26.12.2020 №511 Ош облусунун Кара-Суу, Баткен облусунун Лейлек, Талас облусунун Бакай-Ата райондорунун аймактарындагы кээ бир шайлоо участкаларынын даректерин өзгөртүү жөнүндө

Кара-Суу, Лейлек, Бакай-Ата аймактык шайлоо комиссияларынын кээ бир шайлоо участкаларынын жылуулуктун жоктугуна байланыштуу даректерин өзгөртүү жөнүндө сунуштарынын негизинде, ошондой эле «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын    7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2, 4-пункттарына, 18-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ош облусунун Кара-Суу, Баткен облусунун Лейлек, Талас облусунун Бакай-Ата райондорунун аймактарындагы кээ бир шайлоо участкаларынын даректери тиркемеге ылайык өзгөртүлсүн.

2. Кара-Суу, Лейлек, Бакай-Ата аймактык шайлоо комиссиялары жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте шайлоочулардын арасында шайлоо участкаларынын даректери өзгөртүлгөндүгү тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзсүн.

3. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Г. Бекматовго жүктөлсүн.

 

ТӨРАГАНЫН ОРУН БАСАРЫ                                      А. БЕКМАТОВ

 

Бишкек ш., 2020-жылдын 26-декабры

№ 511