16.12.20 №470 «2021-жылдын 10-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө чыгымдардын сметасын бекитүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссияс

«2021-жылдын 10-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө чыгымдардын сметасын бекитүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 2-ноябрындагы  № 287 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 16-декабрындагы № 469 токтому менен түзүлгөн Россия Федерациясынын Москва шаарындагы (2), Тюмендеги (1) кошумча шайлоо участкаларынын жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 3-декабрындагы № 388 токтому менен түзүлгөн Кыргыз Республикасынын Баткен облусундагы Кызыл-Кыя шаарындагы (1), Кадамжай районундагы (1), Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы (1), Ош облусунун Кара-Суу районундагы (5), Ноокат районундагы (1) жана Ош шаарындагы (4) кошумча шайлоо участкаларынын ишин уюштурууну каржылоо максатында, «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 40-беренесин, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2, 11, 12-пункттарын, 25-беренесинин 2, 3, 6, 7-бөлүктөрүн жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 26-октябрындагы № 268 «2021-жылдын 10-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө чыгымдардын сметасын бекитүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- 1-пункттагы « 686 451 337 (алты жүз сексен алты миллион төрт жүз элүү бир миң үч жүз отуз жети)» деген сөздөр «688 961 237 (алты жүз сексен сегиз миллион  тогуз жүз алтымыш бир  миң эки жүз отуз жети)» деген сөзгө алмаштырылсын.

2. 2021-жылдын 10-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө чыгымдардын кошумча сметасы тиркемеге ылайык 2 509 900 (эки миллион беш жүз тогуз миң тогуз жүз) сом суммасында бекитилсин.

3. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын пландоо, эсеп, отчеттуулук бөлүмү Финансы министрлиги менен өз ара аракеттешип, бекитилген сметага ылайык Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоону даярдоого жана өткөрүүнү финансылоону уюштурсун, бөлүнгөн республикалык бюджеттин каражаттарын тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларына бөлүштүрүүнү камсыздасын;

4.  Аймактык шайлоо комиссиялары Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда  шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө бөлүнгөн республикалык бюджеттин каражаттарын тиешелүү участкалык шайлоо комиссияларына бөлүштүрүүнү камсыздасын, бекитилген сметага ылайык аларды финансылык жактан камсыздоону уюштурсун жана ал каражаттардын максаттуу пайдаланылышын камсыздоого контроль жүргүзсүн.

5. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Г. Бекматовго жүктөлсүн.

ТӨРАГА                                                                                                                    Н. ШАЙЛДАБЕКОВА                                            

Бишкек ш., 2020-жылдын     16  - декабры

470