Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2016-жылдын 25-февралындагы № 99 буйругу менен Баткен облусунун Лейлек районунун Сумбул айыл өкмөтүнүн башчысы Б.А.Бекмуратов Баткен облусунун Лейлек районунун мамлекеттик администрация башчысы – акими болуп дайындалды.
Чүй облусунун Аламүдүн районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы – акиминин 2016-жылдын 15-февралындагы №34 буйругу менен Кара-Жыгач айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Т.Тойчубеков, берген арызынын негизинде, ээлеген кызматынан бошотулган.
Ошондой эле, Ысык-Көл облусунун Түп районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы – акиминин 2016-жылдын 25-февралындагы №21 буйругу менен Санташ айыл өкмөтүнүн башчысы М.С.Алтыбаев, өлгөндүгүнө байланыштуу, ээлеген кызматынан бошотулган.
Жогоруда баяндалгандардын негизинде жана “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6,7 – беренелерине, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 27-декабрындагы № 423 токтому менен бекитилген “Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун тартиби жөнүндө” жобосуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Баткен облусунун Лейлек районунун Сумбул, Чүй облусунун Аламүдүн районунун Кара-Жыгач жана Ысык-Көл облусунун Түп районунун Санташ айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо 2016-жылдын 18-мартына дайындалсын жана саат 9-00дөн 12-00гө чейин өткөрүлсүн.
- Лейлек, Аламүдүн жана Түп аймактык шайлоо комиссиялары шайлоону мыйзамдарда белгиленген тартипте өткөрүүнү уюштурсун.
- Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
- Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын орун басары А.Р. Джолбуновго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Т. АБДРАИМОВ
Бишкек ш., 2016-жылдын 1 - марты
№ 45