Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2015-жылдын 30-июнундагы №66 токтому менен дайындалган Ош облусунун Кара-Суу районунун Сары-Колот, Алай районунун Коңур-Дөбө айыл өкмөттөрүнүн башчыларын кайра шайлоодо айылдык кеңештердин депутаттарынын жалпы санынын 2/3си катышпагандыгына жана Ош облусунун Ноокат районунун Көк-Бел айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодо катталган талапкерлер айылдык кеңештин депутаттарынын зарыл болгон добуштарын албагандыгына байланыштуу шайлоо болбой калган.
Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын шайлоосун бирге өткөрүүгө техникалык жактан мүмкүнчүлүктөр болбогондугуна байланыштуу жана ошондой эле «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6,7-беренелерине, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Президентине Ош облусунун Кара-Суу районунун Сары-Колот, Ноокат районунун Көк-Бел жана Алай районунун Коңур-Дөбө айылдык кеңештердин депутаттарын таркатуу боюнча сунушту киргизүү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын шайлоосу аяктагандан кийинкиге калтырылсын.
2. Айыл өкмөттөрүнүн башчыларынын милдеттерин аткаруучуларды дайындоо маселесин чечүү боюнча кат Ош облусунун Кара-Суу, Ноокат жана Алай райондук мамлекеттик администрациялардын башчыларына - акимдерине жөнөтүлсүн.
3. Бул токтом «Эркин-Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппарат жетекчиси П.П.Баженовго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Т.АБДРАИМОВ
Бишкек ш, 2015-жылдын 23-июлу
№ 75
2015-жылдын 23-июлунда жарыяланды