№ 80 Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун айрым аткаруу органдарынын башчыларын шайлоону дайындоо жөнүндө

Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы – акиминин 2016-жылдын 14-мартындагы     № 01-13/50 буйругу менен Шайдан айыл өкмөтүнүн башчысы А.А.Ирисалиев, Нарын облусунун Нарын районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы – акиминин 2016-жылдын 1-апрелиндеги      № 56 буйругу менен Орток айыл өкмөтүнүн башчысы М.М.Турдалиев, берген арыздарынын негизинде, ээлеген кызматтарынан бошотулган.

“Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6,7 – беренелерине, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын      2011-жылдын 27-декабрындагы № 423 токтому менен бекитилген “Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун тартиби жөнүндө” жобосуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 1. Жалал-Абад облусунун  Ноокен районунун Шайдан жана Нарын облусунун Нарын районунун Орток айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо 2016-жылдын 2 - майына дайындалсын жана саат 9-00дөн 12-00гө чейин өткөрүлсүн.

2. Ноокен жана Нарын аймактык шайлоо комиссиялары шайлоону мыйзамдарда белгиленген тартипте өткөрүүнү уюштурсун.

3. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппарат жетекчисинин орун басары А.Р. Джолбуновго жүктөлсүн.

 

                ТӨРАГАНЫН

                ОРУН БАСАРЫ                                  А. ШАЙЫМКУЛОВА      

 

Бишкек ш., 2016-жылдын 13- апрели

№ 80