2014-жылдын 28-апрелинде Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2014-жылдын 13-мартындагы № 57 токтому менен дайындалган Баткен облусундагы Лейлек районунун Ак-Суу, Ош облусундагы Араван районунун Керме-Тоо, Чүй облусундагы Кемин районунун Алмалуу, Нарын облусундагы Ак-Талаа районунун Жаңы-Талап, Ак-Тал айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо өткөрүлдү.
Лейлек, Араван, Кемин, Ак-Талаа аймактык шайлоо комиссияларынан келип түшкөн жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын башчыларын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорунун негизинде, «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесиндеги 1-бөлүктүн 2-, 24-пункттарына, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.2014-жылдын 28-апрелинде болуп өткөн Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын башчыларын шайлоо өттү деп табылсын (1-тиркеме).
2.Шайлоонун натыйжалары жана добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларынын протоколдору бекитилсин.
3. Төмөнкү талапкерлер Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын шайланган башчылары деп эсептелсин (2-тиркеме).
4. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын шайланган айыл өкмөт башчыларына белгиленген үлгүдөгү күбөлүк берилсин.
5. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппарат жетекчиси Б. Т. Бейшенкуловго жүктөлсүн.
ТӨРАГА Т. АБДРАИМОВ
Бишкек ш., 2014-жылдын 16-майы
№ 71
Кыргыз Республикасынын
Шайлоо жана референдум өткөрүү
боюнча борбордук комиссиясынын
2014-жылдын 16-майындагы
№ 71 токтомунун 1-тиркемеси
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын тизмеси
|
№ |
Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын аталышы |
Шайлоо өткөрүлгөн күнү |
|
|
Баткен облусу Лейлек району |
|||
|
Ак-Суу |
28.04.2014 |
||
|
Ош облусу Араван району |
|||
|
Керме-Тоо |
28.04.2014 |
||
|
Чүй облусу Кемин району |
|||
|
Алмалуу |
28.04.2014 |
||
|
Нарын облусу Ак-Талаа району |
|||
|
Жаңы-Талап |
28.04.2014 |
||
|
Ак-Тал |
28.04.2014 |
||
Кыргыз Республикасынын
Шайлоо жана референдум өткөрүү
боюнча борбордук комиссиясынын
2014-жылдын 16-майындагы
№ 71 токтомунун 2-тиркемеси
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын шайланган башчыларынын тизмеси
|
№ |
Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын аталышы |
Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын шайланган башчысынын ФАЖ
|
Шайлоо өткөрүлгөн күнү |
||
|
Баткен облусу Лейлек району |
|||||
|
1. |
Ак-Суу |
Халмуратов Алымбек Турдыбаевич |
28.04.2014 |
||
|
Ош облусу Араван району |
|||||
|
2. |
Керме-Тоо |
Гулжигитов Суюнбай Турдиевич |
28.04.2014 |
||
|
Чүй облусу Кемин району |
|||||
|
3. |
Алмалуу |
Абдинасиров Данияр Адылбекович |
28.04.2014 |
||
|
Нарын облусу Ак-Талаа району |
|||||
|
4. |
Жаңы-Талап |
Жусупжанов Улукбек Оболбекович |
28.04.2014 |
||
|
5. |
Ак-Тал |
Аалыбаев Рахат Алманбетович |
28.04.2014 |
||