КР шайлоо жөнүндө Кодекстин 87-беренесин жетекчиликке алып жана “Жергиликтүү кеңештин дептутатынын статусу жөнүндө” КР Мыйзамынын 5-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык, КР жараны Г.Д.Вулянчиндин Чүй облустук шайлоо комиссиясынын 2010-жылдын 11-августундагы №24 чечимин жокко чыгаруу тууралуу берген арызына ылайык жана шайлоо мыйзамдарынын ченемдерин сактоону камсыз кылууну көздөп Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
- Кыргыз Республикасынын жараны Г.Д.Вулянчиндин Чүй облустук шайлоо комиссиясынын 2010-жылдын 11-августундагы “Чүй облусунун Ысык-Ата районунун жергиликтүү кеңешинин депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө” №24 чечимин жокко чыгаруу жөнүндө арызы канааттандырылбасын.
- Ушул токтом ММК жарыялансын
- Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын мүчөсү Н.Т.Шериповго жүктөлсүн.
Төрага А.Сариев
Бишкек ш., 2011-жылдын 30-марты
№18