Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2013-жылдын 23-декабрындагы №184 токтому менен Чүй облусундагы Чүй районунун Сайлык айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо 2014-жылдын 10-январына дайындалган. Белгиленген мөөнөттө аталган айыл өкмөтүнүн башчысы кызмат ордуна талапкер катталган эмес.
Баткен облусундагы Кадамжай шаарынын мэри А.Т. Пазылов, Кадамжай шаардык кеңешинин 2013-жылдын 12-декабрындагы “Шаардын мэрине ишенбестик билдирүү жөнүндөгү” чечиминин негизинде Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2013-жылдын 30-декабрындагы №593 буйругу менен ээлеген кызматынан бошотулган.
Нарын облусундагы Ак-Талаа районунун Ак-Чий айыл өкмөтүнүн башчысы А.Ж.Саалиев өзүнүн арызынын негизинде Ак-Талаа райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акиминин 2014-жылдын 8-январындагы №02-б буйругу менен ээлеген кызматынан бошотулган.
Ысык-Көл облусундагы Жети-Өгүз районунун Саруу айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Т. Мендибаев өзүнүн арызынын негизинде Жети-Өгүз райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акиминин 2014-жылдын 11-январындагы №01 тескемеси менен ээлеген кызматынан бошотулган.
“Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесинин 5-пунктуна, 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 43-, 49-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Чүй облусундагы Чүй районунун Сайлык айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоо 2014-жылдын 3- февралына дайындалсын.
- Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын-Баткен облусундагы Кадамжай шаарынын мэрин жана Нарын облусундагы Ак-Талаа районунун Ак-Чий, Ысык-Көл облусундагы Жети-Өгүз районунун Саруу айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо 2014-жылдын 7-февралына дайындалсын.
3. Чүй, Кадамжай, Ак-Талаа, Жети-Өгүз аймактык шайлоо комиссиясы шайлоону мыйзамда белгиленген тартипте өткөрүүнү уюштурсун.
4. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппарат жетекчиси Б.Т. Бейшенкуловго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Т. АБДРАИМОВ
Бишкек ш., 2014-жылдын 20-январы
№7