№214 Ош облусунун Өзгөн районунун Баш-Дөбө, Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Тамга айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоону дайындоо жөнүндө

Ош облусунун Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы – акиминин 2018-жылдын 27-ноябрындагы № 333-б буйругу менен Баш-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысы Бөдөнов Кубанычбек, өзү берген арызынын негизинде, ээлеген кызматынан бошотулган.
Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы – акиминин 2018-жылдын 28-ноябрындагы № 75 буйругу менен Тамга айыл өкмөтүнүн башчысы Усенбаев Нурдоолот Толошович, өзү берген арызынын негизинде, ээлеген кызматынан бошотулган.
 “Кыргыз Республикасынын  шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын   6, 7, 14, 18-беренелерине, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 6-январындагы №3 токтому менен бекитилген “Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун тартиби жөнүндө” Жобосуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы                    
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Ош облусунун Өзгөн районунун Баш-Дөбө, Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Тамга айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо    2018-жылдын 19-декабрына дайындалсын жана саат 9-00дөн 12-00гө чейин өткөрүлсүн.
2.Өзгөн жана Жети-Өгүз аймактык шайлоо комиссиялары шайлоону өткөрүүнү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык уюштурсун.
3.Бул токтом “Эркин Тоо” газетасына жана  Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4.Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Бекматовго жүктөлсүн.
 
ТӨРАГА                                                    Н. ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш., 2018-жылдын 30 - ноябры
№ 214