№209 2017-жылдын 15-октябрындагы Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн Кыргыз Республикасынын жалпыга маалымдоо каражаттарын жана интернет-басылмаларын аккредитациялоо жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону даярдоонун жана өткөрүүнүн жүрүшү жөнүндө шайлоочуларды жана шайлоо процессинин башка катышуучуларын маалымдоо маселелери боюнча жумушчу топтун жалпыга маалымдоо каражаттарды жана интернет-басылмаларды аккредитациялоо жөнүндө сунушун эске алып, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 11-беренесинин 1-пунктун,  22-беренесинин 20-пунктун жетекчиликке алып, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 21-пунктунун негизинде, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.  2017-жылдын 15-октябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн 1-тиркемеде көрсөтүлгөн жалпыга маалымдоо каражаттары жана интернет-басылмалары аккредитациялансын.

2. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына 2-тиркемеге ылайык обо убакыттын, басылма аянттын же интернет-басылмада жарыялоо укугун төлөөнүн өлчөмү жөнүндө маалыматтар жайгаштырылсын.

3. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону өткөрүүдө шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү эрежелерин сактоону контролдоо боюнча жумушчу тобунун жетекчиси Н.Ариповго жүктөлсүн.

ТӨРАГА                                                             Н.ШАЙЛДАБЕКОВА

Бишкек ш. 2017-жылдын 6-июлу
№209