерлерге бош калган депутаттык мандаттарды өткөрүп берүү жөнүндөгү айрым аймактык шайлоо комиссиялардын чечимдерин бекитүү тууралуу

«Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесине ылайык, айрым аймактык шайлоо комиссиялары бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттан кийин турган талапкерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерди кабыл алышкан.

«Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине, 7-беренесиндеги 1-бөлүктүн 2-пунктуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ: 

1. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жергиликтүү кеңештердин 1-тиркемеде көрсөтүлгөн талапкерлерин шайланган депутат деп таануу боюнча токтомдорунун бөлүктөрү, ушул токтом жарыяланган күндөн тартып, күчүн жоготту деп таанылсын.

2. Жергиликтүү кеңештердин 1-тиркемеде көрсөтүлгөн депутаттарынын каттоосу, ушул токтом жарыяланган күндөн тартып, күчүн жоготту деп таанылсын.

3. Жергиликтүү кеңештердин 1-тиркемеде көрсөтүлгөн депутаттарынын күбөлүктөрү, ушул токтом жарыяланган күндөн тартып, жараксыз деп таанылсын.

4. Аймактык шайлоо комиссиялардын “Жергиликтүү кеңештердин бош калган депутаттык мандаттарын кийинки талапкерлерге ыйгаруу жөнүндөгү” 2-тиркемеде көрсөтүлгөн чечимдери бекитилсин.

5. 2-тиркемеде көрсөтүлгөн талапкерлер жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттары деп таанылсын.

6. Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялары жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттарын каттасын жана аларга белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү жана төш белгилерди берсин. 

7. Бул токтом “Эркин Тоо” газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

8. Бул токтомдун көчүрмөсү тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларына жана жергиликтүү кеңештерине жөнөтүлсүн.

9. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси П.П. Баженовго жүктөлсүн. 

 

ТӨРАГА                                                                      Т.АБДРАИМОВ

           

Бишкек ш., 2015-жылдын 24-декабры

№ 202

 

2015-жылдын 24-декабрында жарыяланды

Кыргыз Республикасынын Шайлоо

жана референдум өткөрүү боюнча

борбордук комиссиясынын

2015-жылдын 24-декабрындагы

№ 202 токтомунун 1-тиркемеси

 

Депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган

жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын тизмеси 

Жергиликтүү кеңештердин аталыштары

Депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын Ф.А.Ж.

Ыйгарым укугунун токтотулушунун себеби

Талапкерди депутат деп таануу жөнүндө БШКнын токтомунун № жана датасы

Чүй облусу 

Кемин району

 1

Боролдой айылдык

Сураегин Павел Владимирович

Өз арызы

№157,

15.12.2012-ж.

Жалал-Абад облусу

Токтогул району

 2

Ничке-Сай айылдык

Акжолова Рыскан Анарбековна

Өз арызы

№152,

15.12.2012-ж.

Нарын облусу

Нарын району

 3

Учкун айылдык

Чүкүшов Темирлан Маликович

Өлгөндүгүнө  байланыштуу

№154,

15.12.2012-ж.

Баткен облусу

Кадамжай району

 4

Айдаркен шаардык

Козубаев Абдыразак Козубаевич (“Кыргызстан социал-демократиялык партиясы” саясий партиясы)

Айдаркен шаарынын мэри болуп шайланган

№151,

15.12.2012-ж.

Баткен району

 5

Төрт-Гул айылдык

Досматов Рустамбек Дуйшобаевич

Өлгөндүгүнө  байланыштуу

№151,

15.12.2012-ж.

Ош облусу

Алай району

 6

Кабылан-Көл айылдык

Камилов Токтосун Рашидинович

Айыл өкмөт башчысы болуп шайланган

№49, 27.05.2015-ж.

 7

Гүлчө айылдык

Абдибаитов Эрнис Абдымомунович

Өлгөндүгүнө  байланыштуу

№155,

15.12.2012-ж.

 8

Алай айылдык

Малабаев Нуркамил

Өз арызы

 9

Бекмурзаев Таалайбек Чоноевич

Өз арызы

Бишкек шаары

 10

Бишкек шаардык

Салиев Союзбек Сатыбалдиевич («Ата-Мекен» саясий социалисттик партиясы)

Өз арызы

№158,

15.12.2012-ж.

 

 

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана

референдум өткөрүү боюнча борбордук

комиссиясынын 2015-жылдын

24-декабрындагы № 202 токтомунун

2-тиркемеси

 

Жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттары деп таанылган талапкерлердин тизмеси

Жергиликтүү кеңештердин аталыштары

Жергиликтүү кеңештин кийинки шайланган депутатынын Ф.А.Ж.

Ээлеген кызматы, кызмат орду

Бош калган депутаттык мандатты ыйгаруу боюнча АШКнын чечими

Чүй облусу

Кемин району

 1

Боролдой айылдык

Алиев Мухамбет Асыкпаевич

 Убактылуу иштебейт

№3,

16.12.2015-ж.

Жалал-Абад облусу

Токтогул району

 2

Ничке-Сай айылдык

Исаев Абдисатар Эргешович

Жеке ишкер

№5,

16.12.2015-ж.

Нарын облусу

Нарын району

 3

Учкун айылдык

Апсалиева Гүлайым Ташболотовна

Убактылуу иштебейт

№22,

8.12.2015-ж.

Баткен облусу

Кадамжай району

 4

Айдаркен шаардык

Мавлянов Кадырбек Торокулович (“Кыргызстан социал-демократиялык партиясы” саясий партиясы)

“Айдаркен”  металлург заводу, жумушчу

№10,

15.12.2015-ж.

Баткен району

 5

Төрт-Гул айылдык

Жананов Иманкул Ташмахаматович

Убактылуу иштебейт

№22,

22.12.2015-ж.

Ош облусу

Алай району

 6

Кабылан-Көл айылдык

Джаманкулов Чыныбек Джолдубаевич

“Э.Мурзаев” атындагы орто мектеп, мугалим

№21, 16.12.2015-ж.

 7

Гүлчө айылдык

Исаев Сүйөрбек Курманбекович

“Ош электро” ААК, электрик

 8

Алай айылдык

Кудайбергенов Мирлан Төлөнович

Убактылуу иштебейт

 9

Калмурзаев Абжапар Базарбаевич

Алай РЭС, электрик

Бишкек шаары

 10

Бишкек шаардык

Эргешов Казыбек Кочкорович («Ата-Мекен» саясий социалисттик партиясы)

Жеке ишкер

№23,

23.12.2015-ж.