Башкы УЧА Токтом 23.01.2025 №2 Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин … № 102 “Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары жашаган же …

№ 102 “Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары жашаган же турган Кыргыз Республикасынын жарандарынын Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого катышуусун уюштуруу жөнүндө” Жобону бекитүү тууралуу

№349 2017-жылдын 3-сентябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоодогу шайлоо бюллетендери жөнүндө Об утверждении степени защиты специальной бумаги, имеющей индивидуальную защиту для изготовления избирательного бюллетеня по выборам депутатов Жогорку Кенеша Кыргызской Республики от 9 августа 2010 года, №140 Об утверждении форм и образцов избирательных документов по выборам депутатов Жогорку Кенеша Кыргызской Республики от 9 августа 2010 года, №143 Об утверждении форм сведений о кандидате, включенном в список кандидатов, списка кандидатов в депутаты Жогорку Кенеша Кыргызской Республики, выдвинутых политической партией по единому избирательному округу и перечня необходимых документов политической пар О Рабочей группе Центральной избирательной комиссии Кыргызской Республики по приему и проверке избирательных документов от политических партий от 10 августа 2010 года, №145 Об Общественной приемной Центральной комиссии по выборам и проведению референдумов Кыргызской Республики от 10 августа 2010 года, №146 Об определении банковского учреждения для открытия специального счета избирательного фонда политической партией от 10 августа 2010 года, №147 Об утверждении форм и образцов финансовых документов по выборам депутатов Жогорку Кенеша нового созыва Кыргызской Республики от 10 августа 2010 года, №148 О регистрации уполномоченных представителей политических партий от 12 августа 2010 года, №149 Об утверледении сметы расходов на подготовку и проведение выборов депутатов Жогорку Кенеша Кыргызской Республики от 12 августа 2010 года, №150 Об утверждении Положения “О порядке деятельности, статусе и полномочиях международных (иностранных) наблюдателей на выборах в Кыргызской Республике” от 12 августа 2010 года, №151 О регистрации уполномоченных представителей политических партий от 12 августа 2010 года, №152 О порядке аккредитации средств массовой информации Кыргызской Республики, участвующих в предвыборной агитации на выборах депутатов Жогорку Кенеша Кыргызской Республики от 12 августа 2010 года, №153 О регистрации уполномоченных представителей политических партий от 13 августа 2010 года, №155 О внесении изменений в состав Нарынской областной избирательной комиссии 14 августа 2010 года, №156 О регистрации уполномоченных представителей политических партий от 14 августа 2010 года, №157 О регистрации уполномоченных представителей политических партий от 16 августа 2010 года,№158 О внесении изменения в состав Иссык-Кульской областной избирательной комиссии от 17 августа 2010 года, №159 Об информационном обеспечении выборов от 17 августа 2010 года, №160 Об утверждении Порядка формирования и расформирования районных, городских и участковых избирательных комиссий от 17 августа 2010 года, №161 Об утверждении Положения «Об организации участия граждан Кыргызской Республики, проживающих или находящихся за пределами ее территории в выборах депутатов Жогорку Кенеша Кыргызской Республики 10 октября 2010 года» от 17 августа 2010 года, №162 Об утверждении Инструкции о порядке формирования, учета поступления и расходования денежных средств избирательных фондов политических партий от 17 августа 2010 года, №163 Об уполномоченных представителях политической партии «Алгыр Кыраан» от 18 августа 2010 года, №164 Об уполномоченных представителях политических партий «Партия народного самоуправления «Ак Санат» и Политической социалистической партии «Ата Мекен» от 18 августа 2010 года, №165 Об уполномоченном представителе политической партии Демократическая партия женщин и молодежи Кыргызстана «Новая сила» от 20 августа 2010 года, №166 О внесении изменения в состав Ошской областной избирательной комиссии от 23 августа 2010 года, №167 Об утверждении форм и образцов избирательных документов по выборам депутатов Жогорку Кенеша Кыргызской Республики от 23 августа 2010 года, №168 Об изготовлении в типографии ОАО «Учкун» журнала УИК от 23 августа 2010 года, №169 О разъяснении по применению пункта 5 статьи 72 Кодекса Кыргызской Республики «О выборах в Кыргызской Республике» от 23 августа 2010 года, №170 О разъяснении по применению пункта 3 статьи 25, пункта 1 статьи 69, статьи 70, пункта 3 статьи 72, пункта 3 статьи 77 Кодекса Кыргызской Республики «О выборах в Кыргызской Республике» от 23 августа 2010 года, №171 О внесении изменений и дополнения в Инструкцию «О порядке формирования, учета поступления и расходования денежных средств избирательного фонда политической партии» от 23 августа 2010 года, №172 О разъяснении об агитационных печатных материалах, значках и символах политической партии от 23 августа 2010 года, №173 Об аккредитации СМИ Кыргызской Республики для участия в предвыборной агитации на выборах Жогорку Кенеша Кыргызской Республики от 24 августа 2010 года, №174 О внесении изменений и дополнений в «Порядок формирования и расформирования районных, городских и участковых избирательных комиссий» от 24 августа 2010 года, №175 О контрольно-ревизионной группе от 24 августа 2010 года, №176 Об уполномоченных представителях Демократической партии Женщин и Молодежи Кыргызстана «Новая Сила» от 25 августа 2010 года, №177 Об удостоверении международных (иностранных) наблюдателей на выборах депутатов Жогорку Кенеша Кыргызской Республики 10 октября 2010 года от 25 августа 2010 года, №178 Об уполномоченных представителях Республиканской политической партии Кыргызстана «Таза Коом» от 27 августа 2010 года, №179 Об образовании избирательных участков от 27 августа 2010 года, №180 О делегировании отдельных полномочий нижестоящим районным и городским избирательным комиссиям от 27 августа 2010 года, №181 Об изготовлении печатей вновь образованным избирательным участкам от 27 августа 2010 года, №182 Об уполномоченных представителях политических партий от 29 августа 2010 года, №183 Об образовании избирательных участков за пределами Кыргызской Республики от 1 сентября 2010 года, №184 Об уполномоченном представителе политической партии «Молодежное движение 7 апреля» от 1 сентября 2010 года, №185 Об уполномоченных представителях политических партий от 1 сентября 2010 года, №186 Об утверждении текстов вывески и календаря от 1 сентября 2010 года, №187 О внесении изменений и дополнений в Памятку о юридической ответственности за нарушения избирательных прав от 1 сентября 2010 года, №188 О регистрации списка кандидатов от политической социалистической партии “Ата Мекен” от 2 сентября 2010 года, №189 О регистрации списка кандидатов от идеалистической демократической политической партии “Ата Журт” от 2 сентября 2010 года, №190 О прекращении полномочий уполномоченных представителей политических партий от 2 сентября 2010 года, №191

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын 2020-жылдын 26-июнундагы №120 токтомуна ылайык күчүн жоготту.

Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары жашаган же турган Кыргыз Республикасынын жарандарынын Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого катышуусун уюштурууну жөнгө салуу, ошондой эле алардын шайлоо укуктарын камсыз кылуу жана ишке ашыруу   максатында “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 2-беренесинин 2-бөлүгүн, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктун жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. “Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары жашаган же турган Кыргыз Республикасынын жарандарынын Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого катышуусун уюштуруу жөнүндө” Жобо бекитилсин.

2. “Кыргыз Республикасынын аймагынан сырткары жашаган же турган Кыргыз Республикасынын жарандарынын 2010-жылдын 10-октябрындагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого катышуусун уюштуруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2010-жылдын 17-августундагы № 162 Жобосу күчүн жоготту деп таанылсын.

3. Ушул токтом “Эркин Тоо” газетасына жарыялансын жана  Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын.

4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү А.Дж. Баялиновго жүктөлсүн.

 

ТӨРАГА                                                                                        Т. АБДРАИМОВ

 

Бишкек ш., 2015-жылдын 31-июлу

№ 102

 

2015-жылдын 31-июлунда жарыяланды

 

Кыргыз Республикасынын Шайлоо

жана референдум өткөрүү боюнча

борбордук комиссиясынын

2015-жылдын 31-июлундагы

№ 102 токтому менен бекитилген

 

Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары жашаган же турган Кыргыз Республикасынын жарандарынын Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого катышуусун уюштуруу жөнүндө Жобо

 

 

1. Жалпы жоболор

2. Шайлоону камсыз кылуу боюнча дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн жана консулдук мекемелердин иши  

3. Чет мамлекеттердин аймагында шайлоо участкаларын түзүү 

4. Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары шайлоону уюштуруу боюнча аймактык шайлоо комиссиясын түзүү 

5. Участкалык шайлоо комиссияларын түзүү 

6. Шайлоочулардын тизмелери

7. Шайлоо бюллетендерин алуу жана жеткирип берүү

8. Шайлоо участкаларында добуш берүүнү уюштуруу

9. Добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу шайлоо комиссияларынын протоколдорун өткөрүп берүү

10. Шайлоону уюштурууга чыгымдарды финансылык камсыз кылуу

 

1. Жалпы жоболор 

1.1. “Кыргыз Республикасынын аймагынан сырткары жашаган же турган Кыргыз Республикасынын жарандарынын Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого катышуусун уюштуруу жөнүндө ушул Жобо (мындан ары – Жобо) Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары жашаган же турган Кыргыз Республикасынын жарандарынын Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого катышуусун уюштуруунун тартибин, ошондой эле алардын шайлоо укуктарын камсыз кылуу жана ишке ашыруу кепилдиктерин жөнгө салат. 

1.2. Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары жашаган же турган жарандардын шайлоого катышуусун уюштуруу Кыргыз Республикасынын Конституциясына, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына,   “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына,   Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерине, шайлоону уюштуруу жана өткөрүү жаатындагы эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптерине жана ченемдерине, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына, ошондой эле ушул Жобого ылайык жүзөгө ашырылат.  

1.3.  Шайлоо жашыруун добуш берүү менен, жалпыга тең жана тикелей шайлоо укугунун негизинде жүргүзүлөт. 

1.4. Шайлоо өткөрүү күнүнө карата 18 жашка толгон Кыргыз Республикасынын ишке жөндөмдүү жарандары шайлоого катышуу укугуна ээ. 

1.5. Сот тарабынан аракетке жөндөмсүз деп таанылган же соттун өкүмү боюнча эркиндигинен ажыратуу жайларында кармалып турган Кыргыз Республикасынын жарандары шайлоого катышууга укуксуз.  

1.6. Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары жашаган же турган жарандар шайлоо жөнүндө конституциялык Мыйзамдын 2-беренесинин 2-бөлүгүнүн талаптарына ылайык Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленген бардык толук шайлоо укуктарына ээ.

1.7. Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары жашаган же турган жарандарга Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттердеги мекемелеринин кызматкерлери жана алардын үй-бүлө мүчөлөрү, эл аралык уюмдардын кызматкерлери, эмгек мигранттары, студенттер, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары туруктуу жашаган же убактылуу турган адамдар кирет.

 

2. Шайлоону камсыз кылуу боюнча дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн жана консулдук мекемелердин иши  

2.1. Чет мамлекеттердин аймактарында шайлоону уюштуруучулук-техникалык камсыз кылуу шайлоо жөнүндө конституциялык Мыйзамдын 2-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык өзүнүн дипломатиялык өкүлчүлүктөрү жана консулдук мекемелери аркылуу Тышкы иштер министрлигине жүктөлгөн.  

2.2. Дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн жана консулдук мекемелердин жетекчилери:  

- чет мамлекеттердин аймактарында жашаган же турган шайлоочулардын - Кыргыз Республикасынын жарандарынын добуш берүүсүн өткөрүү жана добуштарын саноо үчүн Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн жана консулдук мекемелеринин  аймагында шайлоо участкаларын түзүү боюнча иштерди уюштурат; 

- мыйзамдардын талаптарына ылайык дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн жана консулдук мекемелердин имараттарынан шайлоо участкалары үчүн жайларды бөлүп берет жана жабдыйт, ошондой эле шайлоочуларга алардын өздөрүнүн конституциялык шайлоо укуктарын жүзөгө ашыруу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылат; 

- добуш берүү үчүн бюллетендерди жогору турган шайлоо комиссияларынан участкалык шайлоо комиссиясына жеткирүүдө, ошондой эле шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү кол койгондон кийин добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу протоколдорду ага тиркелүүчү шайлоо документтери менен бирге акт боюнча өткөрүп берүүдө  участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасына көмөк көрсөтөт; 

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка иштерди жүзөгө ашырат. 

 

 3. Чет мамлекеттердин аймагында шайлоо участкаларын түзүү  

3.1. Шайлоо жөнүндө конституциялык Мыйзамдын 2-беренесинин 2-бөлүгүнүн негизинде шайлоо участкалары Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн жана консулдук мекемелеринин  аймагында гана түзүлөт. 

3.2. Шайлоо участкалары Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы (мындан ары - Борбордук шайлоо комиссиясы) тарабынан түзүлөт. 

 

4. Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары шайлоону уюштуруу боюнча аймактык шайлоо комиссиясын түзүү          

4.1. Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары шайлоону уюштуруу боюнча аймактык шайлоо комиссиясынын ыйгарым укуктары жана статусу “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-главасы менен аныкталат.   

4.2. Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча аймактык шайлоо комиссиясынын ыйгарым укуктарын Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы аткарат. 

 

 5. Участкалык шайлоо комиссияларын түзүү  

5.1. Чет мамлекеттердин аймагында участкалык шайлоо комиссияларын түзүүнүн, ишин уюштуруунун тартиби,  алардын ыйгарым укуктары жана статусу “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-главасы менен аныкталат.   

5.2. Чет мамлекеттердин аймагында шайлоону уюштуруунун өзгөчөлүктөрүнө байланыштуу ар бир участкадагы шайлоочулардын саны жөнүндө жана шайлоо комиссияларын түзүү тартибине карата “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренесинде көрсөтүлгөн талаптар (комиссиялардын, саясий партиялардан жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынан өкүлчүлүктүн сандык курамы, комиссиялардын төрагаларын жана катчыларын шайлоо бөлүгүндө) Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары шайлоо участкаларын түзүүдө колдонулбашы мүмкүн. 

5.3. Участкалык шайлоо комиссиялары Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин сунушу боюнча аймактык шайлоо комиссиясы тарабынан түзүлөт.   

5.4. Участкалык шайлоо комиссияларынын курамдары дипломатиялык жана консулдук мекемелердин кызматкерлеринин, ошондой эле Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары турган же жашаган жарандардын ичинен түзүлүшү мүмкүн.

 

6. Шайлоочулардын тизмелери 

6.1. Шайлоочулардын тизмелерин түзүүнүн жана аны менен тааныштыруунун тартиби шайлоо жөнүндө конституциялык Мыйзам менен аныкталат. 

6.2. Конституциялык Мыйзамдын 14-беренесинин 6-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жашаган жана жүргөн, консулдук эсепке турган жана биометрикалык каттоодон өткөн шайлоочулар тууралуу маалыматтар тиешелүү дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн жана консулдук мекемелердин жетекчилери тарабынан түзүлөт жана добуш берүү күнүнө чейин 55 календардык күндөн кечиктирилбестен, Тышкы иштер министрлиги аркылуу   Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу  Мамлекеттик каттоо кызматына   берилет. 

Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жашаган жана жүргөн жана консулдук эсепке турган шайлоочулар тууралуу маалыматтардын формасы, түрү жана аларды берүү тартиби Тышкы иштер министрлиги менен макулдашуу аркылуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу  Мамлекеттик каттоо кызматы тарабынан аныкталат.  

6.3. Участкалык шайлоо комиссиясы добуш берүү күнүнө чейин 45 календардык күндөн кечиктирбестен шайлоочулар менен тааныштыруу үчүн шайлоочулардын тизмесин   илүүгө милдеттүү жана  добуш берүү күнүнө 40 календардык күн калгандан кечиктирбестен, шайлоочуга анын шайлоочулардын тизмесине киргизилгени жөнүндө кабарландыруу жиберүүгө милдеттүү.  

6.4. Шайлоо жөнүндө конституциялык Мыйзамдын 15-беренесинин 4-бөлүгүнүн негизинде Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жашаган жана жүргөн ар бир шайлоочу добуш берүү күнүнө чейин 15 календардык күндөн кечиктирбестен Кыргыз Республикасынын жаранынын жалпы жарандык паспортунун көчүрмөсүн тиркөө менен Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан белгиленген үлгүдөгү арызды  участкалык шайлоо комиссиясына берүү жолу менен шайлоо дареги боюнча добуш берүү ниети жөнүндө билдирүүгө укуктуу. 

6.5. Участкалык шайлоо комиссиясы добуш берүү күнүнө чейин 15 календардык күн калганда  шайлоочулардын арыздарын кабыл алууну токтотот жана жарандардын кош эсебин жокко чыгаруу максатында аларды шайлоочулардын тизмеси менен бирге аймактык шайлоо комиссиясына өткөрүп берет. 

6.6. Шайлоочулардын тизмеси Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан бекитилген форма боюнча түзүлөт. 

 

7. Шайлоо бюллетендерин алуу жана жеткирип берүү 

7.1. Борбордук шайлоо комиссиясы добуш берүү күнүнө чейин 10 календардык күн калганда  Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жайгашкан участкалык шайлоо комиссияларына жөнөтүү үчүн шайлоо бюллетендерин  аймактык шайлоо комиссиясына акт боюнча өткөрүп берет.

7.2. Аймактык шайлоо комиссиясы тарабынан Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жайгашкан участкалык шайлоо комиссияларына шайлоо бюллетендерин өткөрүп берүү Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин дипломатиялык каналдары боюнча же болбосо ушул Жобо менен белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.  

Участкалык шайлоо комиссиясына өткөрүп берилүүчү шайлоо бюллетендеринин саны шайлоо участкасы боюнча шайлоочулардын тизмесине киргизилген шайлоочулардын санынын 0,1 пайызынан ашпоого тийиш.   

Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары түзүлгөн участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы же болбосо катчысы добуш берүү күнүнө чейин 10 календардык күн калганда автоматтык эсептөөчү урналарды (мындан ары – АЭУ) пайдалануу, шайлоо бюллетендерин жана башка шайлоо документтерин алуу боюнча окууну өтүү үчүн аймактык шайлоо комиссиясына келет. Участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы же болбосо катчысы  АЭУ жана шайлоо бюллетендерин кол коюп алат жана аларды участкалык шайлоо комиссиясына жеткирет.  

Шайлоо жана добуш берүүнүн жыйынтыктарын чыгаруу аяктагандан кийин АЭУ участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы тарабынан жооптуу сактоого дипломатиялык (консулдук) мекеменин жетекчисине акт боюнча өткөрүп берилет.   Кабыл алуу-өткөрүп берүү Актысынын бир нускасы  Борбордук шайлоо комиссиясына өткөрүп берилет.

 

8. Шайлоо участкаларында добуш берүүнү уюштуруу

 8.1. Шайлоо жөнүндө конституциялык Мыйзамдын 31-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык шайлоо күнү добуш берүү Кыргыз Республикасынын жарандары жашаган жана турган мамлекеттин жергиликтүү убактысы боюнча саат 8ден саат 20га чейин жүргүзүлөт. 

8.2. Добуш берүү убактысы жана орду жөнүндө участкалык шайлоо комиссиялары добуш берүү күнүнө чейин 10 календардык күндөн кечиктирбестен жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу же башка ыкма менен  шайлоочуларга кабарлоого милдеттүү. 

8.3. Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары добуш берүү тартибин уюштуруу жана добуш берүүнүн жыйынтыктарын чыгаруу Борбордук шайлоо комиссиясынын 2015-жылдын  28-июлундагы № 89 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо шайлоо комиссиялары тарабынан добуш берүүнү уюштуруу жана анын тартиби жана добуш берүүнүн жыйынтыктарын белгилөө жөнүндө” Жобого ылайык жүзөгө ашырылат. 

 

9. Добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу шайлоо комиссияларынын протоколдорун өткөрүп берүү 

9.1. Шайлоо жөнүндө конституциялык Мыйзамдын 34-беренесине ылайык шайлоодо добуш берүү аяктагандан кийин участкалык шайлоо комиссиясы добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу протокол түзөт.  Добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу протоколго кол коюлгандан кийин, анын биринчи нускасы, добуш берүү үчүн шайлоо бюллетендерин кошуп алганда шайлоо бюллетендери, шайлоочулардын тизмелери, арыздар (даттануулар), алар боюнча кабыл алынган чечимдер, участкалык шайлоо комиссиясы түзгөн актылар, жыйналыштын протоколу жана д.у.с. менен бирге шайлоо документтери участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы же болбосо катчысы тарабынан  аймактык шайлоо комиссиясына токтоосуз жеткирилет.  

Добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу участкалык шайлоо комиссияларынын протоколдорунун маалыматтары участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү кол койгондон кийин аймактык шайлоо комиссиясына электрондук почта же факс боюнча токтоосуз берилет.

9.2. Шайлоо жөнүндө конституциялык Мыйзамдын 36-беренесине ылайык аймактык шайлоо комиссиясы участкалык шайлоо комиссияларынан келип түшкөн протоколдордун негизинде жыйынды таблицаны жана протоколду түзөт.  Шайлоо комиссиясынын протоколунун биринчи нускасы кол коюлгандан кийин жыйынды таблицанын биринчи нускасы менен бирге Борбордук шайлоо комиссиясына жиберилет.  

 

10. Шайлоону уюштурууга чыгымдарды финансылык камсыз кылуу 

10.1. Чет мамлекеттердин аймактарында турган шайлоо участкаларында добуш берүүнү уюштуруу менен байланышкан чыгымдарды финансылык камсыз кылуу шайлоо жөнүндө конституциялык Мыйзамдын 40-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан бекитилген чыгашалардын сметасынын чектеринде республикалык бюджеттин каражаттардын жана шайлоо комиссияларынын атайын шайлоо фондорунун эсебинен жүргүзүлөт.  Финансылоо тартиби Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленет. 

10.2. Чет мамлекеттердин аймагында түзүлгөн шайлоо комиссиялары шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө каражаттарды чыгымдоо жөнүндө отчетту Борбордук шайлоо комиссиясына шайлоону өткөргөндөн кийин 7 календардык күндөн кечиктирбестен берет.   

10.3. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги республикалык бюджеттин каражаттарын чыгымдоо жөнүндө отчетту Борбордук шайлоо комиссиясына шайлоону өткөргөндөн кийин 20 календардык күндөн кечиктирбестен берет.  

10.4. Шайлоо комиссияларынын төрагалары акча каражаттарын тескейт жана финансылык документтердин финансы маселелери боюнча шайлоо комиссияларынын чечимдерине ылайык келүүсү үчүн жеке жоопкерчилик тартат.