Шайлоо укугу
Шайлоо укугу
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН
КОНСТИТУЦИЯСЫ
(Кыргыз Республикасынын 2021 жылдын 5 майындагы Мыйзамы менен кабыл алынды)
2-берене.
1. Конституциялык түзүлүштүн негиздерин өз алдынча аныктоо Кыргыз Республикасынын элинин эгемен укугу болуп саналат.
2. Кыргыз Республикасында элдик бийлик бийликтин толугу менен элге таандыктыгы, адамдын жана жарандын укуктарын жана эркиндиктерин коргоо, мамлекеттин жана коомдун иштерин башкарууга эркин жана реалдуу жеткиликтүүлүк принциптерине негизденет.
3. Кыргыз Республикасынын жарандары өзүнүн бийлигин түздөн-түз шайлоолордо жана референдумдарда (бүткүл элдик добуш берүү), ошондой эле мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары аркылуу Конституциянын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде жүзөгө ашырат.
4. Шайлоолор жана референдумдар эркин, жалпыга бирдей, тең жана тикелей шайлоо укугунун негизинде жашыруун добуш берүү менен өткөрүлөт. Кыргыз Республикасынын 18 жашка толгон жарандары шайлоо укугуна ээ болот.
5. Мыйзамдар жана мамлекеттик маанидеги башка маселелер референдумга коюлушу мүмкүн. Референдумду өткөрүүнүн тартиби конституциялык мыйзам менен белгиленет.
6. Мыйзам менен тыюу салынган каржылык, администрациялык жана башка ресурстарды пайдалануу менен шайлоочулардын эркин шайлоосуна таасир этүүгө тыюу салынат.
37-берене.
1. Кыргыз Республикасынын жарандары мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына шайлоого жана шайланууга, ошондой эле референдумга катышууга укуктуу.
113-берене.
1. Жергиликтүү кеңештердин депутаттары тийиштүү администрациялык-аймактык бирдикте жашаган жарандар тарабынан бирдей мүмкүнчүлүктөрдү сактоо менен мыйзамда белгиленген тартипте шайланат.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КОНСТИТУЦИЯЛЫК МЫЙЗАМЫ
2011-жылдын 2-июлу N 68
«Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө»
2-берене. Жарандардын шайлоого катышуу принциптери
1. Кыргыз Республикасында шайлоо жашыруун добуш берүү менен, жалпыга тең жана тикелей шайлоо укугунун негизинде жүргүзүлөт.
Кыргыз Республикасында шайлоо республиканын жарандарынын өздөрүнүн шайлоо укуктарын эркин жана ыктыярдуу жүзөгө ашырууларына негизденет. Жарандарды шайлоого катышууга же катышпоого мажбурлоо максатында, ошондой эле өз эрктерин эркин билдирүүлөрүндө аларга таасир тийгизүүгө эч кимдин укугу жок.
2. Кыргыз Республикасынын аймагында жашаган же анын чегинен тышкары жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандары, ушул конституциялык Мыйзамга ылайык шайлоо укуктарына ээ болот.
Шайлоо мезгилинде анын чегинен тышкары жашаган жана жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктары, өздөрүнүн дипломатиялык өкүлчүлүктөрү жана консулдук мекемелери аркылуу, тышкы иштер маселелерин алып барган мамлекеттик орган тарабынан камсыз кылынат.
Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жашаган же жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандары аккредитациялоочу өлкөнүн тиешелүү органдары менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын тышкы иштер чөйрөсүндөгү мамлекеттик органынын сунушу боюнча түзүлгөн шайлоо участокторунда, эреже катары, Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү мекемелеринин аймагында добуш беришет.
3. Аялдарга эркектер менен бирдей Президенттин кызматына жана Жогорку Кеңештин депутаттыгына шайлануу укугун ишке ашыруунун тең мүмкүнчүлүктөрү камсыз кылынат.
(КР 2019-жылдын 8-августундагы N 116, 2021-жылдын 26-августундагы N 103 конституциялык Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
3-берене. Жалпыга бирдей шайлоо укугу
1. Кыргыз Республикасынын 18 жашка чыккан жараны шайлоого, ал эми Конституцияда жана ушул конституциялык Мыйзамда белгиленген жашка жеткенде - мамлекеттик бийлик органдарына жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына шайланууга укуктуу.
2. Кыргыз Республикасынын жарандары тегине, жынысына, расасына, этностук тиешелүүлүгүнө, майыптыгына, билимине, кызматтык жана мүлктүк абалына, тутунган динине, саясий жана башка ишенимдерине карабастан шайлоого, шайланууга укуктуу.
3. Сот тарабынан аракетке жөндөмсүз деп таанылган же соттун мыйзамдуу күчүнө кирген өкүмү боюнча эркиндигинен ажыратуу жайларында кармалып турган жарандар шайлоого, шайланууга укуксуз.
4. Президенттин кызмат ордуна, Жогорку Кеңештин депутаттыгына шайланууга төмөнкү адамдар укуксуз:
1) соттолгондугу бар, анын ичинде алып салынган же жоюлган;
2) аларга карата кылмыш иши реабилитацияланбаган негиздер боюнча кыскартылган, төмөнкүлөрдү кошпогондо:
- коркунучтуулугу аз кылмыштар, этиятсыздыктан жасалган анча оор эмес кылмыштар;
- Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза мыйзамдарына ылайык жана аларда каралган тартипте жабырлануучу жеке-ачык айыптоону колдоодон баш тарткан жана (же) жабырлануучу айыпталуучу менен макулдашууга жетишкен учурлар;
3) диний ишмерлер өздөрүнүн диний ишин токтоткондон кийин 5 жыл ичинде.
5. Жарандар ушул конституциялык Мыйзамда белгиленген талаптарды сактоодо шайлоого жана шайланууга өз укуктарын ишке ашырышат.
(КР 2015-жылдын 23-апрелиндеги № 88, 2019-жылдын 8-августундагы № 116, 2025-жылдын 9-июнундагы № 113, 2025-жылдын 28-июлундагы № 161 конституциялык Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
4-берене. Тең шайлоо укугу
Кыргыз Республикасынын жарандары Кыргыз Республикасында шайлоого тең негиздерде катышат.
5-берене. Тикелей шайлоо укугу
Кыргыз Республикасынын жарандары Президенттин кызмат ордуна жана Жогорку Кеңештин депутаттыгына өз өкүлдөрүн түздөн-түз шайлайт.
(КР 2025-жылдын 7-апрелиндеги № 73 конституциялык Мыйзамынын редакциясына ылайык)
6-берене. Жашыруун добуш берүү
Кыргыз Республикасында шайлоодо добуш берүү, жарандардын эркин билдирүүлөрүн кандайдыр бир көзөмөлдөө мүмкүндүгүн болтурбайт, жашыруун болуп саналат.
Добуш берүүнүн жашыруундуулугун бузуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жоопкерчиликке алып келет.
(КР 2019-жылдын 8-августундагы N 116 конституциялык Мыйзамынын редакциясына ылайык)
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КОНСТИТУЦИЯЛЫК МЫЙЗАМЫ
2026-жылдын 8-июлу № 106
«Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө»
3-берене. Референдум өткөрүүнүн принциптери
Референдум төмөнкүдөй принциптердин негизинде өткөрүлөт:
1) референдумга катышуу эркин болуп саналат;
2) добуш берүү ыктыярдуу жана жашыруун болуп саналат жана жалпы, тең жана түз шайлоо укугунун негизинде жүзөгө ашырылат;
3) референдумдун ар бир катышуучусу бир добушка ээ.
2. Референдум өткөрүүдө, анын ичинде добуштарды эсептөөдө ачык-айкындуулук жана коомчулуктун катышуусу камсыз кылынат.
3. Референдумга Кыргыз Республикасынын 18 жашка толгон жарандары катышууга укуктуу.
4. Жаранды референдумга катышууга же катышпоого мажбурлоо максатында ага таасир этүүгө эч кимдин укугу жок. Жарандын өз эркин билдирүүсүн контролдоого таптакыр тыюу салынат. Референдумдун жүрүшүндө эч ким өз пикирлерин жана ынанымдарын билдирүүгө же алардан баш тартууга мажбурланууга тийиш эмес.
5. Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жашаган же жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандары ушул конституциялык Мыйзамга ылайык референдумга катышуу укугуна ээ.
Референдум өткөрүү мезгилинде Кыргыз Республикасынын анын чегинен тышкары жашаган же жүргөн жарандарынын референдумга катышуу укугу Кыргыз Республикасынын тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү мекемелери аркылуу камсыз кылынат.
Кыргыз Республикасынын анын чегинен тышкары жашаган же жүргөн жарандары аккредиттелген өлкөнүн тийиштүү органдары менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын сунушу боюнча, эреже катары, Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттердеги мекемелеринин аймагында түзүлүүчү референдум участокторунда добуш беришет.
6. Сот тарабынан аракетке жөндөмсүз деп таанылган же соттун өкүмү боюнча эркиндигинен ажыратуу жайларында кармалып турган Кыргыз Республикасынын жарандары референдумга катышууга укуксуз.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2011-жылдын 14-июлу № 98
«Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө»
3-берене. Жергиликтүү жамааттардын мүчөлөрүнүн шайлоо укуктары
1. Шайлоо өткөрүлүп жаткан тиешелүү администрациялык-аймактык бирдиктин жергиликтүү жамаатынын мүчөлөрү болуп саналган, 18 жашка толгон Кыргыз Республикасынын жарандары жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо укугуна ээ.
2. Жергиликтүү жамааттардын мүчөлөрү тиешелүү жергиликтүү кеңештердин депутаттарын түздөн-түз шайлайт.
3. Жергиликтүү жамааттардын мүчөлөрү жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого тең негизде катышат.
4. 21 жаш куракка толгон, жалпы орто билимден төмөн эмес билими бар, мамлекеттик тилди билген, тиешелүү администрациялык-аймактык бирдиктин жергиликтүү жамаатынын мүчөсү жергиликтүү кеңештин депутаты болуп шайланууга укуктуу.
5. Сот тарабынан аракетке жөндөмсүз деп таанылган же соттун мыйзамдуу күчүнө кирген өкүмү боюнча эркиндигинен ажыратуу жайларында кармалып турган жарандар шайлоого укуксуз.
6. Сот тарабынан аракетке жөндөмсүз деп таанылган же соттун мыйзамдуу күчүнө кирген өкүмү боюнча эркиндигинен ажыратуу жайларында кармалып турган жарандар, диний ишмерлер, ошондой эле соттуулугу мыйзамда белгиленген тартипте жоюлбаган адамдар шайланууга укуксуз.
61. Соттуулугу жоюлгандыгына же алып салынгандыгына карабастан, мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын кызыкчылыктарына каршы коррупциялык жана башка кылмыштарды жасагандыгы үчүн соттуулугу бар; же болбосо аларга карата аталган кылмыштар боюнча кылмыш иши реабилитацияланбаган негиздер боюнча кыскартылган жарандар да шайланууга укуксуз.
7. Шайлоо өткөрүлүп жаткан тиешелүү администрациялык-аймактык бирдиктин аймагында жайгаштырылган аскер бөлүктөрүнүн мөөнөттүү кызмат өтөгөн аскер кызматчылары, өзүнүн туруктуу жашаган жеринен тышкары альтернативдүү кызмат өтөгөн адамдар, ошондой эле тиешелүү жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү болуп саналбаган, окутуунун күндүзгү формасынын студенттери жана аспиранттар иш жүзүндө жайгашкан жери (кызматы, окуусу) боюнча жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого катышпайт.
8. Кылмыш жасоодо шектүүлөр жана айыпталуучулар катары камакта кармоо жайларында кармалып турган Кыргыз Республикасынын жарандары, алар шайлоо өтүп жаткан тиешелүү администрациялык-аймактык бирдиктин аймагында туруктуу жашаган жана алардын камакта кармоо жайлары ушул администрациялык-аймактык бирдиктин аймагында жайгашкан шартта, камакта кармоо жайларында добуш берүүгө укуктуу.
(Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын 8-августундагы № 117, 2024-жылдын 2-августундагы № 158 , 2024-жылдын 30-сентябрындагы № 167, 2024-жылдын 31-декабрындагы № 209, 2025-жылдын 21-январындагы № 17, 2025-жылдын 9-августундагы № 195 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
