Электрондук кайрылуу
Ушул форманын жардамы менен сиз КР БШКнын жетекчилигине жана түзүмдүк бөлүктөрүнө кайрылуу жөнөтө аласыз.
Бардык саптар милдеттүү түрдө толтурулат
Бөлүмдөгү жооптор Электрондук кайрылуулар / реестрлер
Форманы толтуруу боюнча нускама
- арыз – шайлоо процессинин субъектисинин, анын өзүнүн жана башка адамдардын шайлоо укуктарын ишке ашырууга көмөк көрсөтүү тууралуу өтүнүчүн камтыган жазуу же электрондук түрдө кайрылуусу, же болбосо мыйзамдардын жана башка ченемдик укуктук актылардын бузулушу, ошондой эле шайлоо комиссияларынын, мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана (же) алардын кызмат адамдарынын ишиндеги мыйзам бузуулар (кемчиликтер) жөнүндө билдирүү; - даттануу – шайлоо процессинин субъектисинин, мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, жана (же) алардын кызмат адамдарынын чечиминин жана (же) аракеттеринин (аракетсиздигинин), ошондой эле шайлоо процессинин субъектисинин (катышуучусунун) аракетинин (аракетсиздигинин) натыйжасында анын шайлоо укуктарын же мыйзамдуу кызыкчылыктарын же болбосо башка адамдардын шайлоо укуктарын же мыйзамдуу кызыкчылыктарын калыбына келтирүү жөнүндөгү өтүнүчүн камтыган кайрылуу; - жамааттык кайрылуу – эки же андан ашуун жарандын кайрылуусу, жарандардын атынан уюмдардын кайрылуусу; - электрондук кайрылуу – Борбордук шайлоо комиссиясынын электрондук почтасынын расмий дарегине (ошондой эле Борбордук шайлоо комиссиясынын сайты аркылуу) келип түшкөн, Кыргыз Республикасынын мыйзамдары жана “Кыргыз Республикасында шайлоону жана референдумдарды өткөрүүдө шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка субъекттеринин (катышуучуларынын) арыздарын (даттанууларын) шайлоо комиссиялары карап чыгышынын тартиби жөнүндө” Жобо менен белгиленген тартипте каралуучу арыздануучунун кайрылуусу