Аймактык шайлоо комиссияларынын резервинен жана курамынан чыгаруу жөнүндө К.Ж. Чолпонкулованын, В.М. Фирстованын, Н.А. Алымбаеванын, Э.Т. Иманалиевдин, Н.О. Кожонованын, А.А. Абдуллаеванын, Б.З. Токтакуновдун, А.К. Тазабекованын, Д.Ж. Донбашовдун, Ж.Н. Сарыбаевдин, М.А. Эшназаровдун,А.А. Ташиеванын, А.М. Мамаюсуповдун арыздарынын негизинде, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 19, 22-беренелерине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 8-июлундагы № 7 токтому менен бекитилген “Шайлоо комиссияларын түзүү жана таркатуу тартиби жөнүндө” жана 2011-жылдын 18-октябрындагы № 375 токтому менен бекитилген “Шайлоо комиссияларынын резервин түзүүнүн жана жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө” жоболоруна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чүй облусунун Аламүдүн аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- комиссиянын курамынан «Улуттар биримдиги элдик партиясы» саясий партиясынан көрсөтүлгөн Чолпонкулова Кайыргуль Жумабаевна чыгарылсын;
- резервдин курамынан жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Фирстова Валентина Михайловна чыгарылсын;
- комиссиянын курамына резервден «Улуу Биримдик» улутчул-демократиялык партиясынан көрсөтүлгөн Сеитова Жылдызай Турганалиевна киргизилсин.
2. Чүй облусунун Москва аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- комиссиянын курамынан жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Алымбаева Нургуль Азанкуловна чыгарылсын;
- комиссиянын курамына резервден жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Уланов Каныбек Сеитказиевич киргизилсин.
3. Нарын облусунун Нарын аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- комиссиянын курамынан «Улуу Биримдик» улутчул-демократиялык партиясынан көрсөтүлгөн Иманалиев Эркинбек Тентимишович, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Кожонова Нуржан Оргалчаевна чыгарылсын;
- комиссиянын курамына резервден «Кыргызстан социал-демократиялык партиясы» саясий партиясынан көрсөтүлгөн Жолочиев Бакытбек Турусбекович, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Муталиева Паризат киргизилсин.
4. Ош облусунун Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- комиссиянын курамынан «Кыргызстан үй куруучулардын партиясы» Республикалык коомдук-саясий партиясынан көрсөтүлгөн Абдуллаева Айжан Абдухамидовна чыгарылсын;
- комиссиянын курамына резервден «Авангард» саясий партиясынан көрсөтүлгөн Ураимов Алмазбек Минбаевич киргизилсин.
5. Ысык-Көл облусунун Балыкчы аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- комиссиянын курамынан жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Токтакунов Бакыт Зайырбекович, Тазабекова Айгуль Кубатбековна чыгарылсын;
- комиссиянын курамына резервден жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Усенбаев Асанкул Кадыралиевич, Апсаматова Гульнура Баатырбековна киргизилсин.
6. Жалал-Абад облусунун Кара-Көл аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- комиссиянын курамынан «Республика» саясий партиясынан көрсөтүлгөн Донбашов Дуйшенбек Жоробекович чыгарылсын;
- комиссиянын курамына резервден жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Исабеков Акматкул Кочкорович киргизилсин.
7. Жалал-Абад облусунун Чаткал аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- комиссиянын курамынан «Кыргызстан үй куруучулардын партиясы» Республикалык коомдук-саясий партиясынан көрсөтүлгөн Сарыбаев Жаныбек Наркозуевич, «Замандаш-Современник» саясий партиясынан көрсөтүлгөн Эшназаров Махамадали Алыпбекович чыгарылсын;
- комиссиянын курамына резервден “Эгемен Кыргызстан” саясий партиясынан көрсөтүлгөн Кадыров Абдылдабек Наргозуевич, «Республика» саясий партиясынан көрсөтүлгөн Молдобеков Кутманбек Нурматович киргизилсин.
8. Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- комиссиянын курамынан «Кыргызстан үй куруучулардын партиясы» Республикалык коомдук-саясий партиясынан көрсөтүлгөн Ташиева Айсулуу Акимбековна, «Демократическая партия «Туран» саясий партиясынан көрсөтүлгөн Мамаюсупов Алимжан Маматкадырович чыгарылсын;
- комиссиянын курамына резервден «Улуттар биримдиги элдик партиясы» саясий партиясынан көрсөтүлгөн Шерматов Убайдилла Сатыбалдиевич, «Ата-Мекен» саясий социалисттик партиясынан көрсөтүлгөн Жусупова Зайнапхан Балтабаевна киргизилсин.
9. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
10. Бул токтомдун аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси Б.Т.Бейшенкуловго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Т. АБДРАИМОВ
Бишкек ш., 2014-жылдын 26-сентябры
№ 113