09.02.2021 №35 2021-жылдын 11-апрелине дайындалган Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча негизги уюштуруу-практикалык иш-чараларынын календардык планы жөнүндө

“Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3, 7, 14, 18-беренелерин жетекчиликке алып, “Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 8-февралындагы ПЖ № 21 Жарлыгы менен 2021-жылдын 11-апрелине дайындалган Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону даярдоону жана өткөрүүнү уюштуруу максатында, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 2021-жылдын 11-апрелине дайындалган Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча негизги уюштуруу-практикалык иш-чараларынын календардык планы тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Ушул токтом “Эркин Тоо” газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

3.  Ушул токтомдун аткарылышына контролдук жүргүзүү Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А. Г. Бекматовго тапшырылсын.

 

 

ТӨРАГА                                                      Н. ШАЙЛДАБЕКОВА                                                                 

Бишкек ш., 2021-жылдын 9-февралы

№ 35