“Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 7-беренесинин 1-пунктун жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерди колдогон шайлоочулардын колтамгаларын чогултуу тартиби жана талапкерлер, алардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү берген кол коюу барактарындагы колтамгалардын жана маалыматтардын аныктыгын текшерүү жөнүндө Нускама бекитилсин (тиркелет).
2. Бул токтом “Эркин Тоо” газетасына жарыялансын.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Г.К.Журабаевага жүктөлсүн.
Төрага Т.Абдраимов
Бишкек ш., 2011-жылдын 5-июлу
№ 5
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум
өткөрүү боюнча Борбордук
комиссиясынын 2011-жылдын 5-июлундагы
№ 5 токтому менен бекитилген
Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерди колдогон шайлоочулардын колтамгаларын чогултуу тартиби жана талапкерлер, алардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү берген кол коюу барактарындагы колтамгалардын жана маалыматтардын аныктыгын текшерүү жөнүндө
Нускама
1.Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерди колдогон шайлоочулардын колтамгаларын чогултуу тартиби.
2.Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерди колдогон шайлоочулардын маалыматтарынын жана колтамгаларынын аныктуулугун текшерүү тартиби.
1-тиркеме. Кол коюу барагы.
2-тиркеме. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерди колдогон, шайлоочулардын колтамгаларын чогултуунун жалпы жыйынтыктары жөнүндө протокол.
3-тиркеме. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерди колдогон шайлоочулардын колтамгалары бар кол коюу барактарын кабыл алуу жөнүндө маалымкат.
4-тиркеме. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерди колдогон шайлоочулардын колтамгаларын чогултуу учурунда Конституциялык мыйзамдын талаптарын бузуулардын болжолдуу түрлөрү
5-тиркеме. Кол коюу барактарын текшерүүнүн натыйжалары жөнүндө протокол.
6-тиркеме. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерди колдогон кол коюу барактарындагы колтамгаларды жана маалыматтарды текшерүүнүн ведомосту.
7-тиркеме. Кол коюу барактарында камтылган шайлоочулардын колтамгаларын жана маалыматтардын тактыгын текшерүү боюнча Жумушчу топтун корутундусу.
8-тииркеме. Кол коюу барактарында камтылган шайлоочулардын кол тамгаларын жана маалыматтарды текшерүү боюнча жумушчу топтун кортундусу
1.Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерди колдогон шайлоочулардын колтамгаларын чогултуу тартиби
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 62-беренесиндеги 2-пункттун жана “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Конституциялык мыйзамдын 52-беренесиндеги 1-пункттун талаптарына ылайык, Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер шайлоочулардын 30 миңден кем эмес колтамгасы менен колдоого алынууга тийиш.
Колтамгаларды чогултуу Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер көрсөтүлгөн жана талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы каттоо күбөлүгүн берген күндөн тартып башталат.
Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерди колдогон колтамгаларды чогултууну талапкердин Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясында катталган ыйгарым укуктуу өкүлдөрү уюштурат.
Талапкерди колдогон, шайлоочулардын колтамгаларын чогултуу үчүн кол коюу барактарын талапкерлер, алардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бекиткен форма (1-тиркеме кол коюу барагы биринчи вариант - бул жерде, экинчи вариант - бул жерде) боюнча зарыл санда өз алдынча даярдайт. Кол коюу барагы, эреже катары, А4 форматындагы ак кагаздын стандарттуу машинкалык барагында даярдалат.
Ар бир кол коюу барагынын алдыңкы бетинде Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерди колдогон шайлоочулардын колтамгаларын чогултууну жүзөгө ашырууда анын фамилиясы, аты-жөнү (кыскартылбастан), туулган датасы (жылы, күнү, айы), (эмгек китепчесинде көрсөтүлгөн) иштеген жери, ээлеген кызматы (ишинин түрү) көрсөтүлөт.
Эгерде Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер саясий партия тарабынан көрсөтүлгөн болсо, анда кол коюу барагында, жогоруда көрсөтүлгөн маалыматтардан тышкары, ээлеген кызматынан (ишинин түрүнөн) кийин талапкердин тиешелүү саясий партияга таандыктыгы жөнүндө маалымат кошулат.
Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерди колдогон колтамгаларды чогултуу укугу Кыргыз Республикасынын 18 жашка толгон иш-аракетке жарактуу жаранына таандык.
Талапкер, анын ыйгарым укуктуу өкүлү шайлоочулардын колтамгаларын чогултууну жүргүзүп жаткан адам менен колтамгаларды чогултуу жөнүндө тиешелүү келишим түзүшү мүмкүн. Бул ишке акы төлөө талапкердин шайлоо фондунун каражаттарынан гана жүргүзүлүүгө тийиш. Кыргыз Республикасынын жараны болуп саналбаган адамдар колтамгаларды чогултууга укуксуз.
Колтамгаларды чогултуу активдүү шайлоо укугуна ээ болгон шайлоочулардын арасында жүзөгө ашырылат. Шайлоочулардын колтамгаларын чогултуу иштеген, кызмат өтөгөн, окуган, жашаган жерлер боюнча, шайлоо алдындагы иш-чараларда, ошондой эле колтамгаларды чогултууга «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Конституциялык мыйзамда тыюу салынбаган башка жерлерде жүргүзүлөт.
Жергиликтүү администрациялардын, менчиктин бардык формаларындагы ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын жетекчилери бардык талапкерлерге колтамгаларды чогултуу үчүн бирдей шарттарды түзүүгө көмөк көрсөтүүгө, бул үчүн тиешелүү жайларды бөлүүгө милдеттүү.
Колтамгаларды чогултууга администрациялардын, менчиктин бардык формаларындагы ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын катышуусуна, ошондой эле кол коюу барагына кол коюуга шайлоочуларды мажбурлоонун же кол койгону үчүн сыйлоонун ар кандай формаларына, ошого тете колтамгаларды чогултууга тоскоолдук кылууга жол берилбейт. Эмгек акы, пенсиялар жана башка социалдык төлөмдөр берилген жерлерде жана төлөп берүү убактысында шайлоочулардын колтамгаларын чогултууга тыюу салынат. Ушул тыюу салууларды одоно жана бир нече жолу бузуу маалыматтар аныкталгандан кийин шайлоо комиссиялары жана соттор чогултулган колтамгаларды жараксыз деп табышына жана (же) Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерди каттоодон баш тартууга, Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерди каттоону жокко чыгарууга негиз болушу мүмкүн.
Ар бир кол коюу барагы форма боюнча так толтурулат, анда ар бир шайлоочу кол коюу барагына өзүнүн колун коюп, төмөнкүдөй маалыматтарды: өзүнүн фамилиясын, аты-жөнүн, туулган жылын (18 жаш курактагылар - кошумча түрдө туулган күнүн жана айын), жашаган жеринин дарегин жана кол койгон датасын өз колу менен жазып көрсөтөт. Шайлоочулардын маалыматтары жана колтамгалары кол коюу барактарына шарик калеми менен жазылат. Кол коюу барагындагы машинкада басуу ыкмасы менен киргизилген же карандаш менен толтурулган маалыматтар кол коюу барактарын толтуруунун тууралыгын текшерүү учурунда эсепке алынбайт. Кол коюу барагында оңдоолорго жана өчүрүп тазалоого жол берилбейт.
Шайлоочулар ар кандай талапкерлерди колдоого, бирок бир эле талапкерди колдоп бир гана жолу кол коюуга укуктуу. Кол коюу барагындагы бардык графаларды шайлоочу сөздү кыскартпастан толтурат, буга жалпы кабыл алынган: шаар - ш., поселок - пос, көчө - көч., квартира - кв. деген жана башка кыскартуулар кирбейт. Эгерде кол коюу барагын толтуруу учурунда шайлоочу өзү жөнүндө маалыматтарды кол коюу барагынын формасында каралган толук көлөмдө жазбаса, бул шайлоочунун колтамгасы эсепке алынбайт.
Кол коюу барактары бир же эки тарабынан тең толтурулушу мүмкүн. Эгерде шайлоочулардын колтамгалары кол коюу барагынын алдыңкы жана арткы беттеринде болсо, анда кол коюу барагынын арткы бети шайлоочулардын колтамгаларына бирдиктүү номур коюлат жана ал алдыңкы беттин уландысы болуп саналат. Мындай учурда Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерди колдоп чогултулган колтамгалардын аныктыгы жөнүндө колтамгаларды чогулткан адамдын жана талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлүнүн күбөлөндүрүүчү колтамгалары ар бир кол коюу барагына коюлат. Кол коюу барагынын бир тарабы толтурулган учурда жогоруда көрсөтүлгөн адамдардын колтамгалардын аныктыгы жөнүндө күбөлөндүрүүчү колтамгалары кол коюу барагынын алдыңкы бетине коюлат.
Колтамгаларды чогултуу аяктагандан кийин, ар бир колтамга чогултуучу кол коюу барагын күбөлөндүрүүчү жазууну өз колу менен толтурат, анда ал жеке өзү чогулткан колтамгалар чын жана туура экендигин белгилейт, өзүнүн фамилиясын, аты-жөнүн, паспортунун же аны алмаштырган документтин сериясын жана номурун, колтамгаларды чогултуу жүргүзүлгөн калктуу конуштун аталышын көрсөтөт, өзүнүн колун жана маалымат көрсөтүлгөн кол коюу барагына датаны коет. Толтурулган кол коюу барактары колтамгаларды чогулткан адам тарабынан талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлүнө берилет, ал да өзүнүн фамилиясынын, аты-жөнүнүн тушуна өзүнүн колун жана датасын жеке өз колу менен коет.
Талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү сунуш кылынган колтамгалардын аныктыгы үчүн жоопкерчилик тартышат. Ошондуктан аларды Борбордук шайлоо комиссиясына сунуш кылганга чейин алар барактарды текшерүүгө жана аныктыгына шек туудурган шайлоочулардын айрым колтамгаларын алып салууга (чийип салууга) укуктуу. Текшерүү жүргүзүү учурунда шайлоо комиссиясына сунуш кылганга чейин кол коюу барактарындагы алар алып салган (чийип салган) колтамгалар, эгерде бул алар тарабынан атайын белгиленсе, эске алынбайт.
Талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү ар бир аймак (район, шаар), Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жерлер (алардын болгон учурунда) боюнча шайлоочулардын чогултулган колтамгаларынын санын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын шайлоочуларынын колтамгаларынын жалпы санын эсептейт. Колтамгаларды эсептөөнүн натыйжалары боюнча ар бир аймак боюнча өзүнчө шайлоочулардын колтамгаларын чогултуунун жыйынтыктары жөнүндө протоколдор, ошондой эле - Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бекиткен формалар боюнча колтамгаларды чогултуунун жалпы жыйынтыктары жөнүндө протокол түзүлөт (2 -тиркеме).Протоколдорго Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү кол коет.
Толтурулуп бир же бир нече папкаларга брошюраланган жана Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерди колдогон шайлоочулардын колу бар номурлар коюлган кол коюу барактарын талапкерлердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү шайлоо күнүнө чейин 50 календарлык күндөн кечиктирбестен жергиликтүү убакыт боюнча саат 18ге чейин Борбордук шайлоо комиссиясына тапшырат.
Ыйгарым укуктуу өкүлдөрдүн катышуусунда ар бир кол коюу барагын (алдыңкы жана арткы беттерин) Борбордук шайлоо комиссиясынын мөөрү менен күбөлөндүрөт, сунуш кылынган кол коюу барактарынын саны шайлоочулардын колтамгаларын чогултуунун жыйынтыктары жөнүндө протоколдо көрсөтүлгөн санга төп келе тургандыгын текшерет жана андан соң кол коюу барактарын кабыл алуу жөнүндө ырастоону жазуу жүзүндө берет, мында кол коюу барактары бар кабыл алынган брошюраланган папкалардын санын жана шайлоочулардын колтамгаларынын билдирилген санын, кабыл алуу датасын жана убактысын (саатын жана мүнөтүн) көрсөтөт (3-тиркеме).
Шайлоочулардын колтамгалары бар чогултулган бардык кол коюу барактары Борбордук шайлоо комиссиясына бир эле учурда тапшырылат. Кол коюу барактарын расмий кабыл алгандан кийин, талапкерлер жана алардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү тарабынан кошумча кол коюу барактарын сунуш кылуусуна жол берилбейт.
2. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерди колдогон
шайлоочулардын маалыматтарынын жана колтамгаларынын аныктуулугун
текшерүү тартиби
«Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Конституциялык мыйзамга ылайык, кол коюу барактарындагы шайлоочулардын маалыматтарынын жана колтамгаларынын аныктуулугу кол коюу барактары кабыл алынган күндөн тартып он күндүк мөөнөттүн ичинде текшерилет.
Борбордук шайлоо комиссиясы колтамгалардын жана шайлоочулар жөнүндө тиешелүү маалыматтардын ишенимдүүлүгүн текшерүү үчүн каттоо кызматтарынын кызматкерлерин тарта алат, ошондой эле кол коюу барактарына киргизилген маалыматтардын аныктуулугун текшерүү жөнүндө сунуш менен тиешелүү органдарга кайрылууга укуктуу, алар текшерүүнүн натыйжалары жөнүндө Борбордук шайлоо комиссиясына шайлоо мыйзамдарында белгиленген мөөнөттүн ичинде билдирүүгө милдеттүү.
Кол коюу барактарында камтылган жана текшерилүүгө тийиш болгон маалыматтын зор көлөмүн жана ошол эле учурда аларды текшерүү үчүн салыштырмалуу кыска мөөнөттү эске алып, Борбордук шайлоо комиссиясы өзүнүн чечими менен колтамгалардын жана тиешелүү маалыматтардын аныктуулугун текшерүүнү жүргүзүү үчүн өзүнүн, ошондой эле төмөн турган райондук, шаардык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнүн жана ишке тартылган адистеринин - паспорттук-виза кызматынын эксперттердин, колтамга текшерүүчүлөрдүн, аскер комиссариаттарынын, юстиция органдарынын, Кыргыз Республикасынын калкын эсепке алууну жүзөгө ашырган адистешкен мекемелердин жана уюмдардын адистеринин ичинен Жумушчу топторду түзө алат. Алардын корутундулары кол коюу барактарындагы маалыматтарды ишенимдүү эмес деп табуу үчүн негиз боло алат. Көрсөтүлгөн маалыматтардын аныктуулугун белгилөө үчүн шайлоо комиссиялары шайлоочуларды, референдумдун катышуучуларын каттоонун (эсепке алуунун) мамлекеттик системасын пайдаланууга укуктуу.
Бардык сунуш кылынган маалыматтар жана колтамгалар (тегиз текшерүү) же бул маалыматтардын жана колтамгалардын капилет тандоо (чүчүкулак) аркылуу текшерүү үчүн тандалган бир бөлүгү (тандап текшерүү) текшерилиши мүмкүн.
Тандап текшерүү учурунда Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлерге бирдей шарттарды камсыз кылуу максатында ар бир талапкерди колдоп чогултулган, маалыматтардын аныктуулугу текшериле турган шайлоочулардын колтамгаларынын санын Борбордук шайлоо комиссиясы сунуш кылган колтамгаларга пропорциялуу белгилейт.
Тандап текшерүү учурунда кол коюу барактары капилет тандоо (чүчүкулак) аркылуу бөлүп алынат. Кол коюу барактары бар папка капилет тандоо бирдиги болуп саналат. Тандоону жүргүзүү үчүн кол коюу барактарын кабыл алуунун иш жүзүндөгү натыйжалары бар шайлоочулардын колтамгаларын чогултуунун жыйынтыктары жөнүндө протокол пайдаланылат, анда берилген папкалардын номурлары, ар бир папка боюнча кол коюу барактарынын жана шайлоочулардын саны көрсөтүлөт. Капилет текшерүү учурунда папкалардын номурлары чүчүкулак боюнча тандап алынат жана аларда камтылган колтамгалардын саны ырааттуу суммаланат. Бул аракеттер Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна бардык талапкерлер үчүн бирдей болууга тийиш болгон колтамгалардын талап кылынган санына жетишкенге чейин жүргүзүлөт. Эгерде акыркы тандалган папкада текшерүү үчүн зарыл болгондон көп сандагы колтамгалар камтылган болсо, анда текшерүү үчүн аныкталган колтамгалардын жыйынтык санын бере турган папкалардан алынган кол коюу барактары гана текшерилүүгө тийиш.
Кол коюу барактарын текшерүүнү жүргүзүү, анын ичинде капилет тандоону (чүчүкулакты) жүргүзүү учурунда колтамгаларды берген талапкер же анын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү катышууга укуктуу, алар жүргүзүлгөн текшерүүдөн жана чүчүкулактан кийин шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү менен бирдикте капилет тандоонун (чүчүкулактын) эркин формада түзүлгөн протоколуна кол коет. Кол коюу барактарын текшерүүнү жүргүзүү убактысы жана чүчүкулак өткөрүү убактысы жөнүндө Борбордук шайлоо комиссиясы жогоруда көрсөтүлгөн адамдарга күн мурунтан билдирет. Чүчүкулак кол коюу барактарын кабыл алуу жөнүндө жазуу жүзүндөгү ырастоо берилгенден кийин түздөн-түз жүргүзүлөт. Шайлоочулардын кол коюу барактарындагы маалыматтарын жана колтамгаларын тандап текшерүү учурунда Жумушчу топ чүчүкулакты жүргүзүү протоколу түзүлгөндөн кийин гана бардык тандалган кол коюу барактарын текшерүүгө кирише алат. Текшерүү үчүн тандалган кол коюу барактарында камтылган бардык колтамгалар жана аларга ылайык келген маалыматтар текшерилүүгө тийиш.
Кол коюу барактарына киргизилген, бирок кол коюу барактары Борбордук шайлоо комиссиясына берилгенге чейин ыйгарым укуктуу өкүлдөр алып салган (чийип салган) шайлоочулардын колтамгалары жана аларга ылайык келген маалыматтар, эгерде бул алып салуу алар тарабынан атайын белгиленген болсо, текшерилүүгө жана эсепке алынууга тийиш эмес.
Кол коюу барактарында камтылган колтамгалардын жана маалыматтардын аныктуулугун текшерүүнүн натыйжалары боюнча шайлоочунун колтамгасы анык же анык эмес же болбосо жараксыз деп табылышы мүмкүн.
«Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Конституциялык мыйзамдын 52-беренесинин жана ушул Нускаманын талаптарына ылайык Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер жөнүндө, шайлоочулар жөнүндө, колтамгаларды чогулткан адам жөнүндө жана талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлү жөнүндө кол коюу барагына киргизилген маалыматтар бар болгон шартта колтамгалар анык деп табылат.
Кол коюу барагында ушул талаптарга жок эле дегенде бир төп келбестикти табуу (мисалы, шайлоочунун аты-жөнүн кыскартуу, он сегиз жаштагы шайлоочу үчүн туулган күнүнүн жана айынын жоктугу, паспорттук маалыматтардын, шайлоочунун ким экендигин тастыктаган документтин маалыматтарынын анык эместиги же толук эместиги) шайлоочунун колтамгасын анык эмес деп табууга алып келет (4-тиркеме).
Анык эмес колтамгалар деп төмөнкүлөр эсептелет:
1. Активдүү шайлоо укугуна ээ болбогон адамдардын колтамгалары жана кол коюу барагында чындыкка коошпогон маалыматтарды көрсөткөн шайлоочулардын колтамгалары;
2. Шайлоочулардын зарыл маалыматтары көрсөтүлбөгөн колтамгалары;
3. Конституциялык мыйзамга ылайык талап кылынган маалыматтарды толук эмес камтыган же колтамгасын койгон шайлоочу кол койгон датасын өзү көрсөтпөгөн шайлоочулардын колтамгалары;
4. Эгерде төмөнкүдөй оңдоолор шайлоочу же кол коюу барактарын күбөлөндүргөн адамдар тарабынан атайын белгиленбеген болсо, шайлоочулар жөнүндө аларга ылайык келген маалыматтардагы ондоолору бар шайлоочулардын колтамгалары;
5. Ар кандай адамдардын атынан бир адам же бир адамдын атынан башка адам аткарган шайлоочулардын колтамгалары;
6. Конституциялык мыйзамда белгиленген мөөнөткө чейин кол коюу барагына киргизилген, башкача айтканда Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерди көрсөтүү датасына чейин, ошондой эле Борбордук шайлоо комиссиясы талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлүн каттоого чейинки шайлоочулардын колтамгалары.
Жараксыз колтамгалар деп төмөнкүлөр эсептелет:
1. Колтамгаларды чогултууга юридикалык жактардын же алардын филиалдарынын жана өкүлчүлүктөрүнүн администрациялары катышкан учурдагы шайлоочулардын колтамгалары;
2. Колтамгаларды чогултуу процессинде шайлоочуларга карата мажбурлоо же кол койгондугу үчүн сыйлык берүү чаралары колдонулган учурдагы шайлоочулардын колтамгалары;
3. Эмгек акы төлөө, пенсияларды, пособиелерди жана башка социалдык төлөмдөрдү алуу, кайрымдуулук көрсөтүлгөн жерлерде жана убактысында чогултулган шайлоочулардын колтамгалары;
4. Шайлоочулар жөнүндө маалыматтарды кол коюу барагына шайлоочулар өз колу менен жазбаган учурдагы шайлоочулардын колтамгалары;
5. Өздөрү жөнүндө маалыматтар кол коюу барагына кол менен эмес же карандаш менен жазылган шайлоочулардын колтамгалары;
6. Борбордук шайлоо комиссиясы бекиткен кол коюу барагынын формасы менен белгиленген талаптарды бузуу аркылуу даярдалган кол коюу барагындагы бардык колтамгалар.
Кол коюу барактарын текшерүү учурунда Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна бир эле талапкерди колдогон бир эле адамдын бир нече колтамгасы табылган учурда, бир гана колтамга анык деп эсептелет, ал эми калган колтамгалар жараксыз деп табылат.
Кол коюу барагынан Конституциялык мыйзамдын талаптарына ылайык эмес (ылайык келбеген) толтурулган сапты (саптарды) тапкан учурда, ошол саптагы (саптардагы) колтамга гана эсепке алынбайт. Кол коюу барактарын текшерүүнү аяктагандан кийин Жумушчу топ ар бир талапкер боюнча тийиштүү протоколду өзүнчө түзөт (5-тиркеме), анда талапкерди колдогон шайлоочулардын билдирген колтамгаларынын саны, сунуш кылынган колтамгалардын саны, текшерилген колтамгалардын саны, анык эмес жана (же) жараксыз деп табылган колтамгалардын саны көрсөтүлөт, мында аларды анык эмес же жараксыз деп табуунун негиздери көрсөтүлөт (6- тиркеме).
Бул протоколго Жумушчу топтун төрагасы, катчысы жана мүчөлөрү кол коет, протоколго текшерүү фактысын ырастаган документтерди (текшерүү ведомостун, эксперттердин жана башкалардын корутундуларын) тиркөө менен текшерүүнүн натыйжалары жөнүндө ушул топтун жазуу жүзүндөгү корутундусу тиркелет. Жумушчу топтун корутундусуна бул топтун текшерүүгө катышкан бардык мүчөлөрү кол коет (7- тиркеме). Кол коюу барактарында камтылган шайлоочулардын кол тамгаларын жана маалыматтарды текшерүү боюнча жумушчу топтун кортундусу (8-тиркеме)
Протокол түзүлгөндөн кийин ага өзгөртүүлөрдү киргизүүгө жол берилбейт. Протоколдун көчүрмөсү талапкерге же анын ыйгарым укуктуу өкүлүнө берилет. Кол коюу барактарын текшерүү жүргүзүлгөндөн кийин шайлоочулардын жаңы (кошумча) колтамгаларын киргизүүгө, ошондой эле аларды талапкерлер, ыйгарым укуктуу өкүлдөр оңдошуна (чийип салууга) жол берилбейт.
Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоочулардын маалыматтарынын жана колтамгаларынын аныктуулугун көзөмөлдөп текшерүүнү жүзөгө ашыруу жөнүндө чечим кабыл алууга укуктуу.
Эгерде, анык эмес жана жараксыз деп табылган колтамгаларды алып салганда, Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерди колдогон шайлоочулардын сунуш кылынган колтамгаларынын саны каттоо үчүн жетишсиз болсо, аны каттоо жүргүзүлбөйт.
Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерди каттоо үчүн талап кылынган аны колдогон шайлоочулардын ишенимдүү колтамгаларынын санынын жетишпегендиги табылган учурда, талапкер же анын ыйгарым укуктуу өкүлү Борбордук шайлоо комиссиясынан протоколдун көчүрмөсү менен бир эле учурда Жумушчу топтун жетекчиси күбөлөндүргөн текшерүү ведомосун алууга укуктуу, анда колтамгаларды анык эмес жана жараксыз деп табуунун негиздери көрсөтүлөт, мында ушундай колтамгалардын ар бири камтылган папканын, кол коюу барагынын жана кол коюу барагындагы саптардын номурлары көрсөтүлөт.
Кол коюу барактарын жараксыз деп табуу жөнүндө Борбордук шайлоо комиссиясынын чечими сотко даттанылышы мүмкүн.