№444 Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Таалатбек Шамудинович Масадыковдун ыйгарым укуктуу өкүлүн каттоо жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна өзүн өзү көрсөтүү тартибинде көрсөтүлгөн талапкерТаалатбек Шамудинович Масадыковдун ыйгарым укуктуу өкүлүн каттоо жөнүндө түшкөн арызына байланыштуу,“Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-беренесинин, 1,2,3,4,5-бөлүктөрүн “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2,19-пункттарын,18-беренесинин 3-бөлүгүн жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 
 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Таалатбек Шамудинович Масадыковдуншайлоомаселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү болуп Турдалиев Канат Есалиевич катталсын.
2. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Таалатбек Шамудинович Масадыковдункатталган ыйгарым укуктуу өкүлүнө бекитилген үлгүдөгү ырастама берилсин.
3. Бул токтом“Эркин Тоо” газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин документтерин кабыл алуу боюнча жумушчу топтун жетекчисине жүктөлсүн. 


ТӨРАГА                                                  Н.ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш., 2017-жылдын 13-сентября
№444