27.12.2019. №182 2019-жылы 17-декабрда өткөрүлгөн Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун Ала-Бука айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө

2019-жылы 17-декабрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2019-жылдын 28-ноябрындагы №168 токтому менен дайындалган Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун Ала-Бука айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо болуп өттү.

Ала-Бука айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 2 талапкер – Койчумбаев Самат Искендербекович, Мамбетов Мирзапар Курманбаевич катталган, талапкерлер жергиликтүү кеңештин депутаттарынан сунушталган.

Ала-Бука аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2019-жылдын 17-декабрдагы протоколу менен    Ала-Бука айылдык кеңешиндеги 31 депутат катышып, С.И. Койчумбаев –17 добуш, М.К. Мамбетов - 14 добуш алышканы, “бардык талапкерлерге каршы” позициясына – 0 добуш берилгендиги белгиленген.

Ала-Бука аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2019-жылдын 17-декабрдагы протоколу менен Койчумбаев Самат Искендербекович Ала-Бука айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган.

Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун Ала-Бука айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгына жана шайлоонун натыйжасына арыз, даттануулар түшкөн жок.

Ала-Бука аймактык шайлоо комиссиясынын Ала-Бука айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорунун негизинде, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерине, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 2019-жылы 17-декабрда өткөрүлгөн Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун Ала-Бука айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдор бекитилсин.

1.1. Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун Ала-Бука айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп табылсын.

1.2. Койчумбаев Самат Искендербекович Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун Ала-Бука айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылсын.

2. Ала-Бука аймактык шайлоо комиссиясы Ала-Бука айыл өкмөтүнүн шайланган башчысына белгиленген үлгүдөгү күбөлүктү тапшырсын.

3. Бул токтом “Эркин Тоо” газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Г. Бекматовго жүктөлсүн.

ТӨРАГА                                          Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

Бишкек ш., 2019-жылдын 27 -декабры
№ 182