№365 Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер А.К. Мадумаровдун ыйгарым укуктуу өкүлүн ыйгарым укуктарын токтотуу жөнүндө

2017-жылдын 21-августунда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер А.К. Мадумаровдун өзүнүн каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүн кайра чакыртып алуу жөнүндө билдирүүсү келип түштү.

«Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-беренесинин
8-бөлүгүн, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7,18-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер А.К. Мадумаровдун каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүнүн Полотов Мирлан Шамшиевичтин ыйгарым укуктары токтотулсун.

2. №238 каттоо күбөлүгү ушул токтом күчүнө кирген учурдан тартып күчүн жоготту деп табылсын.

3. Ушул токтом «ЭркинТоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын.

4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин документтерин кабыл алуу боюнча Жумушчу топтун жетекчисине жүктөлсүн.

ТӨРАГА                                                         Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

Бишкек ш., 2017-жылдын 23-августу
№365