17.06.2021 № 483 2021-жылы 10, 11, 12-июнунда өткөрүлгөн Ош облусунун Ноокат районунун Жаңы-Ноокат, Бел, Гулистан, Көк-Жар жана Он-Эки-Бел айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду
2021-жылы 10, 11, 12-июнунда өткөрүлгөн Ош облусунун Ноокат районунун Жаңы-Ноокат, Бел, Гулистан, Көк-Жар жана Он-Эки-Бел айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө
2021-жылы 10, 11, 12-июнунда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 25-майындагы № 293 токтому менен дайындалган Ош облусунун Ноокат районунун Жаңы-Ноокат, Бел, Гулистан, Көк-Жар жана Он-Эки-Бел айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо болуп өттү.
Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 3 талапкер – Рузалиев Нодирбек Зокиржонович, Кариев Мурпазыл Акжолович, Эргашев Икрамжан Турсимаматович катталган. Талапкерлер Жаңы-Ноокат айылдык кеңештин депутаттарынан сунушталган.
Ноокат аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2021-жылдын 10-июнундагы протоколу менен Жаңы-Ноокат айылдык кеңешиндеги 31 депутаты катышып, Н.З. Рузалиев -23 добуш, М.А. Кариев – 0 добуш, И.Т. Эргашев – 8 добуш, «бардык талапкерлерге каршы» позициясына – 0 добуш берилгендиги белгиленген.
Ноокат аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2021-жылдын 10-июнундагы протоколу менен Рузалиев Нодирбек Зокиржонович Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган.
Бел айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 2 талапкер – Абдиев Маматазим Табалдыевич, Казначиев Калмамат Абдуллаевич катталган. Талапкерлер Бел айылдык кеңештин депутаттарынан сунушталган.
Ноокат аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2021-жылдын 10-июнундагы протоколу Бел айылдык кеңешиндеги 21 депутаты катышып, М.Т. Абдиев - 11 добуш, К.А. Казначиев – 10 добуш, «бардык талапкерлерге каршы» позициясына – 0 добуш берилгендиги белгиленген.
Ноокат аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2021-жылдын 10-июнундагы протоколу менен Абдиев Маматазим Табалдыевич Бел айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган.
Гулистан айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 1 талапкер – Шаназаров Эргашали Буваназарович катталган. Талапкер Гулистан айылдык кеңештин депутаттарынан сунушталган.
Ноокат аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2021-жылдын 11-июнундагы протоколу менен Гулистан айылдык кеңешиндеги 31 депутатын 30 депутаты катышып, Э.Б. Шаназаров - 30 добуш, «бардык талапкерлерге каршы» позициясына – 0 добуш берилгендиги белгиленген.
Ноокат аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2021-жылдын 11-июнундагы протоколу менен Шаназаров Эргашали Буваназарович Гулистан айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган.
Көк-Жар айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 2 талапкер – Абдираим уулу Акылбек, Миңбаев Саттарали Мукумович катталган. Талапкерлер Көк-Жар айылдык кеңештин депутаттарынан сунушталган.
Ноокат аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2021-жылдын 12-июнундагы протоколу менен Көк-Жар айылдык кеңешиндеги 31 депутаты катышып, А. Абдираим уулу - 14 добуш, С.М. Миңбаев – 17 добуш, «бардык талапкерлерге каршы» позициясына – 0 добуш берилгендиги белгиленген.
Ноокат аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2021-жылдын 12-июнундагы протоколу менен Миңбаев Саттарали Мукумович Көк-Жар айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган.
Он-Эки-Бел айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 6 талапкер – Абдивасова Жанара Мамасыдыковна, Абдырахманов Каныбек Төлөнович, Осмонов Казыбек Келдибаевич, Сулейманова Урматай Сейдалиевна, Сагынбаев Расулбек Үсөнович, Абдыкимова Бузайнап Абдимиталиповна катталган. Талапкерлер Он-Эки-Бел айылдык кеңештин депутаттарынан сунушталган.
Ноокат аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2021-жылдын 12-июнундагы протоколу менен Он-Эки-Бел айылдык кеңешиндеги эки турдагы шайлоодо 21 депутаты катышып, биринчи турунда, Ж.М. Абдивасова - 0 добуш, К.Т. Абдырахманов– 4 добуш, К.К. Осмонов – 10 добуш, У.С. Сулейманова – 0 добуш, Р.У. Сагынбаев – 7 добуш, Б.А. Абдыкимова – 0 добуш, «бардык талапкерлерге каршы» позициясына – 0 добуш берилгендиги белгиленген, экинчи турунда, К.К. Осмонов - 14 добуш, Р.У. Сагынбаев – 7 добуш, «бардык талапкерлерге каршы» позициясына – 0 добуш берилгендиги белгиленген.
Ноокат аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2021-жылдын 12-июнундагы протоколу менен Осмонов Казыбек Келдибаевич Он-Эки-Бел айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган.
Ош облусунун Ноокат районунун Жаңы-Ноокат, Бел, Гулистан, Көк-Жар жана Он-Эки-Бел айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктарына жана шайлоонун натыйжаларына арыз, даттануулар түшкөн жок.
2021-жылдын 10, 11, 12-июнундагы Ноокат аймактык шайлоо комиссиясынын Жаңы-Ноокат, Бел, Гулистан, Көк-Жар жана Он-Эки-Бел айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорунун негизинде, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү
боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерине, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине ылайык,
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2021-жылы 10-июнунда өткөрүлгөн Ош облусунун Ноокат районунун Жаңы-Ноокат, Бел, 2021-жылы 11-июнунда өткөрүлгөн Гулистан, 2021-жылы 12-июнунда өткөрүлгөн Көк-Жар, Он-Эки-Бел айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу Ноокат аймактык шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 10, 11, 12-июнундагы протоколдору бекитилсин.
1.1. Ош облусунун Ноокат районунун Жаңы-Ноокат, Бел, Гулистан, Көк-Жар жана Он-Эки-Бел айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо өттү деп табылсын.
1.2. Рузалиев Нодирбек Зокиржонович Ош облусунун Ноокат районунун Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылсын.
1.3. Абдиев Маматазим Табалдыевич Ош облусунун Ноокат районунун Бел айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылсын.
1.4. Шаназаров Эргашали Буваназарович Ош облусунун Ноокат районунун Гулистан айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылсын.
1.5. Миңбаев Саттарали Мукумович Ош облусунун Ноокат районунун Көк-Жар айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылсын.
1.6. Осмонов Казыбек Келдибаевич Ош облусунун Ноокат районунун Он-Эки-Бел айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылсын.
2. Ноокат аймактык шайлоо комиссиясы шайланган Жаңы-Ноокат, Бел, Гулистан, Көк-Жар жана Он-Эки-Бел айыл өкмөттөрүнүн башчыларына белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү тапшырсын.
3. Бул токтом «Эркин-Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А. Г. Бекматовго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Н. ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш., 2021-жылдын 17-июну
№ 483