10.10.2019 №147 2019-жылы 4-октябрда өткөрүлгөн Чүй облусунун Кемин районунун Ильич айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө
2019-жылы 4-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2019-жылдын 20-сентябрындагы №138 токтому менен дайындалган Чүй облусунун Кемин районунун Ильич айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоо болуп өттү.
Ильич айыл өкмөтүнүн башчысы кызмат ордуна 1 талапкер – Советбек уулу Майрамбек катталган, талапкер жергиликтүү кеңештин депутаттар тобунан сунушталган.
Кемин аймактык шайлоо комиссиясынын 2019-жылы 4-октябрдагы добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү протоколу менен Ильич айылдык кеңешиндеги 11 депутаттын 9 депутаты катышып, Советбек уулу Майрамбекке – 9, “бардык талапкерлерге каршы” позициясына – 0 добуш берилгендиги белгиленген.
Кемин аймактык шайлоо комиссиясынын 2019-жылы 4-октябрдагы кайра шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү протоколу менен Советбек уулу Майрамбек Ильич айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган.
Чүй облусунун Кемин районунун Ильич айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгына жана шайлоонун натыйжасына арыз, даттануулар түшкөн жок.
Ильич айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорунун негизинде, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерине, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2019-жылы 4-октябрда өткөрүлгөн Чүй облусунун Кемин районунун Ильич айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдору бекитилсин.
1.1. Чүй облусунун Кемин районунун Ильич айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоо өттү деп табылсын.
1.2. Советбек уулу Майрамбек Чүй облусунун Кемин районунун Ильич айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылсын.
2. Кемин аймактык шайлоо комиссиясы Ильич айыл өкмөтүнүн шайланган башчысына белгиленген үлгүдөгү күбөлүктү тапшырсын.
3. Бул токтом “Эркин Тоо” газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Бекматовго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Н. ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш., 2019-жылдын 10-октябры
№147