Контролдоо-текшерүү тобунун маалыматын угуп жана “Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Кодексинин 51, 52-беренелерин жана Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын 2009-жылдын 1-апрелиндеги № 41 токтому менен бекитилген саясий партиялардын шайлоо фонддорунун түзүү, акча каражаттарынын келип түшүшүн жана чыгымдалышын эсепке алуу тартиби жөнүндө Нускаманын 6-пунктунун 6, 5-пунктчаларын жетекчиликке алып Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Саясий партиялардын атайын шайлоо эсебинде турган акча каражаттарынын келип түшүшү жана чыгымдалышы жөнүндө контролдоо-текшерүү тобунун маалыматы эске алынсын (тиркеме).
2. Бул токтом “Эркин Тоо” газетасына жарыялансын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө контролдоо-текшерүү тобунун жетекчиси А. Абдыкалыковага жүктөлсүн.
ТӨРАГА А. САРИЕВ
Бишкек ш., 2010-жылдын 31-октябры
№ 328