30.01.2020. №16 Нарын облусунун Нарын шаардык кеңешинин, Ак-Талаа, Ат-Башы, Жумгал, Кочкор жана Нарын райондорунун айрым жергиликтүү кеңештеринин аймагында шайлоо участокторунун схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө

Нарын шаардык Ак-Талаа, Ат-Башы, Жумгал, Кочкор жана Нарын аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен макулдашылган шайлоо участокторунун схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө чечимдеринин негизинде, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2, 4, 5-пунктуларына, «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 20-январындагы №4 токтому менен бекитилген “Шайлоо округдары менен шайлоо учактокторунун схемаларын жана чек араларын башкаруу тартиби жөнүндө” Жобосуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Нарын облусунун Нарын шаардык кеңешинин, Ак-Талаа, Ат-Башы, Жумгал, Кочкор жана Нарын райондорунун айрым жергиликтүү кеңештеринин аймагында шайлоо участокторунун схемалары жана чек аралары тиркемеге ылайык бекитилсин. 

2. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

3. Бул токтомдун тиркемеси тийиштүү жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А. Бекматовго жүктөлсүн.

ТӨРАГА                                                            Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

Бишкек ш, 2020-жылдын 30-январы
№16

Негиздеме