Ош облусунун Өзгөн районундагы № 5474, № 5065 шайлоо участкаларынан келип түшкөн шайлоо документтерин текшерүүнүн натыйжасында “Кыргыз Республикасындагы шайлоолор жөнүндө” Кыргыз Республикасынын кодексинин 39- беренесинин 9-пунктунун, 44- беренесинин 7, 9, 11, 16-пункттарынын талаптарын бузууга жол берилгендиги айкындалды, ал эми мындай укук бузуулар шайлоочулардын добуш берүүсүнүн жыйынтыктарын анык белгилөөгө мүмкүндүк бербейт. № 5474 шайлоо участкасында шайлоо бюллетеринде участкалык шайлоо комиссиясынын мөөрү басылбагандыгы айкындалды. Участкалык комиссия Шайлоолор жөнүндө кодекстин 44- беренесинин 7-пунктунун талаптарын бузуп, добуш берүүнүн жыйынтыктарын белгиленбеген формадагы шайлоо бюллетендери боюнча бекитүү тууралуу чечим кабыл алган. № 5065 шайлоо участкасында шайлоочулардын добушун эсептөөдө участкалык шайлоо комиссиясы Шайлоолор жөнүндө кодекстин нормаларын жана талаптарын бузууга жол берген, участкалык шайлоо комиссиясынын иш аракетине карата Өзгөн райондук шайлоо комиссиясына берилген даттануу жоопсуз калтырылган.
Жлогоруда баяндалгандын негизинде, “Кыргыз Республикасындагы шайлоолор жөнүндө” Кыргыз Республикасынын кодексинин 46-беренесинин 1-пунктун, 4-пунктунун а) пунктчасын, 5-пунктун, 45-беренесинин 10-пунктунун а) пунктчасын, 10-беренесинин 1-пунктунун 3, 6, 28, 30-пунктчаларын жана “Кыргыз Республикасынын шайлоолор жана референдумдарды өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесинин 1-пунктунун 1, 3, 4-пунктчаларын жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын шайлоолор жана референдумдарды өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Ош облусунун Өзгөн районундагы № 5474, № 5065 шайлоо участкаларында добуш берүүнүн жыйынтыктары жараксыз деп табылсын.
2. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражатарында жарыялансын.
3. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү А.С.Лиге жүктөлсүн.
ТӨРАГА А. САРИЕВ
Бишкек ш., 2010 жылдын 29 октябры
№ 324