«Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1- бөлүгүнүн 2-пунктун жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2011-жылдын 9-августундагы №188 Жарлыгы менен дайындалган Кыргыз Республикасынын Баткен, Жалал-Абад, Нарын, Ысык-Көл, Чүй облустарынын жана Ош шаарынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоого даярдыкты уюштуруу максатында, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук шайлоо комиссиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча негизги иш-чаралардын Календарлык планы бекитилсин (тиркелет).
2. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча негизги иш-чаралардын Календарлык планы 400 (төрт жүз) нускада китепче болуп чыгарылсын.
3. Ушул токтом «Эркин Тоо» газетасына жарыялансын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Т.Шайымкуловага жүктөлсүн
Төрага Т.Абдраимов
Бишкек ш., 2011 жылдын 17 августу
№ 153