13.06.2021 № 429 2021-жылы 8-июнундаөткөрүлгөн Нарын облусунунЖумгалрайонунунБайзакайыл өкмөтүнүнбашчысыншайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгыжана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө

 

2021-жылы 8-июнундаКыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын20-майындагы №246токтому менен дайындалган Нарын облусунунЖумгал районунун Байзакайыл өкмөтүнүнбашчысыншайлоо болуп өттү.

Байзакайыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 3 талапкер – Качкынбаев Кайрат Кедейбекович,Кучмуратов Таалайбек Исмаилович,Сагынбеков Байыш Сагынбекович, катталган. ТалапкерлерБайзакайылдык кеңештин депутаттарынан сунушталган.

Жумгал аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2021-жылдын 8-июнундагы протоколу менен Байзакайылдык кеңешиндеги баардык 21 депутаты катышып,1-турда: К.К. Качкынбаев-5 добуш,Т.И. Кучмуратов – 7 добуш,Б.С. Сагынбеков – 9 добуш, «бардык талапкерлерге каршы» позициясына – 0; 2-турда: Кучмуратов – 10 добуш, Б.С. Сагынбеков – 11 добуш, «бардык талапкерлерге каршы» позициясына – 0 добуш берилгендиги белгиленген.

Жумгал аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2021-жылдын 8-июнундагы протоколу менен Сагынбеков Байыш СагынбековичБайзакайыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган.

Нарын облусунун Жумгал районунун Байзакайыл өкмөтүнүнбашчысыншайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгына жана шайлоонун натыйжаларына арыз, даттануулар түшкөн жок.

2021-жылдын 8-июнундагыЖумгал аймактык шайлоо комиссиясынын Байзакайыл өкмөтүнүнбашчысыншайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгыжана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорунун негизинде, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө»Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерине, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруужөнүндө»Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын49-беренесинеылайык,

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүүбоюнчаборбордуккомиссиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. 2021-жылы 8-июнундаөткөрүлгөн Нарын облусунун Жумгал районунунБайзакайыл өкмөтүнүнбашчысыншайлоодо добуш берүүнүнжыйынтыгыжана шайлоонуннатыйжалары тууралуу Жумгал аймактык шайлоо комиссиясынын2021-жылдын8-июнундагы протоколдорубекитилсин.

1.1. Нарын облусунун Жумгал районунунБайзакайыл өкмөтүнүнбашчысыншайлоо өттү деп табылсын.

1.2. Сагынбеков Байыш СагынбековичНарын облусунун Жумгал районунун Байзакайыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылсын.

2. Жумгал аймактык шайлоо комиссиясы шайланганБайзакайыл өкмөтүнүнбашчысына белгиленген үлгүдөгү күбөлүктү тапшырсын.

3. Бул токтом «Эркин-Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Г. Бекматовго жүктөлсүн.

 

 

ТӨРАГА                                                           Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

 

Бишкек ш., 2021-жылдын 13-июну

№ 429