№22 2018-жылдын 28-январында өткөрүлгөн Чүй облусунун Кемин жана Москва райондорунун айрым жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорун бекитүү жөнүндө

2018-жылдын 28-январында Кыргыз Республикасынын Президентинин 2017-жылдын 27-ноябрындагы ПЖ №3 Жарлыгы менен дайындалган Чүй облусунун Кемин районунун Жаңы-Алыш айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоо жана 2017-жылдын 12-декабрындагы ПЖ №13 Жарлыгы  менен дайындалган Кемин районунун Көк-Ойрок, Кара-Булак айылдык кеңештеринин, Москва районунун Александровка айылдык кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүлдү.

Кемин районунун Кара-Булак айылдык кеңешинде мандаттардын саны 11ди түзөт. Кара-Булак айылдык кеңеши боюнча шайлоону өткөрүү үчүн көп мандаттуу 2 шайлоо округ жана 2 шайлоо участок түзүлгөн. Кара-Булак айылдык кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо 11 мандатка 29 талапкер катталган. Шайлоочулардын саны 2023тү түзүп, анын ичинен 765 шайлоочу добуш берүүгө катышкан, бул шайлоочулардын жалпы санынан 37,82 % түзөт.

Кемин районунун Көк-Ойрок айылдык кеңешинде мандаттардын саны 11ди түзөт. Көк-Ойрок айылдык кеңеши боюнча шайлоону өткөрүү үчүн көп мандаттуу 3 шайлоо округ жана 3 шайлоо участок түзүлгөн. Көк-Ойрок айылдык кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо 11 мандатка 29 талапкер катталган. Шайлоочулардын саны 2867ни түзүп, анын ичинен 1461 шайлоочу добуш берүүгө катышкан, бул шайлоочулардын жалпы санынан 50,99 % түзөт.

Кемин районунун Жаңы-Алыш айылдык кеңешинде мандаттардын саны 11ди түзөт. Жаңы-Алыш айылдык кеңеши боюнча шайлоону өткөрүү үчүн көп мандаттуу 1 шайлоо округ жана 1 шайлоо участок түзүлгөн. Жаңы-Алыш айылдык кеңешинин депутаттарын кезектеги шайлоодо 11 мандатка 33 талапкер катталган. Шайлоочулардын саны 1660ты түзүп, анын ичинен 815 шайлоочу добуш берүүгө катышкан, бул шайлоочулардын жалпы санынан 49,1% түзөт.

Москва районунун Александровка айылдык кеңешинде мандаттардын саны 21ди түзөт. Александровка айылдык кеңеши боюнча шайлоону өткөрүү үчүн көп мандаттуу 5 шайлоо округ жана 6 шайлоо участок түзүлгөн. Александровка айылдык кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо 21 мандатка 104 талапкер катталган. Шайлоочулардын саны 9736ны түзүп, анын ичинен 4082 шайлоочу добуш берүүгө катышкан, бул шайлоочулардын жалпы санынан 41,93% түзөт.

Кемин районунун Жаңы-Алыш айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоонун жана Кара-Булак, Көк-Ойрок, Москва районунун Александровка айылдык кеңештеринин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоонун натыйжалары тууралуу Кемин жана Москва аймактык шайлоо комиссиялары берген протоколдоруна ылайык, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6,7-беренелерине, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 37, 40, 62-беренелеринин негизинде, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Чүй облусунун Кемин районунун Кара-Булак, Көк-Ойрок, Жаңы-Алыш айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжалары тууралуу Кемин аймактык шайлоо комиссиясынын 2018-жылдын 31-январындагы протоколу бекитилсин (1-тиркеме).

2. Чүй облусунун Москва районунун Александровка айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжалары тууралуу Москва аймактык шайлоо комиссиясынын 2018-жылдын 31-январындагы протоколу бекитилсин (2-тиркеме).

3.  Бул токтомдун көчүрмөсү Кемин жана Москва аймактык шайлоо комиссияларына жана тиешелүү жергиликтүү кеңештерге жиберилсин.

4. Бул токтом “Эркин Тоо” газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо  Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Г. Бекматовго жүктөлсүн.

ТӨРАГА                                                              Н.ШАЙЛДАБЕКОВА

Бишкек ш, 2018-жылдын  6-февралы, 
22