14.12.2020 №465 2021-жылдын 10-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын башкаруу формасын аныктоо боюнча референдумду (бүткүл элдик добуш берүүнү) даярдоого жана өткөрүүгө чыгымдардын сметасын бекитүү жөнүндө
2021-жылдын 10-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын башкаруу формасын аныктоо боюнча референдумду (бүткүл элдик добуш берүүнү) даярдоого жана өткөрүүгө чыгымдардын сметасын бекитүү жөнүндө
2020-жылдын 11-декабрындагы № 6 “Кыргыз Республикасынын башкаруу формасын аныктоо боюнча референдумду (бүткүл элдик добуш берүүнү) дайындоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, “Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 42 - беренесин, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 7, 12, 18-пункттарын, 25-беренесинин 2, 3, 6, 7- бөлүктөрүн жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2021-жылдын 10-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын референдумду даярдоого жана өткөрүүгө чыгымдардын сметасы 39 946 000 (отуз тогуз миллион тогуз жүз кырк алты миң) сом суммасында бекитилсин (1- тиркеме).
1) Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын чыгымдарынын сметасын анын ичинен 2021-жылдын 10-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын референдумун даярдоого жана өткөрүүгө зарыл болгон борборлоштурулган сатып алууларды шайлоо комиссияларынын жүзөгө ашыруусу үчүн каражаттарды (2- тиркеме);
2) 2021-жылдын 10-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын референдумун даярдоого жана өткөрүүгө төмөн турган (аймактык жана участкалык) шайлоо комиссияларынын чыгымдарынын сметасын (3- тиркеме).
2. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын пландоо, эсеп, отчеттуулук бөлүмү Финансы министрлиги менен өз ара аракеттешип, бекитилген сметага ылайык Кыргыз Республикасынын референдумун даярдоону жана өткөрүүнү каржылоону уюштурсун, бөлүнгөн республикалык бюджеттин каражаттарын тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларына бөлүштүрүүнү камсыздасын;
3. Аймактык шайлоо комиссиялары Кыргыз Республикасынын референдумун даярдоого жана өткөрүүгө бөлүнгөн республикалык бюджеттин каражаттарын тиешелүү участкалык шайлоо комиссияларына бөлүштүрүүнү камсыздасын, бекитилген сметага ылайык аларды каржылык жактан камсыздоону уюштурсун жана ал каражаттардын максаттуу пайдаланылышын камсыздоого контроль жүргүзсүн.
4. Аймактык жана участкалык шайлоо комиссияларынын төрагалары бекитилген сметага ылайык акча каражаттарын тескешет, финансы документтеринин шайлоо комиссияларынын финансы маселелери боюнча чечимдерине ылайыктуулугу жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына финансылык отчетторду мыйзамда белгиленген мөөнөттө жана тартипте берүү үчүн жоопкерчилик тартышат.
5. Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Кыргыз Республикасынын борбордук шайлоо комиссиясынын алдындагы көзөмөлдөө-текшерүү тобу Кыргыз Республикасынын референдумун даярдоо жана өткөрүү үчүн шайлоо комиссияларына бөлүнгөн республикалык бюджеттин каражаттарынын максаттуу пайдаланылышына контроль жүргүзсүн.
6. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине жана Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине жөнөтүлсүн.
7. Бул токтом “Эркин Тоо” газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
8. Бул токтомдун аткарылышын контролдук жүргүзүү Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Г. Бекматовго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Н. ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш., 2020-жылдын 14 - декабры
№ 465