25.07.2020 ж. №143 Ош аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Ош аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Ош аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан чыгаруу жөнүндө Р.М. Каримбековдун арызынын негизинде, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 18, 19-беренелерине, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 21-1-беренесинин 1-бөлүгүнүн 4-пунктуна, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2019-жылдын 6-декабрындагы № 176 токтому менен бекитилген «Шайлоо комиссияларын түзүү, таркатуу жана шайлоо комиссияларынын резервин түзүү, жүргүзүү тартиби жөнүндө» Жобосуна ылайык Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ош аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- «Замандаш» саясий партиясынан көрсөтүлгөн Каримбеков Рустам Мукашевич комиссиянын курамынан чыгарылсын;
- «Мекеним Кыргызстан» саясий партиясынан көрсөтүлгөн Топчубаева Бактыгүл Амановна резервден комиссиянын курамына киргизилсин.
2. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Г. Бекматовго жүктөлсүн.
Төрага Н. Шайлдабекова
Бишкек ш., 2020-жылдын 27-июлу
№ 143