«Ата-Журт», «Республика», «Кыргызстан Социал-демократиялык партиясы», «Мекен Ынтымагы», «Ар-Намыс» саясый партияларынын ишенимдүү адамдарын каттоо жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясына келип түшкөн сунуштарды карап чыгып, "Кыргыз Республикасындагы Шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Кодексинин 10-беренесинин 1-пунктунун 3-, 22-, 24-пунктчаларына, 29-беренесинин 1-, 2-пункттарына ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Төмөндө көрсөтүлгөн саясый партиялардын ишенимдүү
адамдары катталсын:
- «Ата-Журт» саясый партиясынан 9 адам (тизмеси тиркелет);
- «Республика» саясый партиясынан 87 адам (тизмеси тиркелет);
- «Кыргызстан Социал-демократиялык партиясы» саясый партиясынан 10 адам (тизмеси тиркелет);
- «Мекен Ынтымагы" саясый партиясынан 21 адам (тизмеси тиркелет);
- «Ар-Намыс» саясый партиясынан - Ысык-Көл облусунун Тоң району жана Каракол шаары боюнча, Ош облусунун Кара-Суу району боюнча, Ош шаары боюнча - 175 адам (тизмеси тиркелет).
2. Саясый партиялардын катталган ишенимдүү адамдарына
белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөр берилсин.
ТӨРАГА А.САРИЕВ
Бишкек ш., 2010-жылдын 5-октябры
№ 300