Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясына саясий партиялардан шайланган депутаттардан жана депутаттыкка талапкерлерден: “Ата Мекен” Социалисттик саясий партиясынан Оторбаев Джоомарт Каиповичтен (2010-жылдын 1-ноябрындагы арыз), “Республика” саясий партиясынан Завгородная Алевтина Федоровнадан (2010-жылдын 2-ноябрындагы арыз), Молдобаев Асхат Кеңешбаевичтен (2010-жылдын 4-ноябрындагы арыз), Эсенаманов Замирбек Садыбакасовичтен (2010-жылдын 4-ноябрындагы арыз), Турускулов Жыргалбек Күрүчбековичтен (2010-жылдын 4-ноябрындагы арыз), Кадыркулов Искендер Анарбековичтен (2010-жылдын 4-ноябрындагы арыз), Арым Кубат Актандан (2010-жылдын 4-ноябрындагы арыз), Андашев Туратбек Темиркуловичтен (2010-жылдын 5-ноябрындагы арыз), Исмаилов Уланбек Чекишевичтен (2010-жылдын 5-ноябрындагы арыз), Низовский Юрий Николаевичтен (2010-жылдын 4-ноябрындагы арыз), Шайымкулова Айнура Токтогуловнадан (2010-жылдын 5-ноябрындагы арыз), Жолболдуев Памирбек Бакыевичтен (2010-жылдын 5-ноябрындагы арыз), Осконбаев Бейшенбек Мамбеталиевичтен (2010-жылдын 4-ноябрындагы арыз), Алимжанова Дамира Курсановнадан (2010-жылдын 5-ноябрындагы арыз), Асылбек уулу Дамирбектен (2010-жылдын 5-ноябрындагы арыз), Дуйшенбиева Нурсултан Илиязовичтен (2010-жылдын 5-ноябрындагы арыз), Джумабекова Акылсайра Кадыралиевнадан (2010-жылдын 5-ноябрындагы арыз), Закиров Асылбек Абдилбаповичтен (2010-жылдын 5-ноябрындагы арыз), Сагынбаева Гулифа Авазбековнадан (2010-жылдын 5-ноябрындагы арыз), Байтереков Курманбек Анарбековичтен (2010-жылдын 5-ноябрындагы арыз), Зулпуев Абдивап Моминовичтен (2010-жылдын 5-ноябрындагы арыз), Каратаева Минавар Абдуллаевнадан (2010-жылдын 5-ноябрындагы арыз) депутаттык мандаттарды алуудан өз каалоолору боюнча баш тарткандары тууралуу жазуу жүзүндөгү арыздар келип түштү:
“Кыргыз Республикасындагы Шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Кодексинин 10-беренесинин 1-пунктунун 1-, 3-пунктчаларын, 78-беренесин, “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы жөнүндө” Кыргыз республикасынын Мыйзамынын 5-беренесин жетекчиликке алып жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын 2010-жылдын 1-ноябрындагы №321 токтомунун негизинде Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын 2010-жылдын 1-ноябрындагы №321 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине шайлоонун натыйжалары жөнүндө Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын Протоколунун 20-сабында “Ата Мекен” Социалисттик саясий партиясынан депутаттыкка шайланган талапкер Оторбаев Джоомарт Каиповичти таануу жагында, «Республика» саясий партиясынан депутаттыкка шайланган талапкерлер Завгородная Алевтина Федоровнаны, Молдобаев Асхат Кенешбаевичти, Эсенаманов Замирбек Садыбакасовичти, Турускулов Жыргалбек Күрүчбековичти, Кадыркулов Искендер Анарбековичти, Арым Кубат Актанды таануу жагында комиссиянын чечими жокко чыгарылсын.
2. “Ата Мекен” Социалисттик саясий партиясынан депутаттыкка талапкерлердин тизмесинде №19 депутаттыкка талапкер Досалиев Акуналы Атамурзаевич, “Республика” саясий партиясынан талапкерлердин тизмесинде №24 депутаттыкка талапкер Омурбекова Алтынай Сейтбековна, №30 Бакиров Мирлан Исакбекович, №35 Мурашев Нурбек Мурпазылжанович, №37 Бекматов Абдыжапар Гапырович, №39 Сабиров Максат Эсенович, №41 Режавалиев Абдулатип Маматасанович депутат болуп шайланды деп табылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын 2010-жылдын 1-ноябрындагы №321 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине шайлоонун натыйжалары жөнүндө Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын Протоколунун 20-сабына ушул Токтомдун 2-пунктунда көрсөтүлгөн адамдарды депутат деп таануу жөнүндө өзгөртүүлөр киргизилсин.
4. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жарыялансын.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө уюштуруу бөлүмүнүн башчысынын орун басары М.И Аргымбаевге жүктөлсүн.
ТӨРАГА А. САРИЕВ
Бишкек ш., 2010-жылдын 9-ноябры
№334