З.М. Кочкоровдун, Э.К. Акымбаеванын, М.У. Райкановдун, И.Р. Чокморовдун, М.И. Кадырбекованын, З.К. Сатарбекованын, Т.Т. Ордобаеванын, Т. Ашимовдун, Х.Б. Баимбетованын, А.К.Асанбаевдин, У.К. Жылкыбаевдин, А.Ж. Ногойбаевдин, Кенжебай уулу К., К. Байгашкаеванын, А. Тентимишовдун, Т. Мамбетисаеванын, У.С. Кулукеевдин, М.К. Джунушалиеванын, Н.М. Абдиеванын, У.Ш. Абдрахмановдун, С.М. Казаковдун, Н.Т. Кутманованын, Э.Ж. Кыштобековдун, Бактыбек уулу Д. арыздарынын негизинде, Майлуу – Суу, Каракол, Ысык-Ата жана Бишкек шаардык аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарынан жана резервдеринен С.У. Татыкуловду, К.С. Барбодоевди, И.А Киировду жана В.М. Халаимовду чыгаруу боюнча сунуштарын, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 19, 22-беренелерин, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 8-июлундагы №7 токтому менен бекитилген “Шайлоо комиссияларын түзүү жана таркатуу тартиби жөнүндө” жобосун жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- комиссиянын курамынан «Өнүгүү-Прогресс» саясий партиясынан көрсөтүлгөн Кочкоров Залкарбек Мамасабирович чыгарылсын;
- комиссиянын курамына резервинен «Улуу Биримдик» улутчул-демократиялык партиясы» саясий партиясынан көрсөтүлгөн Атамурзаева Нурзада Махтаржановна киргизилсин;
- комиссиянын резервинен «Азаттык» демократиялык партиясы» саясий партиясынан көрсөтүлгөн Татыкулов Советбек Ураимович чыгарылсын.
2. Жалал-Абад облусунун Аксы аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- комиссиянын курамынан «Улуу Биримдик» улутчул-демократиялык партиясынан көрсөтүлгөн Акымбаева Эльзат Камчыбековна, “Замандаш-Современник” саясий партиясынан көрсөтүлгөн Райканов Малик Урматбекович чыгарылсын;
- комиссиянын курамына резервинен «Кыргызстан демократиялык кыймылы партиясы» саясий партиясынан көрсөтүлгөн Калмурзаева Насибакан Турсунбековна, «Ата-Мекен» саясий социалисттик партиясынан көрсөтүлгөн Умурзакова Лолахон Султановна киргизилсин.
3. Жалал-Абад облусунун Тогуз – Торо аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- комиссиянын курамынан «Кыргызстан үй куруучулардын партиясы» Республикалык коомдук-саясий партиясынан көрсөтүлгөн Чокморов Илимбек Рыскулович, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Кадырбекова Махабат Исмаиловна, Сатарбекова Зульфия Карыбековна чыгарылсын;
- комиссиянын курамына резервинен «Кыргызстан социал-демократиялык партиясы» саясий партиясынан көрсөтүлгөн Жээналиева Жыпаридза Аманбаевна, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Каргабаева Айгүл Кадырбековна, Токтогонова Дамира Жолоевна киргизилсин.
4. Ысык-Көл облусунун Ак-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- комиссиянын курамынан жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Ордобаева Турган Турсунбаевна чыгарылсын;
- комиссиянын курамына резервинен жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Шейкинов Арстанбек Токтобекович киргизилсин.
5. Ысык-Көл облусунун Каракол аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- комиссиянын курамынан “Каганат” саясий партиясынан көрсөтүлгөн Ашимов Турусбек, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Борбодоев Кубатбек Сактанбекович чыгарылсын;
- комиссиянын курамына резервинен «Улуттар биримдиги элдик партиясы» саясий партиясынан көрсөтүлгөн Асаналиева Венера Айылчиевна, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Асанбекова Тынар Керезовна киргизилсин.
6. Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- комиссиянын курамынан «Демократическая партия «Туран» саясий партиясынан көрсөтүлгөн Баимбетова Халича Баимбетовна, “Республика” саясий партиясынан көрсөтүлгөн Асанбаев Алыбек Кенешович, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн (комиссиянын төрагасы) Жылкыбаев Узарбек Казиевич чыгарылсын;
- комиссиянын курамына резервинен «Азаттык» демократиялык партиясы» саясий партиясынан көрсөтүлгөн Итибаев Кочкорбай Кариевич, “Мекен Ынтымагы” саясий партиясынан көрсөтүлгөн Кошлакова Татьяна Ивановна, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Алжабаев Тынчтыкбек Дамирбекович киргизилсин;
- комиссиянын резервинен “Мекен Ынтымагы” саясий партиясынан көрсөтүлгөн Ногойбаев Акматбек Жапарович чыгарылсын.
7. Нарын облусунун Нарын аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- комиссиянын курамынан жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Кенжебай уулу Канат, Байгашкаева Касиет, Тентимишов Абдыбек чыгарылсын;
- комиссиянын курамына резервинен жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Талипов Кубатбек Сулайманович, Асанбек кызы Махабат, Иманбеков Сагынбек Касымкулович киргизилсин;
- комиссиянын резервинен жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Мамбетисаева Тепкедей чыгарылсын.
8. Чүй облусунун Москва аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- комиссиянын курамынан жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Кулукеев Уланбек Сагынбекович чыгарылсын;
- комиссиянын курамына резервинен жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Нурбеков Асылбек Нурбекович киргизилсин.
9. Чүй облусунун Ысык-Ата аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- комиссиянын курамынан жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Кииров Искандер Абеевич чыгарылсын;
- комиссиянын курамына резервинен жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Сейталиева Бегайым Кылычбековна киргизилсин.
10. Чүй облусунун Панфилов аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- комиссиянын курамынан «Кыргызстан демократиялык кыймылы партиясы» саясий партиясынан көрсөтүлгөн Джунушалиева Махабат Калдыбековна, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Абдиева Назгуль Мажитовна чыгарылсын;
- комиссиянын курамына резервинен «Азаттык» демократиялык партиясы» саясий партиясынан көрсөтүлгөн Садыкова Анаркан Жумакадыровна, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Нарынов Расул Эсенович киргизилсин;
- комиссиянын резервинен «Столица» Демократиялык партиясы» саясий партиясынан көрсөтүлгөн Абдрахманов Улан Шаршенбекович чыгарылсын.
11. Ош облусунун Араван аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- комиссиянын курамынан “Мекен Ынтымагы” саясий партиясынан көрсөтүлгөн Казаков Санжарбек Махамматович чыгарылсын;
- комиссиянын курамына резервинен «Улуу Биримдик» улутчул-демократиялык партиясынан көрсөтүлгөн Тойчиева Умсунхон киргизилсин;
- комиссиянын резервинен “Замандаш-Современник” саясий партиясынан көрсөтүлгөн Кутманова Нускайым Толомырзаевна чыгарылсын.
12. Бишкек шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- комиссиянын курамынан «Кыргызстан коммунисттеринин партиясы» саясий партиясынан көрсөтүлгөн Халаимов Владимир Михайлович, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Кыштообеков Эрнис Жымгарбекович чыгарылсын;
- комиссиянын курамына резервинен “Ар-Намыс” саясий партиясынан көрсөтүлгөн Суеров Максат Асылбекович, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Джумалиева Роза Усеновна киргизилсин;
- комиссиянын резервинен “Мекенчил патриоттор” саясий партиясынан Бактыбек уулу Данияр чыгарылсын.
13. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
14. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси П.П.Баженовго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Т.АБДРАИМОВ
Бишкек ш. 2015-жылдын 29-августу
№ 129
2015-жылдын 29-августунда жарыяланды