28.11.2019 №162 2019-жылы 12-ноябрда өткөрүлгөн Талас облусунун Бакай-Ата районунун Кең-Арал айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө

2019-жылы 12-ноябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2019-жылдын 24-октябрындагы 153 токтому менен дайындалган Талас облусунун Бакай-Ата районунун Кең-Арал айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо болуп өттү.

Кең-Арал айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 1 талапкер –Токонов Багдад Шекербекович катталган, талапкер жергиликтүү кеңешинин депутынан сунушталган.

Бакай-Ата аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2019-жылдын 12-ноябрындагы  протоколу менен        Кең-Арал айылдык кеңешиндеги 11 депутаттын 9 депутаты катышып, Б.Ш. Токонов 9 добуш алды, “бардык талапкерлерге каршы” позициясына – 0 добуш берилгендиги белгиленген.

Бакай-Ата аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2019-жылдын 12-ноябрындагы протоколу менен Токонов Багдад Шекербекович Кең-Арал айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган.

Талас облусунун Бакай-Ата районунун Кең-Арал айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгына жана шайлоонун натыйжасына арыз, даттануулар түшкөн жок.

Бакай-Ата аймактык шайлоо комиссиясынын Кең-Арал айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорунун негизинде, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерине, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 2019-жылы 12-ноябрда өткөрүлгөн Талас облусунун Бакай-Ата районунун Кең-Арал айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдор бекитилсин.

1.1. Талас облусунун Бакай-Ата районунун Кең-Арал айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп табылсын.

1.2. Токонов Багдад Шекербекович Талас облусунун Бакай-Ата районунун Кең-Арал айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылсын.

2.  Бакай-Ата аймактык шайлоо комиссиясы Кең-Арал айыл өкмөтүнүн шайланган башчысына белгиленген үлгүдөгү күбөлүктү тапшырсын.

3. Бул токтом “Эркин Тоо” газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Г. Бекматовго жүктөлсүн.

ТӨРАГАНЫН 
ОРУН БАСАРЫ                                                                      А. БЕКМАТОВ
Бишкек ш., 2019-жылдын 28 -ноябры 
№ 162