20.01.2020. №6 2020-жылы 8-январында өткөрүлгөн Баткен облусунун Баткен районунун Кара-Бак айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө

2020-жылы 8-январда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2019-жылдын 19-декабрындагы №180 токтому менен дайындалган Баткен облусунун Баткен районунун Кара-Бак айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо болуп өттү.

Кара-Бак айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 2 талапкер – Каламбеков Абдикарим Саалыевич, Амиракулов Келдибек Моллобаевич катталган, талапкерлер жергиликтүү кеңештин депутаттарынан сунушталган.

Баткен аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2020-жылдын 8-январындагы протоколу менен Кара-Бак айылдык кеңешиндеги 21 депутаттын 19 депутаты катышып, А.С. Каламбеков – 11 добуш, К.М. Амиракулов - 8 добуш алганы, “бардык талапкерлерге каршы” позициясына – 0 добуш берилгендиги белгиленген.

Баткен аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2020-жылдын 8-январындагы протоколу менен Каламбеков Абдикарим Саалыевич Кара-Бак айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган.

Баткен облусунун Баткен районунун Кара-Бак айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгына жана шайлоонун натыйжасына арыз, даттануулар түшкөн жок.

Баткен аймактык шайлоо комиссиясынын Кара-Бак айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорунун негизинде, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерине, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 2020-жылы 8-январда өткөрүлгөн Баткен облусунун Баткен районунун Кара-Бак айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдор бекитилсин.

1.1. Баткен облусунун Баткен районунун Кара-Бак айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп табылсын.

1.2. Каламбеков Абдикарим Саалыевич Баткен облусунун Баткен районунун Кара-Бак айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылсын.

2. Баткен аймактык шайлоо комиссиясы Кара-Бак айыл өкмөтүнүн шайланган башчысына белгиленген үлгүдөгү күбөлүктү тапшырсын.

3. Бул токтом “Эркин Тоо” газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Г. Бекматовго жүктөлсүн.

ТӨРАГА                                                                       Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

Бишкек ш., 2020-жылдын  20-январы

№6