Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылдын 24-сентябрындагы № 204 Жарлыгы менен дайындалган Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо 2012-жылдын 25-ноябрында өткөрүлдү.
Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Кызыл-Туу айылдык кеңешинин аймагында айылдык кеңештин депутаттарын шайлоо үчүн көп мандаттуу 6 шайлоо округу түзүлгөн.
2012-жылдын 15 - декабрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын “Жалал-Абад облусунун жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоонун натыйжалары жана добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралу протоколдорду бекитүү жөнүндө” № 152 токтому менен Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Кызыл-Туу айылдык кеңешинин депутаттарын Ак-Булак шайлоо округу боюнча шайлоо өткөн жок деп табылган.
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 15-апрелиндеги № 77 Жарлыгы менен дайындалган Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Кызыл-Туу айылдык кеңешинин депутаттарын Ак-Булак шайлоо округу боюнча кайталап шайлоо 2013-жылдын 26-майында өткөрүлдү.
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына добуш берүүнүн жыйынтыктарын жана шайлоонун натыйжаларын белгилөө жөнүндө шайлоо комиссияларынын чечимдерине шайлоо процессинин катышуучуларынан жазуу жүзүндөгү кайрылуу (арыздар, даттануулар, актылар) келип түшкөн жок.
2012-жылдын 25-ноябрындагы жана 2013-жылдын 26-майындагы болуп өткөн жергиликтүү кеңештин депуттарын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары жөнүндө келип түшкөн, Сузак аймактык шайлоо комиссиясы берген протоколдордун негизинде, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесиндеги 1-бөлүктүн 2, 24-пункттарына, «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 40-беренесиндеги 4-бөлүккө, 62-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2013-жылдын 26-майындагы Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Кызыл-Туу айылдык кеңешинин депутаттарын Ак-Булак шайлоо округу боюнча кайталап шайлоо өттү деп табылсын.
2. Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Кызыл-Туу айылдык кеңешинин депутаттарын Ак-Булак шайлоо округу боюнча кайталап шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары жөнүндө протоколдор бекитилсин.
3. 2012-жылдын 25-ноябрындагы Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Кызыл-Туу айылдык кеңешинин депутаттарын 6 мандаттуу “Орто-Азия” шайлоо округу боюнча, 5 мандаттуу “Таштак” шайлоо округу боюнча, 8 мандаттуу “Мундуз” шайлоо округу боюнча, 5 мандаттуу “Кызыл-Сенгир” шайлоо округу боюнча, 3 мандаттуу “Соку-Таш” шайлоо округу боюнча шайлоо өттү деп табылсын.
4. 2012-жылдын 25-ноябрындагы Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Кызыл-Туу айылдык кеңешинин депутаттарын 6 мандаттуу “Орто-Азия” шайлоо округу боюнча, 5 мандаттуу “Таштак” шайлоо округу боюнча, 8 мандаттуу “Мундуз” шайлоо округу боюнча, 5 мандаттуу “Кызыл-Сенгир” шайлоо округу боюнча, 3 мандаттуу “Соку-Таш” шайлоо округу боюнча кайталап шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары жөнүндө протоколдор бекитилсин
5. Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Кызыл-Туу айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоо өттү деп табылсын жана төмөнкү талапкерлер шайланган депутаттар деп эсептелсин (тиркеме тиркелет).
6. Шайланган депутаттарга белгиленген үлгүдөгү күбөлүк жана төш белги берилсин.
7. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын.
8. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Т.Шайымкуловага жүктөлсүн.
ТӨРАГА Т.АБДРАИМОВ
Бишкек ш., 2013-жылдын 4-июну,
№ 99
Кыргыз Республикасынын
Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча
борбордук комиссиясынын
2013-жылдын 4 - июнундагы
№ 99 токтомуна тиркеме
Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Кызыл-Туу айылдык кеңешинин депутаттарынын тизмеси.
6 мандаттуу “Орто-Азия” шайлоо округу боюнча:
- Мирзабаев Улукбек Тилешович 1603
- Омурзаков Майсалбек Чокмокович 1285
- Халбаев Эркинжан Раматиллаевич 1023
- Нуруев Асан Бообекович 1005
- Абдурасулов Эркин Мойдунович 973
- Жойболотов Алибек Токтосунович 874
5 мандаттуу “Таштак” шайлоо округу боюнча:
- Калмаматов Мирланбек Ыманалиевич 489
- Исаков Тойчубай Абылович 425
- Мондоев Куралбек Токтосунович 366
- Токсонбаев Байыш Эргешович 336
- Эрматов Мухамматдаут Абдуллаевич 300
8 мандаттуу “Мундуз” шайлоо округу боюнча:
- Абакиров Калбай Садирбекович 1081
- Мондоев Рустанбек Асанович 927
- Мусанов Тынчыбек Тагаевич 847
- Наримбетова Турдукан 847
- Казаков Эркин Тургунбаевич 825
- Матиев Максатбек Ажиматович 813
- Мамашов Шаарбек Торобекович 737
- Султанов Абдирашит 736
5 мандаттуу “Кызыл-Сенир” шайлоо округу боюнча:
- Зулпукаров Максатбек Акматбекович 459
- Мамбетов Жалил Нурматович 441
- Маканбаев Асылбек Чаканович 359
- Мурзакматов Эрмек Эмилбекович 331
- Усенов Курстанбек Токтонбекович 318
3 мандаттуу “Т.Байзаков” шайлоо округу боюнча:
- Токоматов Касымбек 416
- Пусурманкулов Сарыбаш Таштемирович 284
- Жумабаев Маданбек Бадатович 270
4 мандаттуу “Ак-Булак” шайлоо округу боюнча:
- Адишов Кайратбек Аттокурович 235
- Абдылбапов Барпыбай 225
- Көчөров Акылбек Рашидович 214
- Апысов Нурбек Айдаралиевич 209