№275 Ош облусунун Ноокат районунун Ынтымак айыл аймагынын Ничке-Суу айылынын аймагында жаңы шайлоо участканы түзүү жөнүндө

Шайлоочулар үчүн максималдуу ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында жаңы шайлоо участкасын түзүү боюнча Ноокат аймактык шайлоо комиссиясынын берген сунушунун негизинде, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13-беренесин, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 20-беренелерин, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын  2017-жылдын 27-июнундагы №177 токтому менен бекитилген “Шайлоо участкаларынын чек араларын башкаруу жөнүндө” Нускаманы жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ош облусунун Ноокат районунун Ынтымак айыл аймагынын Ничке-Суу айылынын аймагында жаңы №5567 шайлоо участкасы түзүлсүн.

2. Ноокат аймактык шайлоо комиссиясы жаңы түзүлгөн шайлоо участкасына участкалык шайлоо комиссиясынын курамын жана резервин мыйзамга ылайык түзсүн.

3. Бул токтом “Эркин Тоо” газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Г. Бекматовго жүктөлсүн.

ТӨРАГА                                                             Н. ШАЙЛДАБЕКОВА

Бишкек ш., 2017-жылдын 25-июлу
 № 275