Башкы УЧА Токтом 23.01.2025 №2 Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин … №157 Чүй облусунун жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоонун натыйжалары …

№157 Чүй облусунун жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоонун натыйжалары жана добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралу протоколдорду бекитүү жөнүндө

№349 2017-жылдын 3-сентябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоодогу шайлоо бюллетендери жөнүндө Об утверждении степени защиты специальной бумаги, имеющей индивидуальную защиту для изготовления избирательного бюллетеня по выборам депутатов Жогорку Кенеша Кыргызской Республики от 9 августа 2010 года, №140 Об утверждении форм и образцов избирательных документов по выборам депутатов Жогорку Кенеша Кыргызской Республики от 9 августа 2010 года, №143 Об утверждении форм сведений о кандидате, включенном в список кандидатов, списка кандидатов в депутаты Жогорку Кенеша Кыргызской Республики, выдвинутых политической партией по единому избирательному округу и перечня необходимых документов политической пар О Рабочей группе Центральной избирательной комиссии Кыргызской Республики по приему и проверке избирательных документов от политических партий от 10 августа 2010 года, №145 Об Общественной приемной Центральной комиссии по выборам и проведению референдумов Кыргызской Республики от 10 августа 2010 года, №146 Об определении банковского учреждения для открытия специального счета избирательного фонда политической партией от 10 августа 2010 года, №147 Об утверждении форм и образцов финансовых документов по выборам депутатов Жогорку Кенеша нового созыва Кыргызской Республики от 10 августа 2010 года, №148 О регистрации уполномоченных представителей политических партий от 12 августа 2010 года, №149 Об утверледении сметы расходов на подготовку и проведение выборов депутатов Жогорку Кенеша Кыргызской Республики от 12 августа 2010 года, №150 Об утверждении Положения “О порядке деятельности, статусе и полномочиях международных (иностранных) наблюдателей на выборах в Кыргызской Республике” от 12 августа 2010 года, №151 О регистрации уполномоченных представителей политических партий от 12 августа 2010 года, №152 О порядке аккредитации средств массовой информации Кыргызской Республики, участвующих в предвыборной агитации на выборах депутатов Жогорку Кенеша Кыргызской Республики от 12 августа 2010 года, №153 О регистрации уполномоченных представителей политических партий от 13 августа 2010 года, №155 О внесении изменений в состав Нарынской областной избирательной комиссии 14 августа 2010 года, №156 О регистрации уполномоченных представителей политических партий от 14 августа 2010 года, №157 О регистрации уполномоченных представителей политических партий от 16 августа 2010 года,№158 О внесении изменения в состав Иссык-Кульской областной избирательной комиссии от 17 августа 2010 года, №159 Об информационном обеспечении выборов от 17 августа 2010 года, №160 Об утверждении Порядка формирования и расформирования районных, городских и участковых избирательных комиссий от 17 августа 2010 года, №161 Об утверждении Положения «Об организации участия граждан Кыргызской Республики, проживающих или находящихся за пределами ее территории в выборах депутатов Жогорку Кенеша Кыргызской Республики 10 октября 2010 года» от 17 августа 2010 года, №162 Об утверждении Инструкции о порядке формирования, учета поступления и расходования денежных средств избирательных фондов политических партий от 17 августа 2010 года, №163 Об уполномоченных представителях политической партии «Алгыр Кыраан» от 18 августа 2010 года, №164 Об уполномоченных представителях политических партий «Партия народного самоуправления «Ак Санат» и Политической социалистической партии «Ата Мекен» от 18 августа 2010 года, №165 Об уполномоченном представителе политической партии Демократическая партия женщин и молодежи Кыргызстана «Новая сила» от 20 августа 2010 года, №166 О внесении изменения в состав Ошской областной избирательной комиссии от 23 августа 2010 года, №167 Об утверждении форм и образцов избирательных документов по выборам депутатов Жогорку Кенеша Кыргызской Республики от 23 августа 2010 года, №168 Об изготовлении в типографии ОАО «Учкун» журнала УИК от 23 августа 2010 года, №169 О разъяснении по применению пункта 5 статьи 72 Кодекса Кыргызской Республики «О выборах в Кыргызской Республике» от 23 августа 2010 года, №170 О разъяснении по применению пункта 3 статьи 25, пункта 1 статьи 69, статьи 70, пункта 3 статьи 72, пункта 3 статьи 77 Кодекса Кыргызской Республики «О выборах в Кыргызской Республике» от 23 августа 2010 года, №171 О внесении изменений и дополнения в Инструкцию «О порядке формирования, учета поступления и расходования денежных средств избирательного фонда политической партии» от 23 августа 2010 года, №172 О разъяснении об агитационных печатных материалах, значках и символах политической партии от 23 августа 2010 года, №173 Об аккредитации СМИ Кыргызской Республики для участия в предвыборной агитации на выборах Жогорку Кенеша Кыргызской Республики от 24 августа 2010 года, №174 О внесении изменений и дополнений в «Порядок формирования и расформирования районных, городских и участковых избирательных комиссий» от 24 августа 2010 года, №175 О контрольно-ревизионной группе от 24 августа 2010 года, №176 Об уполномоченных представителях Демократической партии Женщин и Молодежи Кыргызстана «Новая Сила» от 25 августа 2010 года, №177 Об удостоверении международных (иностранных) наблюдателей на выборах депутатов Жогорку Кенеша Кыргызской Республики 10 октября 2010 года от 25 августа 2010 года, №178 Об уполномоченных представителях Республиканской политической партии Кыргызстана «Таза Коом» от 27 августа 2010 года, №179 Об образовании избирательных участков от 27 августа 2010 года, №180 О делегировании отдельных полномочий нижестоящим районным и городским избирательным комиссиям от 27 августа 2010 года, №181 Об изготовлении печатей вновь образованным избирательным участкам от 27 августа 2010 года, №182 Об уполномоченных представителях политических партий от 29 августа 2010 года, №183 Об образовании избирательных участков за пределами Кыргызской Республики от 1 сентября 2010 года, №184 Об уполномоченном представителе политической партии «Молодежное движение 7 апреля» от 1 сентября 2010 года, №185 Об уполномоченных представителях политических партий от 1 сентября 2010 года, №186 Об утверждении текстов вывески и календаря от 1 сентября 2010 года, №187 О внесении изменений и дополнений в Памятку о юридической ответственности за нарушения избирательных прав от 1 сентября 2010 года, №188 О регистрации списка кандидатов от политической социалистической партии “Ата Мекен” от 2 сентября 2010 года, №189 О регистрации списка кандидатов от идеалистической демократической политической партии “Ата Журт” от 2 сентября 2010 года, №190 О прекращении полномочий уполномоченных представителей политических партий от 2 сентября 2010 года, №191

2012-жылдын 25-ноябрында Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылдын 24-сентябрындагы №204 Жарлыгы менен Чүй облусунун Аламүдүн, Жайыл, Кемин, Москва, Панфилов, Сокулук, Чүй, Ысык-Ата райондорунун жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо өткөрүлгөн. 

Шайлоолорду өткөрүү үчүн “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык Чүй облусу боюнча 5 бирдиктүү жана 286 көп мандаттуу шайлоо округдары түзүлгөн.

Жергиликтүү кеңештердин депутаттыгынын 1698 мандатына 5366 талапкерлер көрсөтүлгөн, алардан 5 137 талапкер катталган. Катталган талапкерлердин ичинен 2013 талапкерди саясий партиялар, 353 талапкерди шайлоочулардын топтору көрсөткөн, 2771 өзүн өзү көрсөткөндөр.

Добуш берүүгө 197 875 шайлоочу катышкан, бул Чүй облусунун шайлоочуларынын жалпы санынын 47,5% түзөт.

Шайлоолордун жыйынтыгы боюнча, аймактык шайлоо комиссияларынын добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоолордун натыйжалары жөнүндө протоколдоруна ылайык жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына 1680 талапкер шайланган.

Эки шайлоо участкасында добуш берүүнүн жыйынтыктары жараксыз деп таанылган:

-Москва аймактык шайлоо комиссиясынын 2012-жылдын
26-ноябрындагы №16 чечими менен Москва районунун Александровка айылдык кеңешинен №7281 (9 мандат);

-Чүй аймактык шайлоо комиссиясынын 2012-жылдын 27-ноябрындагы №12 чечими менен Чүй районунун Чүй айылдык кеңешинен №7057
(9 мандат).

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына (мындан ары-Борбордук шайлоо комиссиясы) шайлоо процессинин катышуучуларынан шайлоо комиссияларынын добуш берүүнүн жыйынтыктарын белгилөөдөгү чечимдерине карата бардыгы 34 кат жүзүндөгү кайрылуулар (арыздар, даттануулар, актылар) түшкөн (маалымкат тиркелет).

Борбордук шайлоо комиссиясы Чүй облусунун аймактык жана участкалык шайлоо комиссияларынан түшкөн шайлоо документтерин, ошондой эле шайлоо процессинин субьектилеринин даттанууларын, актыларын карап чыгып, Чүй облусунун Москва районунун №№ 7273, 7280, Сокулук районунун №№ 7230, 7231, 7233, 7235, 7237, Жайыл районунун №7327, Аламүдүн районунун №№ 7188, 7194 шайлоо участкаларында добуш берүүнүн жыйынтыгына таасирин тактоого мүмкүндүк бербеген, ошондой эле жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо шайлоочулардын эрк ниетине таасир берген бузууларды аныктаган.

Аламүдүн, Жайыл, Кемин, Москва, Панфилов, Сокулук, Чүй, Ысык-Ата аймактык шайлоо комиссияларынан добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоолордун натыйжалары жөнүндө келип түшкөн протоколдордун негизинде, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн
2, 24-пункттарына, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 37-беренесинин 4-бөлүгүнө, 40-беренесинин 4-бөлүгүнө, 56-1, 62-беренелерине ылайык Борбордук шайлоо комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Борбордук шайлоо комиссиясына түшкөн Чүй облусунун жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоолор боюнча даттанууларды жана арыздарды кароо жөнүндө маалымкат эске алынсын (1-тиркеме).

2. Аламүдүн району боюнча:

1) Аламүдүн районунун Нижняя Ала-Арча, Маевка, Пригородное, Ала-Арча, Октябрь, Васильевка, Гроздно, Ленин, Ак–Дөбө, Аламүдүн, Көк-Жар, Кара-Жыгач, Таш–Дөбө, Байтик айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоо өттү деп табылсын;

2) шайлоо участкаларындагы добуш берүүлөр таанылсын:

-№ 6 шайлоо округунун № 7188 шайлоо участкасында жараксыз деп табылсын жана № 6 шайлоо округу боюнча Лебединовка айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоо өткөн жок деп таанылсын;

-№ 2 шайлоо округунун № 7194 шайлоо участкасында жараксыз деп табылсын жана № 2 шайлоо округу боюнча Таш-Мойнок айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоо өткөн жок деп таанылсын.

3) Аламүдүн районунун №№ 7188, 7194 участкалык шайлоо комиссиялары таркатылсын;

4) Аламүдүн районунун Нижняя Ала-Арча, Маевка, Пригородное, Ала-Арча, Октябрь, Васильевка, Гроздно, Ленин, Ак–Дөбө, Аламүдүн, Көк-Жар, Кара-Жыгач,
Таш–Дөбө, Байтик айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоолордун натыйжалары жөнүндө протоколдор бекитилсин.

3. Жайыл району боюнча:

1). Кара–Балта шаардык кеңешинин, Жайыл районундагы Полтавка,
Кызыл-Дыйкан, Ак-Башат, Сары-Коо, Кара-Суу, Степное, Жайыл, Сосновка, Сары-Булак, Талды-Булак, Суусамыр айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоо өттү деп табылсын;

2) № 1 шайлоо округунун № 7327 шайлоо участкасындагы добуш берүүнүн жыйынтыктары жараксыз деп табылсын жана № 1 шайлоо округу боюнча Красновосточный айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоо өткөн жок деп таанылсын;

3) Кара-Балта шаардык шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжалары жөнүндө протоколго төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

-Кара-Балта шаардык кеңешине “Кыргызстандын социал-демократиялык партиясынан” шайланган депутаттар Молдокулова Уулбү Анарбаевна, Ирсалиев Медер Эсенгулович чыгарылсын;

-Кара-Балта шаардык кеңешине депутат болуп “Кыргызстандын социал-демократиялык партиясынан” шайланды деп Алымкулова Роза Бекболотовна, Ниязова Анаркүл Кулназаровна таанылсын;

4) добуш берүүнүн жыйынтыктары жана Кара-Балта шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжалары жөнүндө протокол ушул токтомдун 3-пунктунун 3-пунктчасын эсепке алуу менен бекитилсин;

5) Жайыл районундагы Полтавка, Кызыл-Дыйкан, Ак-Башат, Сары-Коо, Кара-Суу, Степное, Жайыл, Сосновка, Сары-Булак, Талды-Булак, Суусамыр айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоолордун натыйжалары жөнүндө протколдор бекитилсин;

4. Кемин району боюнча:

1) Орловка шаардык кеңешинин, Кемин районундагы Ак-Түз, Алмалы, Боролдой, Дүйшеев, Жаңы–Алыш, Ильич, Кара–Булак, Көк–Ойрок, Кызыл–Октябрь, Чоң-Кемин, Чым–Коргон айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоо өттү деп табылсын.

2) Орловка шаардык кеңешинин, Кемин районундагы Ак-Түз, Алмалы, Боролдой, Дүйшеев, Жаңы–Алыш, Ильич, Кара–Булак, Көк–Ойрок, Кызыл–Октябрь, Чоң-Кемин, Чым–Коргон айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоолордун натыйжалары жөнүндө протоколдор бекитилсин.

5. Москва району боюнча

1) Москва районунун Сретенка, Беловодск, Чапаев, Төлөк, Целинное, Беш–Терек, Предтеченка, 1-май, Ак–Суу, Петровка айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоо өттү деп табылсын;

2) Москва аймактык шайлоо комиссиясынын 2012-жылдын
26-ноябрындагы № 16 Москва районунун Александровка айылдык кеңешинин № 7281 шайлоо участогу боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктарын жараксыз деп таануу жөнүндө протоколу жокко чыгарылсын;

3) Москва аймактык шайлоо комиссиясы өзүнүн добуш берүүнүн жыйыныктары жана шайлоонун натыйжалары жөнүндө протоколдорун ушул токтомго ылайык келтирсин;

4) добуш берүүнүн жыйынтыктары таанылган шайлоо участкалары:

-№1 шайлоо округунун №7273 шайлоо участкасында жараксыз деп табылсын жана №1 шайлоо округу боюнча Александровка айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоо өткөн жок деп таанылсын;

-№ 3 шайлоо округунун №7280 шайлоо участкасында жараксыз деп табылсын жана Садовая айылдык кеңешинин № 3 шайлоо округу боюнча депутаттарды шайлоо өткөн жок деп таанылсын;

5) Москва районунун Сретенка, Беловодск, Чапаев, Төлөк, Целинное, Беш–Терек, Предтеченка, 1-май, Ак–Суу, Петровка айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоолордун натыйжалары жөнүндө протоколдор бекитилсин.

6. Панфилов району боюнча:

1). Кайыңды шаардык кеңешинин, Панфилов районундагы Вознесеновка, Фрунзе, Күрпүлдөк, Орто, Курама, Чалдыбар айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоо өттү деп таанылсын;

2) Кайыңды шаардык кеңешинин, Панфилов районундагы Вознесеновка, Фрунзе, Күрпүлдөк, Орто, Курама, Чалдыбар айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоолордун натыйжалары жөнүндө протоколдор бекитилсин.

7. Сокулук району боюнча:

1). Шопоков шаардык кеңешинин, Сокулук районундагы Сокулук, Крупская, Гавриловка, Военно–Антоновка, Күнтуу, Фрунзе, Биринчи Май, Кайназарова,
Кызыл–Туу, Асылбаш, Саз, Төш–Булак, Ат–Башы, Жаңы–Пахта, Нижнечуйск, Камышановка, Жаңы–Жер айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоо өттү деп таанылсын;

2) добуш берүүнүн жыйынтыктары таанылган шайлоо участкалары:

-№№ 2, 3, 4 шайлоо округдарынын №№7230, 7231, 7233 шайлоо участкаларында жараксыз деп табылсын жана №№ 2, 3, 4 шайлоо округдары боюнча Новопавловка айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоо өткөн жок деп таанылсын;

-№№ 1, 3 шайлоо округдарынын №№ 7235, 7237 шайлоо участкаларында жараксыз деп табылсын жана №№ 1, 3 шайлоо округдары боюнча Орок айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоо өткөн жок деп таанылсын;

3) Сокулук районунун №№7230, 7231, 7233, 7235, 7237 участкалык шайлоо комиссиялары таркатылсын;

4) Шопоков шаардык кеңешинин, Сокулук районундагы Сокулук, Крупская, Гавриловка, Военно–Антоновка, Күнтуу, Фрунзе, Биринчи Май, Кайназарова, Кызыл–Туу, Асылбаш, Саз, Төш–Булак, Ат–Башы, Жаңы–Пахта, Нижнечуйск, Камышановка, Жаңы–Жер айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоолордун натыйжалары жөнүндө протоколдор бекитилсин.

8. Чүй району боюнча:

1) Чүй районунун Сайлык, Искра, Кош–Коргон, Онбир–Жылга, Шамшы, Ибраимов, Кегети, Бурана, Ак–Бешим, Чүй айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоо өттү деп табылсын.

2) Чүй аймактык шайлоо комиссиясынын 2012-жылдын
27-ноябрындагы №12 Чүй айылдык кеңешинин №7057 шайлоо участогу боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктарын жараксыз деп таануу жөнүндө протоколу жокко чыгарылсын;

3) Чүй аймактык шайлоо комиссиясы добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоолордун натыйжалары жөнүндө өз протоколдорун ушул токтомго ылайык келтирсин;

4) Чүй айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары жөнүдө протокол ушул токтомдун 8-пунктун 2-пунктчасын эсепке алуу менен бекитилсин;

5) Чүй районунун Сайлык, Искра, Кош–Коргон, Онбир–Жылга, Шамшы, Ибраимов, Кегети, Бурана, Ак–Бешим айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары жөнүндө протоколдор бекитилсин.

9. Ысык-Ата району боюнча:

1) Ысык–Ата районунун Кант шаардык кеңешинин,  Ак–Кудук, Бирдик, Жээк, Ивановка, Интернациональное, Кең–Булуң, Кочкорбаев, Красная Речка, Логвиненко, Люксембург, Ново-Покровка, Нурманбет, Сын–Таш, Туз, Узун–Кыр, Ысык–Ата, Юрьевка айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоо өттү деп табылсын.

2) Кант шаардык кеңешинин, Ысык–Ата районунун Ак–Кудук, Бирдик, Жээк, Ивановка, Интернациональное, Кең–Булуң, Кочкорбаев, Красная речка, Логвиненко, Люксембург, Ново-Покровка, Нурманбет, Сын–Таш, Туз, Узун–Кыр, Ысык–Ата, Юрьевка айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоолордун натыйжалары жөнүндө протоколдор бекитилсин.

10. Төмөндөгү жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлер депутаттыкка шайланды деп эсептелсин (2-тиркеме).

Шайланган депутаттарга белгиленген үлгүдөгү күбөлүк жана төш белги берилсин.

11. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жарыялансын жана Борбордук шайлоо комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын.

12. Бул токтом Сокулук районунун №№7230, 7231, 7233, 7235,  7237, Аламүдүн районунун №№ 7188, 7194 шайлоо участкаларында добуш берүү жана шайлоочулардын добуштарын саноо учурунда укук бузууга жол берген адамдарга карата тиешелүү чараларды көрүү үчүн Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына жөнөтүлсүн.

13. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Т. Шайымкуловага жүктөлсүн.

 

 ТӨРАГА                                                                                         Т. АБДРАИМОВ

 

            Бишкек ш., 2012-жылдын 15-декабры

            № 157