№158 2018-жылдын 8-августунда өткөрүлгөн Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарынын мэрин шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2018-жылдын 23-июлундагы № 150 токтому менен 2018-жылдын 8-августуна дайындалган Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарынын мэрин шайлоо болуп өттү. 
Бишкек аймактык шайлоо комиссиянын добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорунун негизинде, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7-беренелерине, “Борбордун статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 23-беренесине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2013-жылдын 26-декабрындагы №191 токтому менен бекитилген “Бишкек, Ош шаарларынын мэрлерин шайлоо жөнүндө” жобого ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын Бишкек шаарынын мэрин шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдору бекитилсин. 
1.1. Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарынын мэрин шайлоо өттү деп табылсын.
1.2. Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарынын шайланган мэри болуп  Суракматов Азиз Эмильбекович табылсын.
2. Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы шайланган мэрине белгиленген үлгүдөгү күбөлүктү тапшырсын.
3. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Эшимовго жүктөлсүн.

ТӨРАГА                                                              Н. ШАЙЛДАБЕКОВА
Бишкек ш., 2018-жылдын 13 - августу
№ 158