№ 252 2016-жылдын 11-декабрында болуп өткөн Нарын облусунун Нарын шаардык кеңешинин депуттарын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжалары жөнүндө протоколдорду бекитүү тууралуу

2016-жылдын 11-декабрында Кыргыз Республикасынын Президентинин 2016-жылдын 10-октябрындагы №213 Жарлыгы менен дайындалган Нарын облусунун  Нарын шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо өткөрүлдү.

“Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Респбуликасынын Мыйзамынын 10,11-беренелерине ылайык Нарын шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоосун өткөрүү үчүн 21 шайлоо участогун камтыган 1 бирдиктүү шайлоо округу түзүлгөн.

Нарын шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктарды жана шайлоонун натыйжалары тууралуу Нарын шаардык аймактык шайлоо комиссиясы берген протоколдун негизинде, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-7-беренелерине,  “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 37, 40, 56-1-беренелерине ылайык,  Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Нарын облусунун Нарын шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын 2016-жылдын 14-декабрындагы Нарын шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдору бекитилсин.

2. Бул токтомдун көчүрмөсү Нарын шаардык аймактык шайлоо комиссиясына жана Нарын шаардык кеңешине жөнөтүлсүн.

3. Нарын шаардык аймактык шайлоо комиссиясы депутат болуп шайлангандардын тизмелерин жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыяласын.

4. Бул токтом “Эркин Тоо” газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо  Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Г. Бекматовго жүктөлсүн. 

 

ТӨРАГА                                                          Н.ШАЙЛДАБЕКОВА

Бишкек ш, 2016-жылдын 24-декабры

№ 252