2010-жылы 10-октябрда добуш берүү күнү камакта кармоодогу шайлоочулардын добуш берүүсүн уюштуруу максатында, “Кыргыз Республикасындагы Шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Кодексинин 21-беренесинин 3-пунктун, 42-беренесинин 1-пунктун, 10-беренесинин 1-пунктунун 6-пунктчасын жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын тергөө изоляторунда кармоодогу шайлоочулар Бишкек шаарынын Биринчи Май районунун №1221 участкалык шайлоо комиссиясына бекитилип берилсин.
2. Бишкек шаарынын Биринчи Май районунун №1221 участкалык шайлоо комиссиясы 2010-жылдын 10-октябрында добуш берүү үчүн добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүү тартибин уюштурусун.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Бишкек шаардык шайлоо комиссиясынын төрагасы Ч.К. Аламановго жүктөлсүн.
ТӨРАГА А.САРИЕВ
Бишкек ш., 2010-жылдын 8-октябры
№315