30.09.2019. №140 2019-жылдын 22-сентябрында өткөрүлгөн Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Саруу айылдык кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоонун натыйжалары тууралуу Жети-Өгүз аймактык шайлоо комиссиясынын 2019-жылдын 26-сентябрындагы........
2019-жылдын 22-сентябрында өткөрүлгөн Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Саруу айылдык кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоонун натыйжалары тууралуу Жети-Өгүз аймактык шайлоо комиссиясынын 2019-жылдын 26-сентябрындагы протоколун бекитүү жөнүндө
2019-жылдын 22-сентябрында Кыргыз Республикасынын Президентинин 2019-жылдын 8-августундагы №102 ПЖ Жарлыгы менен дайындалган Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Саруу айылдык кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүлдү.
Жети-Өгүз районунун Саруу айылдык кеңешинде мандаттардын саны 21ди түзөт. Саруу айылдык кеңеши боюнча мөөнөтүнөн мурда шайлоону өткөрүү үчүн көп мандаттуу 3 шайлоо округу жана 4 шайлоо участкасы түзүлгөн. Саруу айылдык кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо 21 мандатка 79 талапкер катталган. Шайлоочулардын саны 5193тү түзүп, анын ичинен 1797 шайлоочу добуш берүүгө катышкан, бул шайлоочулардын жалпы санынын 34.6 % түзөт.
«Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 37, 38, 59-1,62-беренелерине ылайык, №3190, №3191, №3192 жана №3249 участкалык шайлоо комиссияларынын добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу 2019-жылдын 22-сентябрындагы протоколдорунун негизинде Жети-Өгүз аймактык шайлоо комиссиясы мөөнөтүнөн мурда шайлоону өттү деп таанып, Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Саруу айылдык кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоонун натыйжаларын аныктаган.
Добуш берүүнү жүргүзүү, добуштарды эсептөө жана добуш берүүнүн жыйынтыгы, шайлоонун натыйжалары жөнүндөгү протоколдорду түзүү менен байланышкан даттануулар жана арыздар келип түшкөн жок.
«Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6,7-беренелеринин, «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 37, 38, 40, 59-1, 62-беренелеринин негизинде Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2019-жылдын 22-сентябрында өткөрүлгөн Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Саруу айылдык кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоонун натыйжалары тууралуу Жети-Өгүз аймактык шайлоо комиссиясынын 2019-жылдын 26-сентябрындагы протоколу бекитилсин (тиркеме).
2. Бул токтомдун көчүрмөсү Жети-Өгүз аймактык шайлоо комиссиясына жана Саруу айылдык кеңешине жиберилсин.
3. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Г. Бекматовго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Н. ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш., 2019-жылдын 30-сентябры
№140