Борбордук шайлоо коммиссиясынын Чүй районунун Аламүдүн аймактык шайлоо комиссиясындагы атайын өкүлү Т. Молдобаевдин кызматтык катынын жана аймактык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн түшүнүктөрүнүн негизинде комиссия төмөндөгүлөрдү аныктады.
2012-жылдын 28-апрелинде өткөн Чүй облусунун Аламүдүн районунун Арашан айылдык аймагынын айыл өкмөт башчысын шайлоо Чүй облусунун Аламүдүн аймактык шайлоо комиссиясынын курамынын кворуму жок өткөрүлгөн.
“Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 24-беренесинин 1-бөлүгүнүн
1-пунктуна жана 2011-жылдын 27-декабрындагы № 423 токтом менен бекитилген “Айыл өкмөт башчыларын шайлоонун тартиби жөнүндө” Жобонун 36-пунктуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Чүй облусунун Аламүдүн районунун Арашан айылдык аймагынын айыл өкмөт башчысын шайлоо Чүй обусунун Аламүдүн аймактык шайлоо комиссиясы тарабынан шайлоо мыйзамдарын бузууга жол берилгендигинен өткөн жок деп таанылсын.
- Чүй облусунун Аламүдүн аймактык шайлоо комиссиясынын курамы бир нече жолу шайлоо мыйзамдарын бузгандыгынан таркатылсын.
- Чүй облусунун Аламүдүн районунун Арашан айылдык аймагынын айыл өкмөт башчысын кайра шайлоо Чүй облусунун Аламүдүн аймактык шайлоо комиссиясынын жаңы курамы түзүлгөндөн кийин мурда катталган талапкерлер менен өткөрүлсүн.
- Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппараты Чүй облусунун Аламүдүн аймактык шайлоо комиссиясынын жаңы курамын тез арада түзүүнүн чараларын көрсүн.
- Чүй облусунун Аламүдүн районунун мамлекеттик администрация башчысына-акимине, аталган маселе боюнча Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы шайлоонун натыйжаларын белгилегенге чейин Чүй облусунун Арашан айылдык аймагынын өкмөт башчысынын милдетин убактылуу аткаруучуну дайындоо сунушталсын.
- Бул токтом “Эркин Тоо” газетасына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын.
- Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси М.С. Султановго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Т. АБДРАИМОВ
Бишкек ш., 2012-жылдын 25-майы
№ 77