2013-жылдын 18-декабрында, 2014-жылдын 8-, 15-январында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2013-жылдын 26-ноябрындагы № 166 токтому менен дайындалган Нарын облусунудагы Ат-Башы районунун Ак-Моюн айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо, 2013-жылдын 23-декабрындагы № 184 токтому менен дайындалган Ош облусундагы Кара-Суу районунун Папан, Өзгөн районунун Кароол; Ысык-Көл облусундагы Ак-Суу районунун Кара-Жал; Жалал-Абад облусундагы Токтогул районунун Үч-Терек, Ничке-Сай 2013-жылдын 26-декабрындагы № 188 токтому менен дайындалган Ош облусундагы Өзгөн районунун Зергер айыл өкмөтүнүн башчыларын кайра шайлоо өткөрүлдү.
Аталган аймактык шайлоо комиссияларынан келип түшкөн жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органынын башчыларынын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорунун негизинде, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесиндеги 1-бөлүктүн 2-, 24-пункттарына, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- 2013-жылдын 18-декабрында, 2014-жылдын 8-, 15-январында болуп өткөн Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын башчыларын кайра шайлоо өттү деп табылсын (№ 1 тиркеме).
- Шайлоонун натыйжалары жана добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларынын протоколдору бекитилсин.
3. Төмөнкү талапкерлер Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын шайланган башчылары деп эсептелсин (№ 2 тиркеме).
4. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын шайланган айыл өкмөт башчыларына белгиленген үлгүдөгү ырастама тапшырылсын.
5. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппарат жетекчиси Б. Т. Бейшенкуловго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Т. АБДРАИМОВ
Бишкек ш., 2014-жылдын 20-январы
№ 10
Кыргыз Республикасынын
Шайлоо жана референдум өткөрүү
боюнча борбордук комиссиясынын
2014-жылдын 20-январындагы
№ 10 токтомунун № 1 тиркемеси
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын тизмеси
|
№ |
Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын аталышы |
Шайлоо өткөрүлгөн күнү |
|
|
Нарын облусу Ат-Башы району |
|||
|
Ак-Моюн |
18.12.2013 |
||
|
Ош облусу Кара-Суу району |
|||
|
Папан |
8.01.2014 |
||
|
Өзгөн району |
|||
|
Кароол |
8.01.2014 |
||
|
Ысык-Көл облусу Ак-Суу району |
|||
|
Кара-Жал |
8.01.2014 |
||
|
Жалал-Абад облусу Токтогул району |
|||
|
Үч-Терек |
8.01.2014 |
||
|
Ничке-Сай |
8.01.2014 |
||
|
Ош облусу Өзгөн району |
|||
|
Зергер |
15.01.2014 |
||
Кыргыз Республикасынын
Шайлоо жана референдум өткөрүү
боюнча борбордук комиссиясынын
2014-жылдын 20-январындагы
№ 10 токтомунун № 2 тиркемеси
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын шайланган башчыларынын тизмеси
|
№ |
Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын аталышы |
Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын шайланган башчысынын ФАЖ
|
Шайлоо өткөрүлгөн күнү |
||
|
Нарын облусу Ат-Башы району |
|||||
|
1. |
Ак-Моюн |
Мамбетов Дүйшенбек Абдыгазиевич |
18.12.2013 |
||
|
Ош облусу Кара-Суу району |
|||||
|
2. |
Папан |
Исмаилов Эрматбек Бакирович |
8.01.2014 |
||
|
Өзгөн району |
|||||
|
3. |
Кароол |
Сайитов Рустамбек Акжолович |
8.01.2014 |
||
|
Ысык-Көл облусу Ак-Суу району |
|||||
|
4. |
Кара-Жал |
Тамаев Омурбек Шакирович |
8.01.2014 |
||
|
Жалал-Абад облусу Токтогул району |
|||||
|
5. |
Үч-Терек |
Сейдалиев Рысбай Көчкөнбаевич |
8.01.2014 |
||
|
6. |
Ничке-Сай |
Нурматов Нарынбай Бекишович |
8.01.2014 |
||
|
Ош облусу Өзгөн району |
|||||
|
7. |
Зергер |
Акматов Юлдаш Мамытович |
15.01.2014 |
||