№ 77 2016-жылдын 27-мартындагы Ош шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2016-жылдын                            23-январындагы № 16 Жарлыгы менен дайындалган Ош шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо 2016-жылдын 27-мартында өткөрүлгөн.

Шайлоону өткөрүү үчүн, «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10,                          11-беренелерине ылайык, Ош шаарында бирдиктүү 1 шайлоо округу, 73 шайлоо участоктору түзүлгөн.

Добуш берүүчү жайдан тышкары жерде добуш берген шайлоочулардын санынан, көчмө үкөктөгү шайлоо бюллетендеринин саны көп болуп чыккандыгына байланыштуу, №5551 участкалык шайлоо комиссиясынын 2016-жылдын 27-мартындагы №13 (26-27 бюлл.), №5464 участкалык шайлоо комиссиясынын 2016-жылдын 27-мартындагы №9 чечимдери менен (5-6 бюлл.) 2 көчмө үкөктүн шайлоо бюллетендери жараксыз деп табылган.

Ошондой эле, №5325 шайлоо участкасында идентификациялоодон өткөндүгүн тастыктаган чеги жок 25 шайлоочуга шайлоо бюллетени берилгендиги үчүн, аталган шайлоо участкасындагы добуш берүүнүн жыйынтыгы Ош аймактык шайлоо комиссиясынын 2016-жылдын 31-мартындагы №19/1 чечими менен жараксыз деп табылган.

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Ош шаардык кеңешине 2016-жылдын 11-апрелиндеги №12 “Өнүгүү-Прогресс” саясий партиясы тарабынан көрсөтүлгөн талапкерлердин тизмесине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө”, 2016-жылдын 11-апрелиндеги № 13 “Бир Бол” Мамлекеттик биримдик жана мекенчилдик саясий партиясынан көрсөтүлгөн талапкерлердин тизмесине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө”, 2016-жылдын 11-апрелиндеги № 14 “Кыргызстан” саясий партиясынын көрсөтүлгөн талапкерлердин тизмесине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” чечимдеринин, Ош шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы жөнүндө Ош аймактык шайлоо комиссиясынан келип түшкөн протоколдорунун негизинде, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7-беренелерине, «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 37, 40, 62-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

 1. Ош шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоо өттү деп табылсын.

2. № 5325 шайлоо участкасындагы добуш берүүнүн жыйынтыгын жараксыз деп табуу жөнүндөгү Ош аймактык шайлоо комиссиясынын 2016-жылдын 31- мартындагы №19/1 чечими бекитилсин.

3. Ош шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжалары жөнүндө протоколдун 3.6-пунктунун “Өнүгүү-Прогресс” саясий партиясынан шайланган депутаттар деп табуу бөлүгүнө, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 11-апрелиндеги №12 чечимине ылайык, өзгөртүүлөр киргизилсин.

4. Ош шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжалары жөнүндө протоколдун 3.5-пунктунун “Бир Бол” Мамлекеттик биримдик жана мекенчилдик саясий партиясынан шайланган депутаттар деп табуу бөлүгүнө,  Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 11-апрелиндеги №13 чечимине ылайык, өзгөртүүлөр киргизилсин.

5. Ош шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжалары жөнүндө протоколдун 3.2-пунктунун “Кыргызстан” саясий партиясынан шайланган депутаттар деп табуу бөлүгүнө, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 11-апрелиндеги №14 чечимине ылайык, өзгөртүүлөр киргизилсин.

6. Ош шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы жөнүндө протоколдор, ушул токтомго ылайык, өзгөртүүлөр менен бекитилсин.

7. Ушул токтомдун тиркемесинде депутаттыкка көрсөтүлгөн талапкерлер Ош шаардык кеңешинин шайланган депутаттары деп табылсын (тиркелет).

8. Ош аймактык шайлоо комиссиясы шайланган депутаттарды каттасын жана аларга белгиленген үлгүдөгү күбөлүк жана төш белги берсин.

9. Бул токтомдун көчүрмөсү Ош аймактык шайлоо комиссиясына жана Ош шаардык кеңешине жиберилсин.

10. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

11. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппарат жетекчисинин орун басары А.Джолбуновго жүктөлсүн.

 

ТӨРАГА                                                                    Т. АБДРАИМОВ 

 

            Бишкек ш., 2016-жылдын 11-апрели

№ 77