Шайлоо системасын өнүктүрүү жана өркүндөтүү жана “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын
6, 7, 18-беренелеринин негизинде Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдарын бирдиктүү колдонууну камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 27-декабрындагы № 423 токтому менен бекитилген (Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2012-жылдын
13-мартындагы № 44 токтомунун редакциясында) “Айыл өкмөт башчыларын шайлоонун тартиби жөнүндө” Жобого төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1) 1-пункттун экинчи абзацы төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын: “Айыл өкмөт башчыларын шайлоонун тартиби Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдары, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы жана ушул Жобо менен жөндөлөт.”;
2) 7-пункттагы “жана жергиликтүү кеңештин регламенти менен” деген сөздөр алып салынсын;
3) 9-пункт алып салынсын;
4) 19-пункт алып салынсын;
5) 21-пункт төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын: “Шайлоо бюллетендери мамлекеттик жана/же расмий тилдерде компьютердик ыкма менен даярдалат. Шайлоо бюллетендери аймактык шайлоо комиссиясынын мөөрү менен күбөлөндүрүлөт жана аймактык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн бекитилген санынан көпчүлүгүнүн колтамгасы болгондо анык деп эсептелинет.”;
6) 24-пункт төмөнкүдөй мазмундагы сүйлөм менен толукталсын:
“ Айыл өкмөт башчыларын шайлоолордун алдында айыл өкмөт башчыларын шайлоонун башталышы үчүн кворумдун болушун белгилөөчү аймактык шайлоо комиссиясынын жыйыны болот.”;
7) 26-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: “Айыл өкмөт башчыларын шайлоо айылдык кеңештин жыйындары үчүн жайда өткөрүлөт.”;
8) 27-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: “Добуш берүүнүн алдында добуш берүүчү үкөк текшерилет, пломба коюлат жана комиссиянын төрагасы менен катчысынын колтамгасы коюлуп, аймактык шайлоо комиссиясынын мөөрү менен чапталат.”;
9) 28-пункт төмөнкүдөй сүйлөм менен толукталсын: “Шайлоо бюллетенин алгандыгы үчүн депутат айылдык кеңештин депутаттарынын тизмесине кол коет, ал мурдатан түзүлөт жана аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасынын жана катчысынын мөөрү менен бекемделет.”;
10) 29-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: “Добуш берүүнүн бүтүшү аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы тарабынан жарыяланат. Колдонулбаган шайлоо бюллетендери эсептелет жана добуш берүү үчүн үкөк ачканга чейин аймактык шайлоо комиссиясы тарабынан жок кылынат.”;
11) 31-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: “Добуштарды саноо аймактык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү тарабынан гана ачык-айкын ишке ашырылат жана добуш берүүчү жайда тыныгуусуз жүргүзүлөт.”;
12) 32-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: “Добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколго жокко чыгарылган бюллетендеринин саны жөнүндө жазылат. Добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө Протоколдун негизги маалыматтары добуш берүүчү жайда протоколдун чоңойтулган формасында берилет жана толтурулат.;
13) 33-пунктта “эсептөө комиссиясы” деген сөздөр “аймактык шайлоо комиссиясы” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
14) 34-пункт төмөндөгүдөй мазмундагы сүйлөм менен толукталсын:
Эгерде:
- эки талапкер катталып жана алардын бири да керектүү добуштарды албай калса эң көп добуш алган бир талапкер боюнча экинчи тур өткөрүлөт;
- эки же андан ашык талапкер катталып жана алардын бири да депутаттардын керектүү добушун ала албай калса, эң көп добуш алган эки талапкер боюнча добуш берүүнүн экинчи туру өткөрүлөт;
- эгерде биринчи турда талапкерлердин бири эң көп добуш алса, ал эми андан кийинки талапкерлер аз же бирдей добуш алышса, эң көп добуш алган бир талапкер боюнча добуш берүүнүн экинчи туру өткөрүлөт.
Добуш берүүнүн экинчи туру ушул Жобонун 26-28-пункттарында белгиленген тартипте жүргүзүлөт”
15) 35-пунктта “эсептөө комиссиясы” деген сөздөр “аймактык шайлоо комиссиясы” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
16) 36-пунктта:
- “эсептөө комиссиясы” деген сөздөр “аймактык шайлоо комиссиясы” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- “жана айылдык кеңештин сессиясынын бекитүүсүнө киргизилет” деген сөздөр алып салынсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы сүйлөм менен толукталсын: ”Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча аймактык шайлоо комиссиясы шайлоолордун натыйжаларын аныктайт жана шайлоолордун натыйжалары жөнүндө протокол түзүлөт, ага аймактык шайлоо комиссиясынын катышкан бардык мүчөлөрү АШК мүчөлөрүнүн белгиленген санынын көпчүлүгүнөн кем эмеси кол коет.”;
17) 38-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: “Добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоолордун натыйжалары жөнүндө протоколдор Борбордук шайлоо комисиясына жиберилет (1-нускасы). Экинчи нускасы аймактык шайлоо комиссиясында сакталат. Күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү тиешелүү айылдык кеңешке жана райондун акимине жиберилет, ошондой эле добуш берүүчү жайда катышкандардын бардыгына алардын талабы боюнча берилет.”;
18) 39-40-пункттар алып салынсын
19) 41-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: “Аймактык шайлоо комисиясы шайлоолордун натыйжалары жөнүндө жалпы маалыматты жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялайт. Добуш берүүнүн жыйынтыктарын жана шайлоолордун натыйжаларын аныктоо боюнча аймактык шайлоо комиссиясынын иш аракеттерине даттануу, ошондой эле добуш берүүнүн жыйынтыктарынын жана айыл өкмөт башчыларын шайлоолордун натыйжаларынын өзүнө даттануу “Жергиликтүү кеңештерин ин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Мыйзамда жана шайлоо мыйзамдарында белгиленген тартипте жүргүзүлөт.”.
20) 48-пункттагы “40” деген сан “41” деген санга алмаштырылсын.
2. Бул токтом “Эркин Тоо” газетасына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппарат жетекчиси М.С. Султановго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Т. АБДРАИМОВ
Бишкек ш., 2012-жылдын 23-апрели
№ 61
Кыргыз Республикасынын
Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча
борбордук комиссиясынын
2012-жылдын 23- апрелиндеги
№ 61 токтому менен бекитилген
Айыл өкмөтүнүн башчыларын шайлоонун тартиби жөнүндө
ЖОБО
I. Негизги жоболор
1. Бул Жобо Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынынын ченемдерин ишке ашыруу максатында иштелип чыккан жана айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоону өткөрүү тартибин аныктайт.
«Айыл өкмөт башчыларын шайлоонун тартиби Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдары, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы жана ушул Жобо менен жөндөлөт
2. Айыл өкмөтүнүн башчысы тийиштүү айылдык кеңештердин депутаттары (депутаты) тарабынан анын чакырылыш мөөнөтүнө карата жашыруун добуш берүү аркылуу шайланат.
3. Айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна талапкерди көрсөтүүгө айылдык кеңештин депутаттары (депутаты), ошондой эле райондун мамлекеттик администрациясынын башчысы – аким (мындан ары - аким) укуктуу.
4. Аракетке жөндөмдүү, жогорку билимдүү жана мамлекеттик же муниципиалдык кызматта эки жылдан кем эмес иш тажрыйбасы бар же болбосо мамлекеттик билим берүү, саламаттыкты сактоо мекемелеринде же жеке менчик түрүндөгү чарбакер субьекттерде жетекчи кызматтарда үч жылдан кем эмес иш тажрыйбасы бар Кыргыз Республикасынын жараны айыл өкмөтүнүн башчысы боло алат.
Кылмыш кылгандыгы үчүн соттолгон жана соттолгондугу мыйзамда белгиленген тартипте алынып салынбаган же жоюлбаган Кыргыз Республикасынын жараны айыл өкмөтүнүн башчысы боло албайт.
5. Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук шайлоо комиссиясы (мындан ары – Борбордук шайлоо комиссиясы) тарабынан ал шайланган айыл өкмөтүнүн башчысынын ыйгарым укуктарынын мөөнөтү бүткөн күнгө чейин 25 календардык күндөн кечиктирбестен дайындалат.
Айыл өкмөтүнүн башчысы ээлеген кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошогон учурда Борбордук шайлоо комиссиясы бош орун болгон күндөн тартып бир жумалык мөөнөттөн кечиктирбестен айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоону дайындайт.
6. Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо аймактык шайлоо комиссиясы тарабынан шайлоо дайындалган күндөн тартып 25 календардык күндүн ичинде өткөрүлөт.
Борбордук шайлоо комиссиясынын атайын өкүлдөрү тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларында айыл өкмөт башчысын шайлоону жана өткөрүүнү координациялоону жүргүзүшөт.
Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоону координациялоо жана байкоо жүргүзүү үчүн тийиштүү аймактык шайлоо комиссиясына Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсүн жиберүүгө укуктуу.
7. Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо жергиликтүү кеңештин депутаттары тарабынан жашыруун добуш берүү аркылуу ишке ашырылат. Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо эгерде ага айылдык кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн экисинен кем эмеси катышса болду деп эсептелинет. Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоону өткөрүү жол-жобосу “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине, ушул Жобого ылайык ишке ашырылат.
8. Шайланган айыл өкмөтүнүн башчысына тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясы тарабынан күбөлүк берилет. Күбөлүктүн формасы жана тексти Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан бекитилет.
9. Борбордук шайлоо комиссиясынын 2012-жылдын 23-апрелиндеги № 61 токтому менен алып салынган.
II. Айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна талапкерлерди каттоонун тартиби
10. Айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна талапкерлерди каттоо үчүн айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна талапкерди көрсөткөн айылдык кеңештин депутаттары (депутаты), ошондой эле айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна талапкерди сунуштаган райондун акими шайлоо күнүнө чейин 5 жумуш күнүнөн кечиктирбестен тийиштүү аймактык шайлоо комиссиясына төмөнкү документтерди берүүгө тийиш:
1) айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна талапкерди көрсөтүү жөнүндө чечим;
2) талапкердин көрсөтүлүүгө макулдугу жөнүндө арызы;
3) талапкердин аты -жөнү, туулган күнү, жумуш орду, ээлеген кызматы (аткарган иши) жана жашаган жерин көрсөткөн өмүр баянынын маалыматтары;
4) «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 48-беренесине ылайык, айыл өкмөтүнүн башчысына коюлуучу талаптарды ырастаган тийиштүү документтер.
11. Тийиштүү аймактык шайлоо комиссиясы документтер кабыл алынгандан тартып 3 календардык күндүн ичинде айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна талапкерди көрсөтүү тартибинин «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык келээрин текшерет жана талапкерди каттоо жөнүндө же аны каттоодон баш тартуу жөнүндө жүйөөлүү чечим кабыл алат.
Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясы катталган жана катталбаган талапкерлер жөнүндө Борбордук шайлоо комиссиясына дароо маалымдайт.
12. Эгерде аймактык шайлоо комиссиясы айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна талапкерди каттоого тоскоол болуп саналган талапкердин документтериндеги ылайык келбөөчүлүктү аныктаса, документтер алынгандан кийин 24 сааттын ичинде аймактык шайлоо комиссиясы талапкерди көрсөткөн айылдык кеңештин депутаттарына (депутатына) , ошондой эле айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна талапкерди көрсөткөн райондун акимине аталган ылайык келбөөчүлүк туурасында кабарлоого милдеттүү.
Талапкерди көрсөткөн айылдык кеңештин депуттары (депутаты), ошондой эле айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна талапкерди сунуштаган райондун акими кабарландырууну алган учурдан тартып 48 сааттын ичинде зарыл өзгөртүүлөрдү киргизүүгө жана оңдолгон документтерди тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясына берүүгө укуктуу.
13. Айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна талапкерди каттоодон баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алынган учурда тийиштүү аймактык шайлоо комиссиясы ал кабыл алынган учурдан тартып бир сутканын ичинде талапкерди айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна көрсөткөн айылдык кеңештин депуттарына (депутатына), ошондой эле айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна талапкерди сунуштаган райондун акимине тийиштүү аймактык шайлоо комиссиясынын баш тартуусунун негизи баяндалган чечиминин көчүрмөсүн берүүгө милдеттүү.
14. Айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна талапкерди каттоодон баш тартууга төмөнкүлөр негиз болот:
1) «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган сунуш кылып көрсөтүү тартибин сактабагандык;
2) талапкердин пассивдүү шайлоо укугунун жоктугу;
3) талапкер башка мамлекеттин жарандыгына тиешелүү экендиги;
4) талапкерди айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна көрсөткөн субъектилер тарабынан (айылдык кеңештин депутаты, депутаттары, райондун акими) «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын
53 – беренесинин 1- бөлүгүндө көрсөтүлгөн каттоо үчүн бардык зарыл документтерди бербөө.
15. Талапкерди айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна каттоодон баш тартуу жөнүндө чечимге Борбордук шайлоо комиссиясына же сотко даттанылышы мүмкүн.
16. Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясы бардык талапкерлерди каттагандан кийин 2 календарлык күндүн ичинде айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоону уюштурат.
17. Айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна талапкер каалаган учурда, бирок добуш берүү күнүнө чейин 2 күндөн кечиктирбестен тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясына жазуу жүзүндө арыз берүү менен шайлоого андан ары катышуудан баш тартууга укуктуу. Бул учурда талапкерди айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна каттаган аймактык шайлоо комиссиясы талапкердин каттоосун жокко чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алууга милдеттүү.
18. Талапкерди айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна көрсөткөн айылдыккеңештин депутаты, депутаттары, райондун акими каалаган учурда, бирок добуш берүү күнүнө чейин 2 календарлык күндөн кечиктирбестен, тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясына жазуу жүзүндө арыз берүү менен талапкерди кайра чакырып алууга укуктуу. Мындай учурда тийиштүү талапкерди айыл өкмөтүнүн башчысынын кызматына каттаган аймактык шайлоо комиссиясы талапкерди каттоодон баш тартуу чечимин кабыл алууга милдеттүү.
III. Шайлоону уюштуруу
19. Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоону уюштуруу үчүн добуш берүү күнүнө чейин 2 календардык күндөн кечиктирбестен тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясынын чечими менен курамында аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы жана эки мүчөсү, тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясындагы Борбордук шайлоо комиссиясынын атайын өкүлү жана айылдык кеңештин өкүлү болгон эсептөө комиссиясы түзүлөт.
Эсептөө комиссиясы өз отурумунда курамынан төраганы жана катчыны шайлоо жөнүндө чечим кабыл алат жана тиешелүү протокол түзүлүп, бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясына жана жергиликтүү кеңешке кабарланат.
20. Аймактык шайлоо комиссиясы шайлоо бюллетендеринин текстин бекитет, аларды сактоону камсыз кылат, өз жыйналыштарынын протоколдорун жүргүзүүнү уюштурат, ушул Жобого ылайык башка ыйгарымдарды ишке ашырат.
21. Шайлоо бюллетендери мамлекеттик жана/же расмий тилдерде компьютердик ыкма менен даярдалат. Шайлоо бюллетендери аймактык шайлоо комиссиясынын мөөрү менен күбөлөндүрүлөт жана аймактык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн бекитилген санынан көпчүлүгүнүн колтамгасы болгондо анык деп эсептелинет.
22. Бюллетенге айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна талапкерлер алфавиттик тартипте киргизилет.
23. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарынын аппараттары аймактык шайлоо комиссияларына добуш берүүчү жайды берүү, ал үчүн кабиналарды, үкөктөрдү орнотуу жана шайлоону өткөрүүгө байланыштуу башка маселелерди чечүү аркылуу шайлоону уюштурууга көмөктөшүүгө милдеттүү.
24. Депутаттардын жыйынга келишине жоопкерчиликти тиешелүү айылдык кеңештин төрагасы тартат. Айыл өкмөт башчыларын шайлоолордун алдында айыл өкмөт башчыларын шайлоонун башталышы үчүн кворумдун болушун белгилөөчү аймактык шайлоо комиссиясынын жыйыны болот
25. Добуш берүү жол-жобосун камсыздоо жоопкерчилигин аймактык шайлоо комиссиясы тартат.
IV. Шайлоону өткөрүү жана добуш берүүнүн тартиби
26. Айыл өкмөт башчыларын шайлоо айылдык кеңештин жыйындары үчүн жайда өткөрүлөт
27. Добуш берүүнүн алдында добуш берүү үкөктөрү текшерилет, пломба коюлат жана комиссиянын төрагасы менен катчысынын колтамгасы коюлуп, аймактык шайлоо комиссиясынын мөөрү менен чапталат.
28. Ар бир депутат жеке өзү добуш берет, башка адамдар үчүн добуш берүүгө жол берилбейт. Шайлоо бюллетенин алгандыгы үчүн депутат айылдык кеңештин депутаттарынын тизмесине кол коет, ал мурдатан түзүлөт жана аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасынын жана катчысынын мөөрү менен бекемделет
29. Добуш берүүнүн бүтүшү аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы тарабынан жарыяланат. Колдонулбаган шайлоо бюллетендери эсептелет жана добуш берүү үчүн үкөктү ачканга чейин аймактык шайлоо комиссиясы тарабынан жок кылынат.
30. Добуш берүүчү үкөктү ачууга добуш берүү аяктаганга чейин тыюу салынат
V. Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун жыйынтыктарын чыгаруунун жана жарыялоонун тартиби
31. Добуштарды саноо аймактык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү тарабынан гана ачык-айкын ишке ашырылат жана добуш берүүчү жайда тыныгуусуз жүргүзүлөт.
32. Добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколго жокко чыгарылган бюллетендеринин саны жөнүндө жазылат. Добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколдун негизги маалыматтары добуш берүүчү жайда протоколдун чоңойтулган формасында берилет жана толтурулат.
33. Жараксыз бюллетендер өзүнчө эсептелет жана алар туурасында добуш берүүнүн жыйынтыктарынын протоколуна жазылат. Шайлоочунун эрк билдирүүсүн аныктоо мүмкүн болбогон, тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясынын мөөрү басылбаган, аймактык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн колу коюлбаган же бекитилген формага ылайык келбеген бюллетендер жараксыз болуп саналат.
34. Добуш берүүчү үкөктөгү бюллетендердин негизинде аймактык шайлоо комиссиясы добуш берүүгө катышкан депутаттардын жалпы санын, айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна талапкер үчүн берилген “макул” жана «бардык талапкерлерге каршы» берилген добуштардын санын аныктайт.
Эгерде:
- эки талапкер катталып жана алардын бири да керектүү добуштарды албай калса эң көп добуш алган бир талапкер боюнча экинчи тур өткөрүлөт;
- эки же андан ашык талапкер катталып жана алардын бири да депутаттардын керектүү добушун ала албай калса, эң көп добуш алган эки талапкер боюнча добуш берүүнүн экинчи туру өткөрүлөт;
- эгерде биринчи турда талапкерлердин бири эң көп добуш алса, ал эми андан кийинки талапкерлер аз же бирдей добуш алышса, эң көп добуш алган бир талапкер боюнча добуш берүүнүн экинчи туру өткөрүлөт. Добуш берүүнүн экинчи туру ушул Жобонун 26-28-пункттарында белгиленген тартипте жүргүзүлөт”
35. Добуштарды саноонун натыйжасы боюнча добуш берүүнүн жыйынтыгы чыгарылат жана алар протоколго киргизилет. Протокол аймактык шайлоо комиссиясынын мөөрү менен күбөлөндүрүлөт жана ага аймактык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү кол коет.
36. Протоколго кол коюлгандан кийин аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы дароо айылдык кеңештин дупутаттарына жана катышкан адамдарга добуш берүүнүн
жыйынтыгын жарыя кылат. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча аймактык шайлоо комиссиясы шайлоолордун натыйжаларын аныктайт жана шайлоолордун натыйжалары жөнүндө протокол түзүлөт, ага аймактык шайлоо комиссиясынын катышкан бардык мүчөлөрү АШК мүчөлөрүнүн белгиленген санын көпчүлүгүнөн кем эмеси кол койот
37. Тиешелүү айылдык кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүк добушуна ээ болгон талапкер шайланды деп эсептелинет.
38. Добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоолордун натыйжалары жөнүндө протоколдор Борбордук шайлоо комиссиясына жиберилет (1-нускасы). Экинчи нускасы аймактык шайлоо комиссиясында сакталат. Күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү тиешелүү айылдык кеңешке жана райондун акимине жиберилет, ошондой эле добуш берүүчү жайда катышкандардын бардыгына алардын талабы боюнча берилет.
39. Эгерде:
- эки талапкер катталса жана алардын бирөө да депутаттардын зарыл сандагы добушун ала албаса, көбүрөөк добуш алган бир талапкер боюнча добуш берүүнүн экинчи туру өткөрүлөт;
- экиден ашуун талапкер катталса жана алардын бирөө да депутаттардын зарыл сандагы добушун ала албаса, көбүрөөк добуш алган эки талапкер боюнча добуш берүүнүн экинчи туру өткөрүлөт;
- эгерде биринчи турда талапкерлерди бири көбүрөөк сандагы добуш алса, ал эми кийинки эки талапкер азыраак же бирдей сандагы добуш алышса көбүрөөк сандагы добуш алган бир талапкер боюнча добуш берүүнүн экинчи туру өткөрүлөт.
40. Добуш берүүнүн экинчи туру ушул Жобонун 26-38-пункттарында белгиленген тартипте өткөрүлөт.
41. Аймактык шайлоо комиссиясы шайлоолордун натыйжалары жөнүндө жалпы маалыматты жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялайт. Добуш берүүнүн жыйынтыктарын жана шайлоолордун натыйжаларын аныктоо боюнча аймактык шайлоо комиссиясынын иш аракеттерине даттануу, ошондой эле добуш берүүнүн жыйынтыктарынын жана айыл өкмөт башчыларын шайлоолордун натыйжаларынын өзүнө даттануу “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Мыйзамда жана шайлоо мыйзамдарында белгиленген тартипте жүргүзүлөт.
VI. Айыл өкмөтүнүн башчысын кайрадан шайлоо
42. Эгерде:
- айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна бир талапкер катталып, ал депутаттардын зарыл сандагы добушун ала албаса айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоо өткөрүлөт;
- эгерде биринчи турда айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна эки талапкер тең депутаттардын бирдей сандагы добушун алса, айыл өкмөтүнүн башчысына кайра шайлоо өткөрүлөт;
- эгерде биринчи турда бардык талапкерлер бирдей сандагы добуш алса кайра шайлоо өткөрүлөт.
43. Эгерде “Бардык талапкерлерге каршы” позициясы үчүн талапкерлерге караганда депутаттар көп добуш беришсе кайра шайлоо өткөрүлөт.
44. Эгерде добуш берүү күнүнө карата бир да талапкер катталбаса же болбосо катталган талапкерлер шайлоого катышуудан баш тартса кайра шайлоо өткөрүлөт.
45. Борбордук шайлоо комиссиясы айыл өкмөтүнүн башчысы шайланбай калган күндөн тартып үч календардык күндүн ичинде кайра шайлоону дайындайт.
46. Жаңы талапкерлерди көрсөтүү менен кайра шайлоо аймактык шайлоо комиссиясында кайра шайлоо дайындалган күндөн тартып он беш календардык күндөн кечиктирбестен өткөрүлөт.
47. Эгерде шайлоо кворум жоктугунан болбой калса, Борбордук шайлоо комиссиясы үч календардык күндүн ичинде кайра шайлоону дайындайт. Мындай учурда кайра шайлоо мурда катталган талапкерлер боюнча өткөрүлөт.
48. Айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоо ушул Жобонун 10-41-пункттарында белгиленген тартипте өткөрүлөт.
VII. Айыл өкмөтүнүн башчысынын шайланбай калуусунун кесепеттери
49. Тиешелүү айылдык кеңештин депутаттары тарабынан айыл өкмөтүнүн башчысы белгиленген мөөнөттө шайланбай калган учурда, Борбордук шайлоо комиссиясынын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Президенти жергиликтүү кеңешти таратат жана тиешелүү жергиликтүү кеңешке мөөнөтүнөн мурда шайлоону дайындайт.
50. Райондун акими өзүнүн буйругу менен жаңы айыл өкмөтүнүн башчысы шайланганга чейин айыл өкмөтүнүн башчысынын милдетин аткаруучуну дайындай алат.