№469 2017-жылдын 15-октябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого эл аралык байкоочуларды аккредитациялоо жөнүндө

"Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" конституциялык Мыйзамынын 10-беренесин, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2, 21-пункттарын, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 9-ноябрындагы №197 токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдумдагы эл аралык (чет өлкөлүк) байкоочулардын иш тартиби, статусу жана ыйгарым укуктары жөнүндө" Жобосунун 3-бөлүгүнүн 3.4 жана 3.5-пункттарын жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого эл аралык байкоочулар катары төмөнкүлөр катталсын:

  1. Орд-Смит Робин Джереми, Улуу Британия жана Түндүк Ирландиянын Кошмо Королдугунун Кыргыз Республикасындагы элчиси     (1-тиркеме);
  2. Дьюэлл Ричард Эндрю, Улуу Британия жана Түндүк Ирландиянын Кошмо Королдугунун Кыргыз Республикасындагы элчисинин орун басары (1-тиркеме);
  3. Алимов Рашид Кутбиддинович, Шанхай Кызматташтык Уюмунун Башкы катчысы, ШКУ Миссиясынын башчысы (ШКУ Миссиясы) (2-тиркеме);
  4. Тайсаев Казбек Куцукович, Россия Федерациясынын Федералдык Жыйынынын Мамлекеттик Думасынын депутаты (ШКУ Миссиясы) (2-тиркеме);
  5. Жамсуев Баир Баисхаланович, Россия Федерациясынын Федералдык Жыйынынын Федерация Кенешинин Коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин төрагасы (ШКУ Миссиясы) (2-тиркеме);
  6. Шапиев Сиябшах Магомедович, Россия Федерациясынын Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү (ШКУ Миссиясы)  (2-тиркеме);
  7. Сахена Сандипа, Индия Республикасынын шайлоо комиссиясынын төрагасынын орун басары (ШКУ Миссиясы) (2-тиркеме);
  8. Зафар Икбал Хуссаин, Пакистан Ислам Республикасынын шайлоо комиссиясынын катчысынын жардамчысы (ШКУ Миссиясы)  (2-тиркеме);
  9. Юй Кайвэнь, Кытай Эл Республикасынын тышкы иштер министрлигинин атташеси (ШКУ Миссиясы)  (2-тиркеме);
  10. Апеков Ермек Омарович, Казакстан Республикасынын Алмата облусунун акиматынын башкы инспектору (ШКУ Миссиясы) (2-тиркеме);
  11. Дюсембинов Султан Мырзабекович, Казакстан Республикасынын Алмата облустук маслихатынын катчысы (ШКУ Миссиясы)  (2-тиркеме);
  12. Ирзаев Нурали Арзикулович,  Шанхай кызматташтык уюмунун Катчылыгынын башкы эксперти (Узбекистан Республикасы) (2-тиркеме);
  13. Люй И, Шанхай кызматташтык уюмунун Катчылыгынын экинчи даражадагы адис) (3-тиркеме);
  14. Галинова Улжан Турсынбаевна,  Шанхай кызматташтык уюмунун Катчылыгынын референти (Казакстан Республикасы) (2-тиркеме);
  15. Бабуханян Айк Борисович, Армения Республикасынын саламаттык сактоо жана социалдык маселелер боюнча Улуттук Жыйынынын туруктуу комиссиясынын мүчөсү (3-тиркеме);
  16. Манукян Сурен Сержикович, Армения Республикасынын Улуттук Жыйынынын аймактык башкаруу, жергиликтүү өз алдынча башкаруу, айыл-чарба жана жаратылышты коргоо маселелери боюнча  туруктуу комиссиясынын мүчөсү (3-тиркеме);
  17. Тагимов Марат Мурзагалиевич, Казакстан Республикасынын Сенат парламентинин  конституциялык мыйзамдар, сот системасы жана укук коргоо органдар боюнча комитетинин мүчөсү (3-тиркеме);
  18. Бопазов Марат Дарибекович,  Казакстан Республикасынын Мажилис парламентинин экология жана жаратылышты пайдалануу маселелери боюнча комитетинин мүчөсү (3-тиркеме);
  19. Сафаров Олимджон, Тажикистан Республикасынын Маджлиси намояндагон Маджлиси Олинин агрардык маселелер, суу жана жер  ресурстары боюнча комитетинин төрагасынын орун басары (3-тиркеме);
  20. Джафаров Айдын Мамед оглы, КМШ ПАА Кеңешинин Башкы катчысынын орун басары - Азербайжан Республикасынын Милли Меджлисинин ыйгарым укуктуу өкүлү (3-тиркеме);
  21. Липчину Ион Николаевич, КМШ ПАА Кеңешинин Башкы катчысынын орун басары – Молдова Республикасынын Парламентинин ыйгарым укуктуу өкүлү (3-тиркеме);
  22. Анисимова Юлия Владимировна, КМШ ПАА Эл аралык демократия өнүктүрүү мониторинг институтунун (ЭДӨМИ) шайлоолордун мониторинги боюнча бөлүмүнүн жетекчиси  (3-тиркеме);  
  23. Малинина Светлана Анатольевна, КМШ ПАА Кеңешинин катчылыгынын басма сөз кызматынын жетекчиси (3-тиркеме);  
  24. Фролов Илья Николаевич, КМШ ПАА ЭДӨМИ шайлоолордун мониторинги боюнча бөлүмүнүн жетекчисинин орун басары (3-тиркеме);  
  25. Долгая Мария Андреевна, КМШ ПАА Кеңешинин катчылыгынын басма сөз кызматынын кеңешчиси (3-тиркеме);  
  26. Федоров Анатолий Васильевич, КМШ ПАА ЭДӨМИ филиалдар менен иштөө бөлүмүнүн кеңешчиси (3-тиркеме);  
  27. Шульгина Татьяна Олеговна, КМШ ПАА ЭДӨМИ шайлоолордун мониторинги боюнча бөлүмүнүн консультанты (3-тиркеме);  
  28. Панахов Мазаир, Азербайжан Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы (4-тиркеме);  
  29. Гасимов Ровзат, Азербайжан Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын катчылыгынын башчысы (4-тиркеме);  
  30. Сонам Вангуел, Бутан шайлоо комиссиясынын шайлоолордун башкы координатору (5-тиркеме);  
  31. Чекей Гьелтшен, Бутан шайлоо комиссиясынын шайлоолордун башкы координатору (5-тиркеме);  
  32. Пхендей Вангшук, Ички иштер жана маданият Министрлигинин маданият департаментинин маданият баалуулуктары боюнча башкы кызматчысы (Шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү)  (5-тиркеме);  
  33. Джембей Доржи, Мал чарбаны өнүктүрүү Регионалдык борборунун регионалдык директору (Шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү)  (5-тиркеме);  
  34. Дофу, Ички иштер жана маданият Министрлигинин жарандык жана жарандарды каттоо IT Департаментинин башкы кызматчысы (5-тиркеме);  
  35. Таши Доржи, Бутан шайлоо комиссиясынын делимитация жана каттоо Шайлоо департаментинин бөлүм башчысы (5-тиркеме);  
  36. Шри Нараян Гаймер, Бутан шайлоо комиссиясынын долбоорунун башкы координатору (5-тиркеме);
  37. Кенже Ральф Винни,  “The Eurasian Centre” дүйнөлүк бизнести өнүктүрүү  маселелери боюнча директору – “The Eurasian Business Coalition” Вице-президенти (6-тиркеме)

2. Эл аралык байкоочуларга белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөр берилсин.

3. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын.

4.Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Б. Абдрахматовага жүктөлсүн.

ТӨРАГА                                                                    Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

Бишкек ш., 2017-жылдын  24-сентябры 
№469