2012-жылдын 10-декабрындагы Токтому менен чыгарылган Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун чечиминин негизинде, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 106-беренесине, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6,7,18-беренелерине, «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10, 11-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Ысык-Көл облусунун жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоонун натыйжаларын жана добуш берүүнүн жыйынтыктарын аныктоо тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2012-жылдын 15-декабрындагы № 153 токтомунун 5-пунктунун Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Кызыл-Суу айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоону таануу жана добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары жөнүндө протоколдорду бекитүү бөлүгү жокко чыгарылсын.
2. Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Кызыл-Суу айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоодо №№ 3187, 3188, 3189 шайлоо участкалары боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары жараксыз деп табылсын.
3. № 4 Батыш шайлоо округу жана № 5 Жалгыз-Өрүк шайлоо округу боюнча Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Кызыл-Суу айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоо жараксыз деп табылсын.
4. «Ысык-Көл облусунун жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоонун натыйжаларын жана добуш берүүнүн жыйынтыктарын аныктоо тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2012-жылдын 15-декабрындагы №153 токтомунун 2-тиркемесинде Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Кызыл-Суу айылдык кеңешинин шайланган депутаттарынын тизмесинен төмөнкүлөр алып салынсын: Усенбаева Озипа Бейшеевна, Сулаймбеков Турганбай Шаршеевич, Джакыбалиев Болотбек Джумаевич, Жаманов Бактыбек Зарылбекович, Иманалиев Максат Салакунович, Бекбоев Нурлан Саркыталиевич, Атамкулов Абдылдабек Джакшылыкович, Старцева Татьяна Сергеевна, Ниязов Пазылжан, Ибраимова Чолпон Мамбетказиевна, Алымов Манас Кадырович, Абдраев Зарлык Кадырович, Ташматов Камчыбек Исмаилович, Борүбаев Канат Тушанович, Ашырбаев Нурлан Нурмухамедович, Сулайманов Токтобек Асанканович, Табалдиева Светлана Омуркалаевна, Супатаев Канатбек Аалиевич, Исмаилов Курманбек Шаршеевич, Черикчиев Сабдарбек Айтбаевич, Жетимишбаев Мурат Каленович.
5. Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз аймактык шайлоо комиссиясы добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары жөнүндө өз протоколдорун ушул токтомго ылайык келтирсин.
6. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын.
7. Бул токтомдун аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Т.Шайымкуловага жүктөлсүн.
ТӨРАГА Т. АБДРАИМОВ
Бишкек ш., 2013-жылдын 19-январы
№ 9