№225 Ош облусунун Кара-Суу районунун Ак-Таш, Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кара-Жыгач айыл өкмөттөрүнүн башчыларын кайра шайлоону дайындоо жөнүндө

2017-жылдын 11-июлуна дайындалган Ош облусунун Кара-Суу районунун Ак-Таш, Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кара-Жыгач айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо депутаттардын кворуму жок болгондугуна байланыштуу өткөн жок.

“Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6,7–беренелерине, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 6-январындагы №3 токтому менен бекитилген “Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун тартиби жөнүндө” жобосуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ош облусунун Кара-Суу районунун Ак-Таш, Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кара-Жыгач айыл өкмөттөрүнүн башчыларын, мурда көрсөтүлгөн талапкерлер боюнча, кайра шайлоо 2017-жылдын 25-июлуна дайындалсын жана саат 9-00дөн 12-00гө чейин өткөрүлсүн.

2. Кара-Суу, Аксы аймактык шайлоо комиссиялары кайра шайлоону мыйзамдарда бекитилген тартипте өткөрүүнү уюштурсун.

3. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басарына А.Г. Бекматовго жүктөлсүн.

ТӨРАГАНЫН ОРУН БАСАРЫ                                             А. БЕКМАТОВ

Бишкек ш, 2017-жылдын 11-июлу,
№ 225